Ошол жыл кыш узакка созулган жыл болду. Айылдын үстүнөн шамал ышкырып, кар калың жаап, төрт түлүк мал тоюттан жүдөп жатты. Бакыт короонун ортосунда туруп, эски үйүнө карады. Бул үй — анын балалыгы, атасынын тер төгүп курган дубалы, апасынын меш жыттанган кийимдеринин элеси эле. Ушунчалык жакын болчу. Үшүп үйгө кирип, аялын карап туруп калды.
Үйдүн ичинде жубайы Айсулуу жыйналып жаткан экен. Чемодандар ачык. Балдардын кийимдери иргелип, китептери тизилип, азыр жолго чыгып кетчүдөй. Бакыт үшүп курсагы ачып келгенин унутуп, селдейип туруп калды.
– Чын эле кетесиңби? — деп сурады Бакыт жай гана.
Айсулуу токтоп, ага түз карады.
– Кетебиз. Мен бул жерде балдарымдын келечегин көрбөйм. Биздин уулубуз вундеркинд, түшүнүп жатасыңбы? Директор өзү чакырып балаңардын келечеги бар, силерге эле эмес, элге да жардамы тиет дебедиби. Ага жакшы келечекти бул айылдан түзүп бере албайбыз.
Аялынын айтканы туура. Улуу баласы Умар 3-класста, математикадан мыкты. Көп орундуу сандардын кошуу, көбөйтүү, бөлүү жыйынтыктарын оозеки эсептеп, бүт айылга дүң болгон.
– Келечек... — деп кайталады ал.
Бул сөз акыркы убакта көп айтылып, бирок ар ким ар башка түшүнүшчү болуп калган. Айсулуу үчүн келечек — балдары, шаар, билим, мүмкүнчүлүк. Бакыт үчүн келечек — ата-энесинин дубасы, тукумдун тамыры үзүлбөшү, ушул там эле.
– Сен да биздин класстын алдыңкысы, район, облустун мыкты окуучусу болчусуң. Ата-энең ооруп калып айылда калдың. Сен деп мен да окубадым. Бирок биздин балдарыбыз окушу керек. Башка шартта жашашы кажет. Биздей болуп калбашы үчүн мен бардык курмандыкка барам.
– Курмандык дечи. Мен кайсы бир учурда оорулуу атама карап айылда калганым үчүн такыр өкүнбөйм. Эгерде бул сен үчүн курмандык болсо, мен үчүн милдет. Уулдун милдети.
– Сен мени түшүнбөйсүң — деди Айсулуу чарчаган үн менен. — Мен айылдагы жашоодон качып жаткан жокмун. Жакшы жашоого бара жатам. Балдарыбыз үчүн...
– Кыйналып каласыңар, мен базарга чыгып уйду сатайын. Батирге чыга турсаңар, агамдын үйү бүтүп калса ошол жакка жашайсыңар.
– Макул. Мен колумдан эмне иш келсе кылам. Бирок мени түшүн. Убакыт учкан куш, азыр берип калбасак билимди, эртең кеч болуп калат. Бирок чогуу болсок кана...
– Мен бара албайм, суранбай эле кой — деди Бакыт жай. — Апам жакшы баса албай калды. Атамды жалгыз карай албайт. Мен кетсем, алар кимге калат?
– Сен жалгыз уул эмессиң!
– Бирок мен үйдүн кичүүсүмүн, алардын болгон үмүтү мен... — деди ал акырын.
Бул сөздүн артында канча жоопкерчилик жатканын Айсулуу да сезди. Бирок ал дагы эне болчу. Балдарынын эртеңин ойлогон эне эле.
– Кечир мени — деди ал күйөөсүн кыя албай.
Узак тынчтык өкүм сүрдү ортодо.
– Силерди кармап калсам, сен мага нааразы болуп каласың. Балким, өмүр бою кечирбейсиң. Силерди кетирсем, өзүм жалгыз калам. Бирок эркек кээде жалгыздыкты тандайт. Ата-энесин тандайт — деди. Анын үнү ушунчалык жай, акырын бирок болоттой бекем болчу.
– Бул сүйүүбү же өжөрлүкпү? — деди Айсулуу таң кала.
Жүрөгү экиге бөлүнүп кетип жатканын сезип турду, анткени ал Айсулуусун да, балдарын да жанындай жакшы көрчү.
– Бул милдет — деди ал акырын гана.
xxx
Айсулуу балдары менен шаарга кетти. Үй аңгырап калды. Балдардын күлкүсү, баягы кечки ызы-чуусу жок. Бакыт ата-энеси менен калып, ордунан тура албаган атасынын кашында. Анын оорусу бир аз басаңдаса ошого сүйүнөт. Алар да Бакыттын кыйналганын сезип турушту. Атасы кээде түн ортосунда ойгонуп алып, неберелерин сурап калат. Алардын жок экенин унутуп калат окшойт.
– Балдар келдиби?
– Жок, ата. Алар шаарда, окуп жатышат — деп жооп берет.
Атасы бир күнү мындай деди:
– Сен да бала-бакыраң менен кетсең болмок, балам. Биз үчүн өмүрүңдү токтотпо, мен сага ыраазымын. Ушул оору болбогондо сенин келечегиң да башкача болмок.
Бакыт башын чайкады.
– Силер мени адам кылдыңар. Мен силерди таштап кете албайм.
– Сен бизди эмес, өзүңдү кыйнап жатасың.
– Балким — деди ал. — Бирок бул кыйноо болсо да абийримдин алдында жүзүм жарык.
xxx
– Ата, мен англис тилин үйрөнүп жатам! — деди бир күнү уулу кубанып. — Мени мугалимдер мактап жатышат. Аларга дайыма сиз тууралуу айтам, биз сизди сагындык, ата.
– Ата, биз жаңы батирге көчтүк! — дейт кичүүсү.
Күндөр ушундай сагынычтуу маанайда өтүп жатты.
– Жакшы, балдарым. Окугула. Мен силер менен сыймыктанам.
Телефонду койгондо гана ал терең дем алчу. Үнсүз короого чыгып, караңгыга тигилчү. Ал өзүн күчтүү көрсөтүүгө милдеттүү болчу. Анткени алыстагы балдарына “атам жалгыз, кыйналып жатат” деген сезим жетпеши керек эле.
Арадан үч жыл өттү. Атасы оорудан көз жумду. Жаназа күнү Бакыт көзүнө жаш алган жок. Бирок түнкүсүн атасынын бош калган керебетинин жанында отуруп, биринчи жолу үнсүз ыйлады. Ушундай чоң сезими бар ата-энесине, аны эч нерсе менен теңеш мүмкүн эмес болчу.
– Ата, мен туура кылдымбы? — деп шыбырады.
Жооп жок болчу. Бирок ичинде бир тынчтык пайда болду. Ал милдетин аткарганын сезди. Апасы да көп узабай артынан кетти. Үй бош калды. Ошондо гана Бакыт шаарга көчүүгө камынды. Шаарга келген күнү балдары аны кучактап ыйлашты.
– Ата, эми кетпейсиңби, чогуу жашайбызбы? — деп сурады балдары кубанычтан чурулдашып.
– Эми мен силер мененмин — деди ал.
Кечинде Айсулуу экөө балкондо отурушту. Шаардын жарыктары жылдыздай жымыңдайт.
– Мен сага ыраазымын — деди Айсулуу. — Сен ошол кезде бизге нааразы болгон жоксуң, өзүңдү да тандаган жоксуң. Сен жоопкерчиликти тандадың.
– Мен силерди жоготуп алам деп корктум, эчен түн уктабай чыккан учурларым болду — деди Бакыт.
– Сен бизди жоготкон жоксуң. Сен биздин тамырыбызды сактап бердиң. Сени көргөн балдарың, эми бизге да ушундай мамиле жасашат. Башында сага ыза болгом, бирок кийин сенин чоң эрдик кылганыңды түшундүм. Дагы да сүйүүм, сыйым артты. Сен эң мыкты адамсың, Бакыт. Сендейлер аз. Балким, жоктур...
Бакыт үн каткан жок. Адатынча ойлуу гана отурду. Ал мактоо уккусу келген эмес. Ага үй-бүлөсүнүн амандыгы керек эле. Аман экен, минтип маңдайында. Ата-энесинин алдындагы милдетин толук аткаргандагы бакыты жүрөгүн тынчтандырып турду.
xxx
Кээ бир эркектер бар. Алар өзүн курмандык кылганда, аны эч ким байкабайт. Алар социалдык тармактарга кайгыларын жазбайт, өз азабын жар салбайт. Же жөн жерден күчтүү көрүнгүлөрү келбейт. Алар унчукпаган каармандар. Алар сүйгөндөрүнүн тынчтыгын тандашат. Жоопкер сезишет. Эрдик кылып жатканын билбей эрдик кылуу, кандай гана жакшы нерсе. Дал ушундай. Жасалмасыз, үнсүз...