“Кореялык Жон Уик” деген сүрөттөөлөргө ээ болууда күйөрмандар тарабынан “Менеджер Ким” сериалы. Алгачкы 3 сериясы менен эле 2026-жылы чыккан сериалдардын рейтингин басып өткөн дорама сизге да жакса керек, окурман. Айрыкча экшн, боевик, мектеп буллинги, бай-кедей темасы, өч алуу жана да актёр Со Жи Сопко кызыксаңыз...
Тарткан өлкө: Түштүк Корея
Чыккан жылы: 2026-жыл, 26-июнь
Канча серия: 10
Режиссёру: Ли Сын Ён
Жанры: боевик, триллер, мистика
Дагы бир аталышы: “Агент Ким кайрадан катарда”
Башкы ролдордо: Со Жи Соп, Чхве Дэ Хун, Юн Ген Хо, Чу Сан Ук
Ата жана шпион
Орто жаштардагы Ким До Хён (актёр Со Жи Соп) катардагы жөнөкөй кызматкер, банкта иштейт. Мүнөзү токтоо, эч кимге үн көтөрүп сүйлөбөгөн, эч ким менен урушпаган, кемсинтүүлөрдөн кечирим суроо менен кутулган жоош адам. Аялы төрөттөн каза болуп, кызын кичинесинен өзү чоңойткон. Кызы Мин Жи (актриса Со Су Мин) өспүрүм куракта, мектепте окуйт. Мин Жиге атасынын жооштугу, өзүнө тура албагандыгы жакпайт, андыктан анын аброю жоктой сезилет. Өзү болсо мектепте өгөйлөнгөн кыз. Акчасы, саркеч буюм-тайымы жок кыздын жанында сүйлөшчү курбусу, болушчу достору да жок. Тескерисинче, аны шылдыңдаган, уруп-соккон өспүрүмдөр тобу бар. Конфликтке толгон күндөрдүн биринде Мин Жи өзүн шылдыңдагандарга жооп кайтарып кол көтөрөт. Мектепке эки тараптын тең ата-энелери чакырылат, жабырлануучу кыздын атасы Кореяга белгилүү магнат, ал эми Мин Жиники жөнөкөй кызматкер. “Мен күнөөлүү эмесмин” деп чырылдаганына карабай жоош атасы магнаттын алдында тизелеп кечирим сурайт. Ыза болгон Мин Жи атасына таарынып, “курбумдукуна кеттим” деп кетип калат. Атасы кызын эртеси кечке күтөт, кабар жок. Чыдабай анын курбусуна чалса, “мага келген жок” дейт анысы. Мектепке келип сураштырса, сабакка келе элек болот. Ары-бери чуркаган ата киши көп баспаган жерден кандын издерин жана кечээ күнү кызы мушташып кеткен кыздын чачка таккан резинкасын көрөт. Шектенүү жаралат... Ата өзгөрөт...
Атанын чыныгы жүзү ачылат. Түндүк Кореядан атайын даярдыктан өткөн аскер кызматкер, Түштүк Кореяга тыңчылык үчүн келип колго түшүп, кийин кызматынан баш тартып, өз мекенинде чыккынчы делген адам эле. Бир рота солдатты өзү жалгыз кырып өлтүрүүгө күчү жеткен, мыкаачы киллер болчу. Мурун. Аялы каза болгондон кийин бул кесибинен баш тартып, бүт өмүрүн кызына, анын жөнөкөй жашоосуна арнайм деп чечкен. Бирок кызы жоголду, эми ал мурунку кесибине кайтып, кызын табышы керек. Жолунан каршы чыккандар, тоскоол болгондор чөп чабылгандай чабылып башташат... Сериалды көрө электерге спойлер бул.
Голливуд
“Барымтада” же болбосо “Жон Уик” тасмаларын көрдүңүз беле Голливуддун? Анда үй-бүлөсү үчүн өч алып жүргөн актёрлор Киану Ривз, Жейсон Стэйтемди кандай элестетсеңиз, корейлердин “Менеджер Ким” сериалында ошондой өч алгычтын ролуна актёр Со Жи Соп чакырылган. Артында көп жылдык тажрыйбасы, чоң фан-базасы бар актёрдун башкы каарман болушу көпчүлүккө жакты, өзүнө да жарашып эле калыптыр. Бекеринен сериалды жактыргандар Со Жи Сопту “корейлердин Жон Уиги” деп атабагандыр.
Оригиналы – вебтун
Жазуучулар Жон Чон Тэк менен Нам Жайдын «Менеджер Ким» аттуу вебтун форматында чыккан чыгармасы дорама болуп экрандаштырылды. Дорамада сүйүү линиясы жок, бирок достук, колдоо, ишеним, адилеттүүлүк, адилетсиздик, үй-бүлөлүк драма, милдет сыяктуу эмоционалдык тармактар жакшы ачылган. 3 жоокердин достугу, алардын мамилесиндеги юмор сериалга жеңилдик, позитив тартуулагансыйт.
Дораманын постановкасын тажрыйбалуу режиссёр Ли Сын Ён колго алган. Буга чейин анын “Үн”, “Карыз адамдарды издөө” сыяктуу популярдуу эмгектери жарык көргөн. Ал эми сценарий Нам Дэ Жундун калеминен жаралды.
2-сезону чыгабы?
SBS каналынын тарыхында эң жогорку рейтингди багындырган дорамалардын катарына кирген “Менеджер Ким” дорамасынын 2-сезону чыгабы? 6-июлда телеканалдын өкүлү: “Расмий сүйлөшүүлөр жүрө элек. Ошентсе да бул дорама узартууга мүмкүн болгон форматка кирет. Кошумча, көрөрмандар 2-сезондун чыгышын күтүүдө окшойт”,- деп кыйытты.
Башкы каарманды жараткан актёр Со Жи Соп да сериалды улантуу мүмкүнчүлүгү бар экенин, эгер 2-сезон тартылса жана өзү кайрадан чакырылса, кубануу менен дорамага кайтарын жар салды.
Рейтинг
Сериалдын биринчи сериясы чыкканда орточо 9,5 пайыздык көрсөткүч менен башталган. 4-сериясына чейин 21,6 пайызга жетип, 2026-жылы чыккан дорамалардын арасынан рекордчу аталды. SBS каналынын тарыхында жогорку рейтинг боюнча 3-орунда турат. 1-орунду “Пентхаус-2” дорамасы (30,6 пайызга жеткен), 2-ни “Кызуу кандуу диний ишмер” (24,7 пайыздык көрсөткүчкө жеткен) ээлеп турат.
Асыл Орозбекова