Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

– Элдар менин жашоомдогу эң чоң белек. Аны биринчи жолу кучагыма алганда: “Сен эч качан өзүңдү жетим сезбейсиң” деп шыбырагам. Бирок көкүрөгүмдө андан да чоң жарам бар.

Бир аз унчукпай отурдук. Мен анын чоң жарасы тууралуу сурагандан коркуп отурдум. Балким, ал Илим болсочу... Мен ушул нерседен корктум. Сөздү башка жакка буруп жаттым.

– Апа, сиз ата-энеңизди издеп көрдүңүз беле?

Ал асманды бир тиктеп алды. Куду ошол көк асмандан ата-энесинин караанын издегендей эле. Ал акырын жооп берди.

– Көп жыл издедим. Бирок эч кимди таба алган жокмун. Кийин түшүндүм... Кээде адамды жарык дүйнөгө алып келгендер эмес, жүрөгүнө сүйүү бергендер чыныгы үй-бүлө болот экен. Мен аны жолуктургандан кийин толук сездим.

– Кимди?

– Али. Мен балдар үйүнөн аны кезиктирдим. Ал бизге келгенде он жашта, мен сегиз жашта элем. Жетимдер үйүндө жашоо мага эрте чоңоюуну үйрөттү, кызым. Ал жакта эч ким сени эркелетпейт. Ыйласаң көз жашыңды өзүң сүртөсүң. Жана айткандай, биздин балдар үйүнө жаңы бала келди. Анын аты Али эле. Он жашта болчу. Башка балдардан айырмаланып, ал эч ким менен мушташчу эмес. Дайыма жалгыз отуруп китеп окучу.

– Кантип таанышып калдыңыздар? – деп кызыгып сурадым.

Ал жылмайып алды.

– Бир күнү чоң балдар менин оюнчугумду тартып алып, мени шылдыңдап жатышкан. Мен ыйлагым келип турса да, көз жашымды көрсөтпөй карманып тургам. Ошол учурда Али келип “бир кызга экөө жабылган уят эмеспи?” деп алардын жолун тороду.

– Алар эмне кылышты?

– Адегенде күлүштү. Бирок Али эч корккон жок. Мыкты мушташат экен, тигилердин жазасын берип, оюнчугумду алып берип, мени ээрчитип чыгып кетти.

– Ошондо биринчи жолу сүйлөштүңөрбү?

– Ооба. Экөөбүз эски теректин түбүнө барып отурдук. Ал чөнтөгүнөн эки момпосуй чыгарып, бирөөсүн мага сунду. “Ал” деди.

Мен болсо башымды чайкадым.

– Каалабайсыңбы? – деп сурады.

– Каалайм... Бирок сага калбай калат.

Ал күлүп жиберди.

– Экөөбүз тең жетимбиз. Бар нерсени бөлүшүп жегенде гана таттуу болот – деди.

Апа ошол учурду эстеп, көздөрү жайнап тургандай.

– Ошол күндөн кийин биз ажырагыс дос болуп калдык. Тамакка чогуу барчубуз, сабак окучубуз, короону чогуу шыпырчубуз. Кимдир-бирөө мени таарынтса, Али дайыма жанымда турчу.

– Демек, ал сизди дайыма коргочу экен да...

– Ооба. Бирок мени күч менен эле эмес, сөзү менен коргочу. “Адамдын күчү муштумунда эмес, жүрөгүндө” деп көп айтчу. Он жаштагы баладан мындай сөздү угуу таң калычтуу эле. Ошол кезде биринчи жолу бул дүйнөдө мени ойлогон бир адам бар экенин сездим. Ошол сезим мага жашоого болгон үмүттү бекемдеди. 

– Али байке жакшы адам болуптур.

Апа терең үшкүрүп, жүрөгүнө белгисиз сагыныч уялады.

– Ооба, кызым... Ал менин жашоомдо эч качан унутулбай турган адам болуп калды. Бирок анын тагдыры кийин такыр башка нукка буруларын анда экөөбүз тең билбеген элек. Али мени дайыма коргочу. Чоң балдар тийишсе, өзү уруш жесе да мени ыйлатчу эмес. Тамак аз болуп калганда өзүнүн нанын мага берип “мен токмун” деп коёр эле. Кыштын суук күндөрүндө жууркан жетишпегенде түн ичинде акырын туруп, өзүнүн жуурканын үстүмө жаап койчу. Эртең менен болсо үшүп калганын байкачумун. Жылдар өттү. Мен он үчкө, Али он бешке чыкты. Биз эми жөн гана достор эмес экенибизди экөөбүз тең сезип калганбыз. Бирок ал кезде “сүйөм” деген сөздү айтуудан уялар элек. Бир күнү балдар үйүнүн бакчасында отурсак, Али колума кичинекей жыгачтан өзү жасап чыккан көпөлөктү карматты. “Бул сен үчүн. Эркиндикти жакшы көрөсүң го. Бир күнү экөөбүз ушул жерден кетебиз. Сен окуйсуң, мен иштейм. Анан өзүбүздүн үйүбүз болот. Биздин балдарыбыз эч качан балдар үйүнө түшпөйт...” Ошол сөздөрдү укканда жүрөгүм башкача согуп кеткен.

Ошол күнү мен биринчи жолу “мен сени эч качан таштабайм” – дегем.

Али болсо акырын жылмайды:

– Убада бересиңби?

– Ооба.

Бирок тагдыр биздин убадабызды уккан жок.

xxx

Бир күнү шаардан бай үй-бүлө келип, Алини асырап алууну чечишти. Мен сүйүнүшүм керек эле. Анткени ар бир жетим баланын эң чоң кыялы – үй-бүлөлүү болуу. Бирок ошол күнү жүрөгүм биринчи жолу сыздап ооруган. Али кетер күнү экөөбүз балдар үйүнүн эски терегинин алдында акыркы жолу сүйлөштүк. “Мен сөзсүз кайтып келем” – деди ал. “Унутпайсыңбы?” дедим калтырап. Ал чөнтөгүнөн кичинекей көк жиптен өрүлгөн билерикти чыгарып, билегиме байлады. “Муну чечпе. Кайтып келгенде биринчи ушуну көрөм”. Ошол күнү анын артынан дарбаза жабылган үн азыркыга чейин кулагымдан кетпейт...

Айым апа сөзүнүн ушул жерине келгенде үнү дирилдеп токтоду. Ал көзүнүн жашын акырын сүртүп, мени карады. Бир азга үнсүз отурду. Анын жүзүнө оор кайгы уялап, алысты тиктеп сүйлөй баштады.

– Али мени таштап кеткен жок, кызым... Аны тагдыр менден тартып алды. Кийин анын башынан өткөндөрдү укканда, аны түшүндүм. Бир жылдан кийин балдар үйүндө иштеген тарбиячылардын биринен Али тууралуу кабар уктум. Аны асырап алган үй-бүлө сыртынан үлгүлүү, бай көрүнгөнү менен, чындыгында таптакыр башка адамдар экен. Алар Алиге мээрим үчүн эмес, өз кызыкчылыгы үчүн ээ болушкан. Адегенде аны оор жумуштарга салышыптыр. Үйдүн бардык ишин жалгыз жасатышып. “Сен бизге карызсың” деген сөздү улам кайталап, коркутуп турушчу дешти. Жашы чоңойгон сайын аны ар кандай мыйзамсыз иштерди жасоого мажбурлай башташыптыр. Али башында макул болбой, каршы чыгып жүргөн экен. Бирок аны коркутуп, “эгер айтканды аткарбасаң өлтүрөбүз” деп басым көрсөтүшчү тура.

Бирок Али жаман адам эмес эле. Ал башкаларга зыян тийгизгиси келчү эмес. Кайсы жерде болбосун, туура эмес иштен качууга аракет кылчу. Кээде атайылап иштерди үзгүлтүккө учуратып, күнөөсүз адамдар жабыркабашы үчүн колунан келгенин кылыптыр.

– Мен он алты жашка чыкканда келди. Ошол күнү туулган күнүмдү эч ким билген жок. Кечки тамактан кийин баары уктап калышкан. Мен болсо баягы эски теректин түбүнө барып, жалгыз отургам. “Азыр Али болсо эмне дээр эле?” деп ойлонуп, көзүмө жаш алдым.

Ошол маалда дарбазанын сыртынан акырын үн угулду.

– Айым...

Жүрөгүм токтоп калгандай болду. Бул үндү арадан миң жыл өтсө да таанымакмын. Дарбазага чуркап барсам, көчөнүн караңгысында узун бойлуу, кең далылуу жигит туруптур. Жүзү өзгөргөн, бирок көздөрү баягыдай эле жылуу болчу.

– Али...

Экөөбүз тең эч нерсе айта албай, бири-бирибизди тиктеп туруп калдык. Көзүмдөн жаш агып кеткенде, Али акырын жакындап келип:

– Мен сөзүмдө турдум, келдим – деди.

– Сени ушунча күттүм...

– Кечир мени. Эртерээк келе алган жокмун. Бирок бир күн да сени унутпадым. Ошол түнү балдар үйүнүн короосунда көпкө сүйлөштүк. Али мага башынан өткөргөн оор күндөрүн айтып берди. Мен болсо аны бир да жолу бөлбөй уктум.

– Айым, бул жерде кала албайсың. Сен да эркин жашоого татыктуусуң. Мени менен жүр. Экөөбүз жаңы жашоо баштайбыз. Мен сени эми эч кимге ыйлатпайм.

Мен балдар үйүн бир карап алдым. Бул жер мени чоңойткону менен, балалыгымдын кайгысы да ушул дубалдардын арасында калган эле.

– Кайда барсак да бирге болобузбу? – дедим акырын.

– Өлүм гана бизди ажырата алат – деди Али.

Ошол түнү экөөбүз балдар үйүнүн дарбазасынан акырын чыгып кеттик. Алдыбызда эмне күтүп турганын экөөбүз тең билчү эмеспиз. Бирок бир нерсеге ишенчүбүз. Эми биз жалгыз эмес элек. Экөөбүз кол кармашып таңды утурлай басып бара жаттык. Ал чоң жигит болуп калган экен, тааныш молдого барып кадикмкидей нике кыйдырдык. Биздин жашообуз башталды. Мен 16 жашымда, ал 18 жашта элек... Турмуштун көп сыноолорун биле элек кез.

 

(Уландысы кийинки санда)

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1232, 31-июль-6-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан