Орус музыка дүйнөсүнүн жарык жылдыздарынын бири, эсте каларлык үнү, эпатаждуу образы жана башкасы менен ар дайым көңүл чордонунан түшпөгөн адам – Григорий Лепс. Караокеге барып анын ырларын ырдабаган адам болбосо керек. Лепс эч качан атайын музыкалык билим алган эмес, бирок көптөгөн музыканттарга чыгармачылыгы менен үлгү. Баса, фамилиясын кыскартып алганы жакшы болуптур, антпесе тилибиз келбей кыйналмак экенбиз Лепсверидзе деп.
Советтик ырчы...
Григорий Лепс орусиялык эле эмес, советтик музыкант, ырчы, композитор катары таанымал. Советтик ырчы болсо да азыркы замандын талабына жуурулушуп, улам жаңыланып турган жаштар менен тең тайлаша популярдуулугун жоготпой келет. Мунун сыры эмнеде? Балким, балалык пайдубалында болуп жүрбөсүн. Анда өмүр таржымалына бир көз жүгүртүп өтөлү. Григорий мырза 1962-жылы (учурда 64 жашта) 16-июлда Сочи шаарында жашаган грузиндердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Атасы эт комбинатында, апасы нан чыгарган заводдо эмгектенип келишкен.
Григорий мырза окуучулук күндөрү тууралуу “окуган колумдан келчү, бирок каалачу эмесмин” дейт. Бул сөздөн кийин анын начар окуган окуучу болгонун түшүнсөңүз керек. Мектепке хорго катышуу жана футбол ойноо үчүн гана баргысы келчү экен.
Ресторандардын жылдызы
Окугусу келбеген жигит мектептен кийин армияга сапар алган. Кызмат өтөп келгенден кийин ырчылыкка өтөт, Сочидеги бир нече ресторанга музыкант болуп орношкон. Кийин аймагында популярдуу болгон «Индекс-398» тобунун солисти болуп калган. Ресторандарда дээрлик күн сайын түнү менен иштеп, чарчаганын, тажатма күндөрдү кызыктуу кылуу үчүн алкоголдук ичимдик ичкенге өтөт. Жашоосун бул ыргакта уланта берсе ырчы катары да, адам катары да жоголорун сезип, чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында Москвага сапар алган.
Москва көз жашка ишенбейт
Москва Григорий мырзаны дароо эле кучак жайып тосуп алган эмес. Сочидегидей тааныштары, күйөрмандары да жок эле. Кайрадан кафе-ресторанга кайтууга туура келген. 1995-жыл. Бул жылы алгачкы “Храни Вас Бог” альбому чыгып, андагы “Натали” ыры хитке айланган. Көп иштегендиктен жана спирт ичимдиктерин көп ичкендиктен бир күнү ооруканага түшүп, панкреонекроз диагнозу коюлган. Операция оор өтүп, жарым жыл калыбына келүүгө туура келген. Бул убакыт аралыгында ал 35 килограммга арыктаган экен. 1997-жылы “Целая жизнь” альбомун чыгарып, орус шоу-бизнесинен бекемирээк орун алган. 1998-99-жылдар. Григорий Лепстин ырлары ар бир кычыктан жаңырып калган убак, клиптерин издеп көргөндөр, телеканалдарга үстөккө-босток чакыруулар... “Рюмка водки на столе”, “Самый лучший день”, “Она не твоя”, “Я тебе не верю” сыяктуу караокелердин гимнине айланган хиттер жаралган.
Григорий мырза орус сахнасындагы мен-мен деген музыканттардан баштап жаңы чыгып келе жаткан таланттуу жаш ырчылар менен да дуэт аткаруудан качпайт. Негизгиси ким менен ырдаса да, ал чыгарма хит болот. Атактуулукка 30 жаштан кийин жеткенин кеч деп эсептейт, бирок 60 жаштан ашса да актуалдуулугун жоготпогонун эмгек, тажрыйба жана адамдардын музыкага болгон жакшы табити катары санайт. Лепстин чыгармалары улуу муунду да, кичүү муунду да бириктирип турат.
Ызы-чуулар
Поп, шансон, рок, рэп – бул багыттардын баарын аралаштырып, болбойт деген нерсени болтура алган Лепстей артисттер аз болсо керек. Ошентсе да анда да кемчиликтер жок эмес. Мактоо менен катар ырчынын аты ызы-чуулуу кабарлар менен да байма-бай маалымат булактарына чыгып турат. Бирде мас абалында ырдаганы, бирде мушташканы (көбүнчө кызуу абалында мушташкан) сыяктуу терс жүрүм-турумдары да жок эмес.
Жеке жашоосу
Лепс 2 ирет расмий никеде турган. Биринчи аялы менен 5 жыл жашап, 1984-жылы туулган Инга аттуу кызы бар. 20 жыл чогуу жашаган экинчи жубайынан Ева аттуу кызы (2002-жылкы), үчүнчү кызы Николь (2007-жылкы) жана Иван аттуу уулу (2010-жылы төрөлгөн) бар. Тун кызы Инга турмушка чыгып, артистти 2022-жылы Константин аттуу неберелүү кылган.
Расмий никеден кийин Григорий мырза алып баруучу Елизавета Ридель менен бир канча убакыт роман курган. Андан кийинки тандоосу көпчүлүктү таң калтырды, ал – 18 жаштагы модель Аврора Киба эле. Бир жылдан ашык созулган роман, көпчүлүк күткөндөй эле аягына чыкты.
Лепс тууралуу фактылар
✅
Григорий Лепсти туурагысы келген адам биринчи аныкындай көз айнек тагынса керек. Чынында артист күндөн коргоочу көз айнектерди жакшы көрөт, ал эмес, коллекциялайт. Чыгармачылык стилинин алмашкыс атрибутуна айланган көз айнектердин 350дөн ашык түрү бар коллекциясында.
✅ Туура ырдоону үйрөнүп вокалдан сабак алган эмес. Бирок мектепти аяктагандан кийин музыкалык училищенин урма аспаптар классынан окуган.
✅ Гастролдук райдеринде таза суу, элиталык ичимдик жана башкаларга кошумча сөзсүз чийки жумуртка талап кылынат. Тооктун чийки жумурткасын үнүнө кам көрүү үчүн ичет экен. Чийки жумуртка элдик медицинада үн байламталарын жумшартуучу каражат катары эсептелинет.
✅ Лепсверидзе – грузин фамилиясы. Ырчы мырза фамилиясын жаман көргөндөн же башка себептен эмес, кыска жана ыңгайлуу болсун деп гана Лепс деп кыскартып алган.
✅ Чыгармачылыктан сырткары ишкерлик менен алектенет. Орусиянын бир нече шаарларында караоке-бар, ресторандары бар. Андан сырткары көз айнек чыгарган оптикасы, зер буюмдарды чыгарып, саткан ювелирдик үйү да бар.
Асыл Орозбекова