Биз социалдык тармакта

КОШ БОЙЛУУ АЯЛ ТАТТУУНУ КӨП ЖЕСЕ БАЛАСЫ ДИАБЕТИК БОЛУП КАЛАБЫ?

Кош бойлуу аял “талгак болдум” деп же көнгөн адаты боюнча ачуу, таттуу, кычкыл, туздуу азыктарга басым жасап, аларды көп жей берсе, бул өзүнө жана ичтеги баласына кандай таасир этет? Анткени кош бойлуу кезде аял организминде өзгөрүүлөр жүрөт. Бул жаатта гинеколог Бактыгүл Абдраманова маалымат берди.

 

ТАТТУУДАН БАЛАНЫН САЛМАГЫ ЧОҢОЮП КЕТЕТ

Эмне үчүн таттууга тартат? Бул аялдын организминдеги эстроген, прогестерон гормондорунун бирде көтөрүлүп, бирде азайып, туруктуу болбой жатканынан, энергиянын аздыгынан, чарчоодон улам болот. 

Балага зыяны барбы?

Кош бойлуу аял таттууну көп жей берсе канында канттын курамы көтөрүлөт. Курсактагы бала апасынын канындагы азыктар менен азыктана тургандыктан  кант түйүлдүктүн уйку безин инсулинди ашыкча бөлүп чыгарууга түртөт. Мындан улам түйүлдүктүн салмагы чоңоюп, төрөө кыйын болот. Кийин андай балдарда семиздик, астма, диабетке жана аллергияга кабылуу коркунучу чоң болот. Ал тургай төрөлгөндөн кийин канындагы канттын курамы кескин түшүп кетип, жабыр тартат. Бул эле эмес, иммунитети ичтен эле начарлайт, төрөлгөн соң инфекцияларга кабыла баштайт. Нерв системинин өсүшүнө терс таасир этет.

Аялдын өзүнө кандай таасир этет?

Аялда да кант диабетинин жаралуу коркунучун жогорулатат. Мындай абал прэклампсияны жаратат. Прэклампсия ¬– бул кош бойлуулуктун 2-жарымында (адатта 20 аптадан кийин) артериалдык кан басымдын кескин жогорулап, заарасында белоктун көбөйүшү. Эненин жана баланын да өмүрүнө коркунуч туулат. Айтылгандардан тышкары, аялдын башы ооруйт, көзү караңгылайт, көңүлү айланат, ичинин жогору жагы ооруйт, бети, колу шишийт. Мындай абалда дарыланбаса калтырап-титирөө күтүлөт. Канында канттын деңгээли абдан көтөрүлгөндөрдүн кээси комага түшүп калуусу мүмкүн. Дарылоодо кан басымды түшүрүп, калыптандыруучу, калтырап-титирөөнү жок кылуучу каражаттар колдонулат. 

Эмне кылыш керек?

Врачтар таттууну болушунча аз колдонууну сунушташат. Мисалы кант кошулган булочка, печенье, таттуу газдалган суусундук, конфет жана башкалардын жалпы салмагы 1 күндө 40-50 граммдан ашпашы керек. Кош бойлуулуктун 24-28 апталарында УЗИ скрининге түшүп, глюкозанын өлчөмүн билүү үчүн анализдерди тапшыруу кажет. Пайдасыз татуулардын ордун пайдалуу таттуулар менен алмаштыруу кажет. Мисалы, өрүк как, өрүк, алма, алмурут, шабдалы,  йогурт, кара шоколад. Жемиштерде фруктоза менен клетчатка бар. Кара шоколадда кант аз.

 

АЧУУНУ КӨП КОЛДОНУУ ЗАРНАНЫ ЖАРАТАТ

Эмнеге ачууга тартат?

Бул гормондордун өзгөрүшүнөн, цинктин жетишпестигинен жана ашказанда туз кычкылынын аз бөлүнүп чыгышынан болот. 

Балага зыяны барбы?

Ачууну, мисалы, ачуу татымалдарды чектен ашпай колдонуу ичтеги балага анчалык терс таасир тийгизбейт. Бирок көп жей бергенде ачуу жатында тонусту пайда кылып, бойдон козголууну жаратат же түйүлдүк бойдон түшүп калуусу мүмкүн.

Аялдын өзүнө кандай таасир этет?

Ачууну жегенден кийин көп суу ичүү керектелет. Мунун айынан аялдын колу-буту шишип баштайт. Диафрагмасында (көкүрөк жана курсак көңдөйүн бөлүп турган булчуң) басым көтөрүлөт.  Басымдан зарна пайда болот, ашказан салмактанат. Ичегилер да кандайдыр бир деңгээлде жабыркайт.

Эмне кылуу керек?

Ачууну аз колдонуу кажет. Эмнелерди аздан жегенге болот? Пияз, сарымсак, соус, мурч, калемпир, карри.

Ал эми ашказан-ичеги оорусу барлар  жебей койгондору жакшы. Анткени оорусун козгоп, аялдын абалын оордотот.

ТУЗДУУ ТАМАК-АШ КАН БАСЫМДЫ ЖОГОРУЛАТАТ

Эмнеге туздууга тартат?

Аялдын организминде натрийдин жетишпестиги, прогестерондун өлчөмүнүн көбөйүшү. Талгактык абалды жеңилдетет. 

Балага зыяны барбы?

Туздуу азыктарды ашыкча колдонуу түйүлдүктүн калыптагыдай өсүшүнө терс таасир этет, жүрөгүнүн иштеши начарлайт. Эмнеге экенин түшүндүрүп беребиз.

Аялдын өзүнө кандай таасир этет?

Туздуу азыктар суусатат. Туз организмде сууну кармап кала баштайт, ошондуктан аял шишийт, кан басымы жогорулайт, бөйрөгү жабыркайт. Булардын баары түйүлдүккө жогоруда айтылгандай таасир этет. Кош бойлуу аялдын бөйрөктөрү 2 адам үчүн иштеп жаткан болот, ашыкча суу бөйрөктөрүнө ого бетер күч келтирет. 

Эмне кылуу керек?

Курамында тузу көп азыктарды, мисалы, чипсы, колбаса, соус, туздалган жана ышталган балыктарды жана башкаларды өтө аз колдонуу сунушталат. Тузу ачуураак тамакты ичпөө кажет. Тузу аз туздалган бадыраң, ачытылган капуста, аз туздалган сыр жесе болот. Куску келген учурда крекер жегенге уруксат.


КЫЧКЫЛ АЗЫКТАРДАН ИЧ КӨБӨТ, ТИШ БУЗУЛАТ

Эмнеге кычкылга тартат?

Аялдын организминдеги гормоналдык өзгөрүүлөрдөн, ашказан кычкылынын аз иштелип чыгышынан болот. 

Балага зыяны барбы?

Мындай азыктарды көп колдонуу да ичтеги түйүлдүккө зыянын тийгизбейт. 

Аялдын өзүнө кандай таасир этет?

Кычкыл азыктарды көп жегенде ашказанда туз кычкылы көбүрөөк бөлүнүп чыгып баштайт. Бул ашказандын капталдарын дүүлүктүрөт, ич көбөт, ич ооруйт. Гастрит, ашказан оорулары барлардын оорусу кармайт, курчуйт. Тиштердин эмалдары бузула баштайт. Анткени аялдын организми өзүндөгү кальцийди түйүлдүк менен бөлүшөт. Туз кычкылы көбөйгөндө эмалдын коргоочу катмарын бузат. Айрым кош бойлууларда аллергияны жаратат.

Эмне кылуу керек?

Кычкыл жегиңиз келсе, лимон, маринаддарды көп колдонуунун ордуна зыян эмес, пайда келтирүүчү кычкыл жемиштерди, мисалы, киви, анар, алма, жана майлуу эмес айранга басым жасаңыз.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1231, 24-30-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан