Даамдуу жана пайдалуу жаңгактардын бири – бразилия жаңгагы. Ал адамдын организминин иштешине керектүү микроэлементтердин булагы болуп эсептелет.
Бертолетия дарагынын данеги
Бразилия жаңгагынын мекени – Түштүк Американын Амазония тропиктик токойлору. Жапайы түрдө Бразилия, Боливия, Перу, Венесуэла, Колумбияда өсөт. Чындыгында бул жаңгак эмес, бертолетия дарагынын данеги (уругу). Аталган дарактын бийиктиги 30-45 метрге, сөңгөгүнүн жоондугу 1-2 метрге чейин жетет. Жаңгак сыртынан тоголок келип кокоско окшошот, бирок ичинде кабыктуу сүйрү данектер жайгашкан.
Индейлер аны илгертен тамак-ашка жана элдик медицинада пайдаланып келишкен. Алар аны “асмандын укмуштуудай белеги” деп аташкан. Анткени жаңгактар адамдар жете албай турган бийиктен өз алдынча түшүшөт. 1633-жылы жаңгакты Европага экспорттой башташат. Ошентип анан башка өлкөлөргө тарайт.
Сөөктү бекемдейт
100 граммында 660 килокалория бар. Курамы май, белок, углевод, селен, магний, жез, фосфор, аргинин жана башкалардан турат. Күнүнө 1 жаңгак жесе организмдеги селендин 1 суткалык нормасы толот. Селен болсо организмге рак клеткаларын жок кылууга жардам берет. Магний ичегинин иштешине, өттүн бөлүнүп чыгышына жакшы таасир берет. Жүрөктүн, кан тамырлардын иштешин жакшыртат. Жез сөөктү бекемдейт, мээнин кычкылтек менен жакшы жабдылышына жардам берет. Фосфор мээнин иштешин, сөөктүн абалын жакшыртат. Аргинин кандын жүгүрүшүнө жакшы. Белок клетка жана ткандардын курулуш материалдары экени белгилүү. Майлар организмдин бактерия, вирустардан коргонуу жөндөмүн арттырат. Курамындагы май кислоталары (омега 3, 6) канды суюлтат, сезгенүүнү азайтат, чачтын, теринин абалын оңдойт. Жүрөктүн иштешине пайдасы зор.
Зыяны
Белок көп болгондуктан көп жегенде бөйрөккө күч келтирет. Жаш балдарга, кош бойлууларга колдонууга болбойт! Астма, аллергиясы барлардын оорусун карматып, күчөтүшү мүмкүн. Андыктан абайлап колдонуу зарыл. Жегенде кабыктарынан толук ажыратып жеш керек. Анткени кабыгында боорго күч келтирчү заттар бар.
Ашканада
Десерт, пудинг, шоколад, балмуздак, таттууларды жасоодо колдонулат. Жаңгагынын майын сыгып, соус, салаттарга кошушат.