Сахнага жаңыдан кадам таштаган жаш ырчы Токтогул Эмилисов жакында ырчы НурЧолпон менен кавер ырдап угармандардын көңүлүн бура баштады. Күндүз автоинструктор болуп эмгектенип, кечинде чыгармачылыкка убакыт арнап жаткан Токтогул мырзанын ырчылык жолу кантип башталды? Ыр дүйнөсүнө ким жетеледи? Максаттары кандай?
- Саламатсызбы? Адегенде окурмандарга өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз...
- Саламатчылык. Кыргыздар алгач эле тегин айтат эмеспи, мен дагы ошол жактан баштайын. Негизи Токтогулдан болобуз, бирок менин балалыгым Өзгөн районунун Кызыл-Туу айлында өттү. Кичинемден эле ырдаганды жакшы көрүп, ырдап жүрдүм. Бирок чоң сахнага чыга элек болчумун, ырчылык карьераны жакында эле баштадым.
- Ырчы НурЧолпон менен ырдаган “Эсимде” дуэти элде жакшы кабыл алынды окшойт. Чогуу ырдоо сунушу кимден чыкты?
- Бул да кызыктуу жолугушуу болгон. Өзүңөр билгендей, НурЧолпон бир тасмада роль аткарган, ошол тасманын жабык көрсөтүүсүнө мен да чакыруу алып барган элем. Аны менен ошол жерден таанышып калдым, сылыктыгы, чыгармачылыкка болгон ышкысы мени кайдыгер калтырган жок. Ошентип жакшы санаалаштардан болуп калдык. “Эсимде” ырын дуэт жаздыруу да капыстан пайда болду. Биз алгач жөн эле ырдап отуруп үнүбүз шайкеш келерин билип калдык. Ошону менен эле ырды жаздырып, элге тартууладык. Жыйынтык жакшы болчудай.
- Атыңыз ырчы катары тааныла баштагандан кийин жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?
- Ачык айтканда, өзгөчө деле өзгөрүү болуп кеткен жок. Болгону экөөбүздүн тең баракчабызда катталуучулар көп болгондуктан ырыбыз тез жайылып, көп көрүү топтоп алдыга чыгып кетти деп ойлойм. Бирок НурЧолпондон чыгармачылык жактан көп нерсе үйрөндүм. Мен эми чоң ырчы болбогондуктан, өз алдымча эле ырдап жүргөндүктөн бийик ноталарга чейин жетип ырдаганды билчү эмесмин. Жакшы ырдоону үйрөттү. Ушул сыяктуу көп нерселерди үйрөндүм.
- Автомектепте мугалим да экенсиз. Ырчылык менен мугалимдикти чогуу алып жүрүү оор эмеспи? Кайсынысы көбүрөөк убактыңызды алат?
- Ооба, эс тарткандан эле автого кызыккандыктан бул жаатта көп тажрыйбам бар. Автомектепке убактымдын көбү кетет. Бирок чыгармачылык менен негизги жумушумду чогуу алып кетүү мага кыйын болгон жок. Көп жыл мурун айдоочулук күбөлүк алганымда менден тааныштар “кайдан окусам болот?” деп сурап калышчу. Аларды өзүм окуп чыккан жакка жөнөтүп койчумун. Анан бул тармакка элдин муктаждыгы чоң экенин байкадым. Китептерди окуп, тажрыйба топтоп отуруп өзүмдүн автомектебимди ачтым. Бул эң жакшы чечим болгон экен. Миңдеген адамдардын айдоочулук күбөлүк алышына жардамчы болдук, кээ бири көчөдөн таанып учурашып калышат. Албетте, сыймыктанып калам.
- Сабакта сүрдүү мугалимсизби же тамашакөйбү?
- Азыр сизге күлүп-жайнап сүйлөп жатканым менен окуучуларыма аябай эле катуу мугалиммин десем болот. Кээ бирөө “катуу, корс мамиле кыласың” дешет. Бул сөздүн чындыгы бар. Мисалы, үйгө тапшырма берем, аткарбай келсе сабактан чыгарып салабыз. Мугалим бир аз тартипти талап кылышы керек го, андыктан катуу мугалим болсом керек. Бир окуяны айтып берейин. Мен эки жыл Европада жүрдүм, бирок онлайн сабак өтчү элем. Кыргызстанга кайтып келип, Бишкектен Ошко жолго чыктым. Төө-Ашууда бир жүк ташуучу машине абдан жай баратыптыр. Ушундай бир кыбырайт, чыдабай андан ашып өттүм. Туннелдин ичинде антип ашып өтүүгө болбойт эмеспи, чыкканда эле МАИ кызматкери токтотту. Менин сабак береримди Инстаграм аркылуу билет экен. “Башкаларга жол эрежесин окутуп жүрүп, өзүң кантип эреже бузуп жатасың?” десе аябай уялдым. “Айып пул төлөйүн, протокол жаза бериңиз” дедим. Ал көрсө айдоочулукта С категориясын алыш үчүн экзаменден улам кулап жатыптыр. Анан ал байкени өзүмдүн окуучуларыма кошуп алдым. Ушундай окуялар болуп турат.
- Ырчылык жана автоинструкторлук. Кайсынысы көбүрөөк жагат?
- Таң аткандан кечке чейин сабак берем. Ортодо түшкү тамакка эле убакыт бар. Ошончо саат сүйлөп сабак берип жатсам да энергиям түгөнбөйт. Кайра эле эртеси сабак берүү кызыктуу боло берет. Ошондуктан автоинструкторлук кесибимди туура тандасам керек деп ойлойм. Ал эми ырчылык да кайсы бир кездеги кыялым, эми эле баштасам да даамы өзгөчө экенин сезүүдөмүн.
- Ырдап чыккандан кийин сын-пикирлер да болуп жатабы?
- Ооба, ошондой болду. Бирок көбүнчө негатив эмес, позитивдүү сын пикирлер жазылып жатат. Комментарийде бирөө “автомектепке эми музыка сабагы да киреби?” деп жазып коюптур. Аябай маанай көтөрүлдү, күлүп жүрдүм. “Агайлардын арманы” деген ыр чыгабы? дептир бирөө. Көбү чыгармачылык ийгилик каалап, жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деген таризде колдошуптур.
- Сахнага ырдап чыгар алдында толкунданасызбы?
- Мен күнүгө бери дегенде 60 адамга сабак берем, чоң аудиториянын алдында жүрө берип көнүп калсам керек. Ошондуктан толкундануу деле болбойт, бир аз гана сүрдөйм.
- Жеке жашооңузга да кызыккандар көбөйдү болуш керек. Жүрөгүңүз бошпу?
- Ырдап чыккандан кийин кызыгуу көбөйдү чын эле. Бирок жеке жашоомду айткым келбейт. Андыктан жүрөк бошпу же бош эмеспи деген суроого да так жооп бербей коюуну чечтим.
- Алдыда дагы кайсы белгилүү ырчылар менен дуэт ырдоо планыңыз бар?
- Менде азырынча андай план жок. Бирок ырчылар сунуштап калса, карап көрүп, ырдайбыз деп ойлойм. Жеке ырларым да чыгат болуш керек.
- Беш жылдан кийин Токтогулду кайсы деңгээлде көргүңүз келет? Ийгиликтүү ырчыбы же...
- Күч, энергия, жаштык бар кезде элге кызмат кылгым келет. Кайсы тармакта болбосун беш жылдан кийин ийгиликтүү Токтогулду көргүм келет. Ырчылыкта жакшы бир деңгээлди багындырсам дейм.
Нуржамал Жийдебаева