Биз социалдык тармакта

Камила Карабаева: “АКШнын КООЗ ЖАНА КЫМБАТ ШТАТЫ – ГАВАЙИДЕ ЖАШАП ЖАТАМ” 

Мекендешибиз Камила Карабаева учурда АКШда жашап, иштейт. Маекте ал көптөр кыялданган Америкадагы жашоо, мыйзамдар, мигранттарга жасалган мамиле жана башка кызыктар тууралуу кеп салып, келечек пландарын да айтты. Маекке назар салыңыз, окурман. 

 

“АКШга Мексика аркылуу келгенбиз”

- Мен Ош шаарында төрөлүп-өскөм. Турмуш-шартка байланыштуу ар кандай иштерде иштедим. 2006-жылы балам экөөбүз Орусияга барып, ал жакта 14 жыл иштедик. Жашообуздагы эң чоң бурулуш – 2020-жылы Америкага алган сапарыбыз болду. АКШга биз Мексика аркылуу өттүк. Чек арадан өткөндө ар бир жаранга кепилдилдик берүүчү бир адам болот экен, ошол адам жашаган штатка гана барууга уруксат берилет. Ошентип багытыбыз Чикаго болду. Чемодандарыбызды ысыгы мээ кайнаткан Мексикада калтырганбыз. Колубузда бирден рюкзак. Таң эрте Чикагого кондук. Аэропорттон сыртка чыксак эле аппак кар, муздак шамал... Биздин үстүбүздө болсо жука көйнөк, бутубузда жайкы бут кийим. Мексикадан чыгып жатып Чикагонун аба ырайын эске албаптырбыз.

АКШга бара электе интернеттеги жарыя аркылуу ал жакта жашаган бурят келин менен таанышып, ал менен ижарага бөлмө алууну сүйлөшүп койгон элек. Анын үй тазалап иштээрин билип, мени өзүнө кошуп жумушка алуусун сурангам.

Балам такси чакырды, айдоочусу кыргыз жигит экен. Жол бою жылуу сүйлөп, көңүлүбүздү көтөрдү. Акча алган жок. Чоочун өлкөдө ошол жылуу сөздөр бизге дем болду.

 

“Биринчи күнкү акыма 160 доллар алдым”

- Бурят келин сөзүнө туруп, эртеси мени жумушка ээрчитип чыкты. Бизге жумуш тапкан украиналык айым кышта жука кийимчен жүргөн мени көрүп таң калып сураганда башка кийимим жок экенин айттым. Мени аяп кетти көрүнөт, “бир жума бою тапкан акчаңды күн сайын берип турайын. Кышкы кийим алып ал” деди. Кечки убак колума 160 доллар беришти. Ал акчаны дароо эле кыргыз сомуна айландырып эсептеп көрүп, таң калдым. Бул мен үчүн жөн гана акча эмес, эмгек бааланган өлкөдө жаңы жашоонун алгачкы үмүтү эле. Ошол күнү мен Америкада жеңил акча жок экендигин, бирок ак эмгек сөзсүз өз баасын табарын түшүндүм. Жумушумду бат өздөштүрдүм. Эмгегимди баалашып, ишим жакшы жүрүшүп кетти.

Уулум англис тилин жакшыраак билгендиктен, көп өтпөй кафеге жумушка орношту. Ишибиздин жыйынтыгы көп күттүргөн жок. 3 ай дегенде уулум автоунаа сатып алды. Ал эми 4 айдан кийин экөөбүз өзүбүзчө батирге чыгып кеттик.

 

“Убакытты абдан баалашат”

- Американын мыйзамдары, талаптары катуу болгондуктан, убакытты текке кетирбей бардык документтерибизди даярдап, тиешелүү мекемелерге тапшырдык. Иштерибиз так, мыйзамдуу болгондуктан, кыска убакытта Америка Кошмо Штаттарында мыйзамдуу жашоого жана эмгектенүүгө уруксат берген керектүү документтерди колубузга алдык.

Америкада ар бир адамдын жеке жашоосун, укугун жана убактысын абдан сыйлашары мени таң калтырды. Эгер жолугушуу саат 10:00гө белгиленсе, 10:00дө башталат. Бирөөнүн убактысын текке кетирүү алар үчүн сыйлабастык катары кабыл алынат.

Үй тазалаган адамды да, курулушта иштегенди да, дарыгерди да эмгегине жараша баалашат. Эч бир адал эмгек уят деп эсептелбейт.

 

“Гавайи – Американын эң кымбат штаты”

- Акыркы жылдардагы эмгегибиздин үзүрүн көрүп, биз АКШнын эң кооз штаттарынын бири болгон Гавайиде жашап калдык. Бул штат Тынч океандын ортосунда жайгашкандыктан, жашоо шарты да, текшерүү жана тартип да абдан катуу. Ошондуктан кыргыздар аз. Арал болгондуктан, Кыргызстанга буюм-тайымдарды жөнөтүү абдан кымбатка түшөт. Ошондуктан акча эле салып жиберүү оң.

Мен өзүмө 3 дөңгөлөктүү велосипед сатып алып, аны күнүмдүк иштерим үчүн колдонуп жүрдүм. Кээде аны тамаша иретинде “менин эшегим2 деп эркелетип койчумун. Себеби ал мага чыныгы жардамчыдай болуп, оор жүктү көтөрүп жүргөндөй сезилчү.

Гавайи – Американын кооз гана эмес, эң кымбат штаттарынын бири. Бир бөлмөлүү батирге айына 2500 доллар төлөйбүз. Коммуналдык кызматтарга 250,  интернетке 70, унаа токтотуучу жайга 50 доллар төлөө керек болот. Буга автоунаанын жана медициналык камсыздандыруу жана башка төлөмдөр кошулганда, ай сайын чыгымдарыбыз 5000 доллардан ашып кетет.

Тамак-аш да арзан эмес. Азык-түлүктүн көпчүлүгү кеме же учак аркылуу сырттан ташылып келет. Балам экөөбүз үчүн 1 айлык азык-түлүккө 2000 долларга жакын каражат кетет. Башында мындай суммаларды уккан адамга ишенүү кыйын болушу мүмкүн. Бирок Гавайиде жашап көргөн адам бул катардагы чыгым экенин жакшы билет.

Гавайидеги кыргыздар майрамдарда, эс алуу күндөрү жолугушуп турушат. Үй-бүлөлөрү менен океандын жээгине барып, аралдын кооз жерлерин кыдырып эс алышат. Ал жакта жергиликтүү элге турмушка чыккан кыргыз кыздарыбызды да жолуктурдук.

Гавайиде кыш дээрлик болбойт. Аралдын экосистемин коргоо үчүн көзөмөл   күчтүү. Сырттан урук, айрым өсүмдүктөрдү же жаныбарларды уруксатсыз алып кирүүгө жана алып чыгууга катуу чектөөлөр бар. Гавайи – дүйнөдөгү жыланы жок саналуу аймактардын бири катары белгилүү. 

 

“Мигранттарга болгон мамиле, мыйзам...”

- Америкада мигранттарга болгон мамиле бир тараптуу эмес. Көп нерсе адамдын өзүнө жана анын жүрүм-турумуна байланыштуу экенин байкадым.

Жалпы алганда, Америка коомунда “сен кайсы өлкөдөн келдиң?” деген суроо эмес, “сен кандай адамсың?” деген суроо маанилүү. Эгер адам мыйзамды сактап, эмгек кылып, жоопкерчиликтүү болсо ага мүмкүнчүлүк берилет, урмат көрсөтүлөт жана коомго аралашып кетүүсү жеңилирээк болот. Бирок башында мигрант үчүн кыйынчылыктар болбой койбойт. Тил билбөө, маданий айырмачылыктар жана баштапкы адаптация мезгили адамды бир топ сынайт. Ошого карабастан, эмгекчил жана тырышчаак адамдар бат эле өз ордун таба алышат. Жыйынтыгында айта турган болсом, АКШда мигранттарга болгон мамиле бул – мүмкүнчүлүк, сыноо. 

 

Ижара акысы, медицина кымбат

- Баалар тууралуу айтсам, бардык нерсе кымбат деп айтууга болбойт. Кээ бир азык-түлүк, кийим-кече же тиричилик буюмдары Кыргызстанга салыштырмалуу арзан болушу мүмкүн. Бирок үйдүн ижарасы, медицина жана айрым кызматтар абдан кымбат. Америка мага эң чоң үч сабакты үйрөттү: мыйзамды сыйлоо, убакытты баалоо жана билимге инвестиция салуу. Бул үч нерсе адамдын жашоосун акырындык менен өзгөртүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат экен.

 

“Кайрымдуулук кылабыз”

- Америкада адамдар колдонбой калган, өздөрү эски же ашыкча деп эсептеген буюмдарын көчөгө чыгарып коюшат. Эмерек, велосипед, телевизор, идиш-аяк, балдардын оюнчугу... Көпчүлүгү жаңы эле болот. Аларды көрүп жүрүп менде буларды сатып, анын акчасын Кыргызстандагы оорукчан, же жетим балдарга жана жалгыз бой энелерге жардам катары жөнөтсөм кандай болот деген ой жаралды. Алгач үйгө алып келген буюмдарды көргөндө уулум түшүнбөй, “апа, сизге эмне жетишпейт?” деп сурады. Мен буюмдарды тазалап, сатып, түшкөн каражатты муктаждарга жөнөтөрүмдү айттым. Убакыт өтүп, уулум да бул иштин маанисин түшүнө баштады. Экөөбүз тең тапкан акчабыздан да кайрымдуулукка жумшап келүүдөбүз. 

 

“Ээсиз кампалар сатылат”

- АКШда ээси жок калган кампалар аукцион аркылуу сатылган учурлар болот. Анын ичинде эмне бар экенин билбей туруп тобокелдикке салып сатып алышат. Жолуң болсо абдан аз акчага бир адамдын өмүр бою чогулткан байлыгын сатып алышың мүмкүн. Мисалы, ичинен бренд кийимдер, зер буюмдар, сүрөттөр, сейрек кездешкен коллекциялар, мотоцикл же  автоунаа чыгып калышы ыктымал. Кээде болсо ичинен чыккан буюмдарды сатканда аукциондо сен төлөгөн акчаны актабай да калат. 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1231, 24-30-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан