Биз социалдык тармакта

Жайкы ысыктан куткарган КОНДИЦИОНЕР

Жайдын ысык аптабында, айрыкча шаарда жашагандар үйдө кондиционер колдонууга муктаж. Кондиционердин заманбап түрлөрү, аны туура колдонуу тууралуу кондицонер орнотуу, оңдоо, сатуу жаатында адис Эдил Токтомбаев айтып берет.

 

Кызыктуу

• Кондиционер – англис сөзү. “Аir” — аба жана “condition” — абалы дегенди билдирет. Башкача айтканда,  “бөлмөнүн ичиндеги абаны керектүү температурада кармап туруу” дегенди билдирет.   

• Алгач кондиционер бөлмөнүн ичин муздатуу үчүн эмес, типографиядагы нымдуулукту азайтуу максатында 1902-жылы АКШда ойлоп табылган.

• Массалык түрдө 1931-жылы чыгарыла баштаган.

• 1950-60-жылдарга чейин бул буюм АКШда көп чыгарылса, андан кийин япониялыктар үстөмдүктү колго алышкан.

“Бөлмө температурасын өзү көмөмөлдөй турганы бар”

- Инвертордуу кондиционер деген - бул климаттык систем. Фреону алмашылбайт. Компрессор өзүнүн кубаттуулугун акырындык менен жөнгө салат. Жөнөкөй моделдегилер максималдуу кубаттуулукта иштейт, бөлмөнү муздатат жана толук өчүп калат. Бөлмө ысып баштаганда кайрадан иштөөгө өтөт. Инвертордуу түрү абаны батыраак муздатат, анан кубаттуулугун өзү минимумга түшүрүп, климатты үзгүлтүксүз бир калыпта кармап турат. Башкача айтканда, бөлмө ичи муздап кеткенде температураны төмөн түшүрүп жайыраак иштеп баштайт. Бөлмөнүн ичи ысып баштаганда акырындап катуулап иштеп, бөлмөнү муздатууга өтөт. Айтор, температураны өзү көзөмөлдөп турат.

Кондиционердин 1 аптада бир капкагынын ичиндеги тор сеткасын чыгарып жууп, кургатып, кайра ордуна коюп туруу керек. Анткени анда чаң туруп калат. Жуубаса ал чаңдар абага аралаша берет да оору чакырат. Кондиционердин өзүн 1 жылда бир профилактикалыык кароодон өткөрүп, толук жууп-тазалоо зарыл. Жаңылары эски үлгүдөгүлөргө караганда токту 20-30 пайыз аз сорот. Иштегенде үнү акырын чыгат.

“Өзүн-өзү тазалай алат”

- Айрым компаниялар чыгарган кондиционерлерде Self Clean режими болот. Муну өзүнүн ички блогундагы ным, чаң, бактерияларды автоматтык түрдө тазалап турат деп түшүнүү керек. Тактап айтканда, кондиционер өзүн-өзү тазалайт. Бул кантип ишке ашат?

Аталган режимди басканда кондицонер кубаттуулугун төмөн түшүрөт, муздайт. Жылуулук алмаштыргыч түзүлүштө чаңды жуучу конденсат (суу) пайда болот. Анан жылуулук алмаштыргыч түзүлүш кескин муздайт. Пайда болгон муз жетүүгө кыйын болгон жерлердеги кирлерди түртөт.   

Анан муз эритилет, суу кирлерди алып чыгат. Мындан кийин кондиционердеги вентилятор аз кубаттуулукта иштеп, деталдардын ичин кургатат. Бул ичинин көгөрүп кетишинин алдын алат. Ошентип өзүн тазалоо менен аллергиянын чакыруучу бактерия, козу карын сымалдар, вирустарды жок кылат. Үйүндө аллергик, асматиктер барлар үчүн эң жакшы нерсе. Тазалатуу үчүн адис чакырып убара болбойсуз.

Аталган функцияны моделине карап аптасына 1 ирет же сезон бүткөндө иштетүүгө болот. Адатта, процесс 20-40 мүнөттөй убакытты алат.

“Эң арзан мобилдик түрү”

- Бул түрүнүн эң кичинеси 15-25 чарчы метр бөлмөнү муздата алат. Каалааган бөлмөгө сүйрөп барып иштете бересиз. Арт жагында металл сеткасы баар. Ошону апта сайын чыгарып жууп, кургатып салып туруу керек. Артындагы гофрасы терезеден сыртка чыгарылат. Андан суу тамчылып тургандыктан алдына атайын идиш коюш керек. 1 суткада 5 литрдей суу чыгат. Фреон менен иштейт. Чоң кемчилиги – иштегенде добушунун катуу чыкканы.

Туура колдонуңуз!

• Кондиционерди оптималдуу температурага коюш керек. Анын температурасы 23-25 градустан ылдый түшпөгөнү жакшы. Үйдүн температурасы сырттагы абанын температурасынан 8 гана градуска айырма болушу шарт. Ал эми 10-12 градуска чейин айырма болсо, иммунитеттин түшүшүнө жана сасык тумоо оорусуна алып келет.

• Эч качан муздак абанын агымын адамга түз багыттабаңыз. Суук тийип, ооруп калышы мүмкүн.

• Кондиционерди керектүү температурага акырындык менен алып келүү талапка ылайык. Бөлмөнү дароо катуу муздатып жибербеш керек. Жогоруда айтылгандай, абанын бат муздашы же ысышы көп ооруларды чакырат.

• Бөлмөдөгү аба кургабасын десеңиз, нымдандыруучу жабдык (увлажнитель) коюңуз.

• Кондиционердин чыпкасын өз убагында тазалап, алмаштырып туруңуз. Белгилүү бир мөөнөттө алмаштырып турбаса, абаны кирдете баштайт. Анткени ал абадагы чаңды, чылымдын түтүнүн, ар кандай жыттарды соруп алат да, кайра аны аба менен бөлмөгө айдайт. 

• Жөнөкөй кондиционерлерде абаны алмаштыруу функциясы болбогондуктан убак-убагы менен бөлмөдөгү терезени ачып желдетип туруу керек. Желдетүү учурунда кондиционерди өчүрүүнү унутпаңыз.

Кондиционердин пайдалуу жагы

• Бөлмөнү жылытуунун жана салкындатуунун эң арзан жолу.

• Жайдын аптаптуу ысык күнүндө салкындык, кыштын ызгаардуу суугунда жылуулук берип, адамга ыңгайлуулук тартуулайт.

• Мыкты сапаттагы чыпка орнотулгандары, Self Clean режими барлары бөлмөдөгү абаны чаңдан, ар кандай грибоктордон, бактериялардан, жагымсыз жыттардан тазалайт.

Терс жактары

• Абаны кургатат. Абанын тынымсыз айланып турушунан адамдын териси кургап, бырыш эрте түшөт. Мурундун, тамактын былжырлуу чел кабыгын, эринди кургатат. Бул учурда сезгенүү процесси, ринит, гайморит оорулары күчөйт. Андыктан кондиционерди узак убакыт колдонууда мурунду, оозду деңиз суусу же кадимки суу менен чайкап туруу керек. Бул былжырларды бир калыпта кармоо үчүн зарыл. Эриниңиз кургаса гигиеналык бальзамдарды колдонуңуз.

• Кондиционерден чыккан үн айрым адамдардын нерв системине терс таасир этет.

• Суук тиет. Кондиционерден чыккан муздак желдин адамга түз тийиши суукка урунууга, чыйрыгууга алып келет. Алсак, пневмония, ангина, сасык тумоо, неврит жана башкалар. Өзгөчө мончодон же душтан чыгып кондиционердин маңдайына отуруу өтө кооптуу.

• Аллергия чакырат. Кондиционер абадагы чаңды, чылымдын түтүнүн, ар кандай жыттарды соруп алат да, кайра аны аба менен бөлмөгө айдайт. Мындан улам чаңга аллергиясы барлар жабыркашат. Алсак, конъюнктивит оорусу. Көз кызарып, кычышып, жаш агат.

• Жел турат. Эгер сиз эшиктен тердеп келип муздак абага турсаңыз, муундарыңызга жел турушу мүмкүн.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1231, 24-30-июль, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан