Биз социалдык тармакта

ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА: КЫРГЫЗСТАН ТҮРКИЯНЫН ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Кыргызстандын делегациясы Түркияга болгон окуу сапарынын алкагында жашыл экономика, климаттык каржылоо жана көмүртек чыгарындысын башкаруу боюнча тажрыйба алды. Бул тууралуу 29-июлда Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, 21-23-июль күндөрү өткөн сапардын жүрүшүндө делегация Түркиянын жашыл таксономияны өнүктүрүү, жашыл инвестицияларды тартуу, парник газдарын көзөмөлдөө жана чыгарынды квоталары менен соода жүргүзүү системин киргизүү боюнча ыкмаларын үйрөндү.

Ошондой эле туруктуу инвестициялар, климаттык долбоорлорду каржылоо, өнөр жайды декарбонизациялоо жана көмүртек рыногун өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду. Делегация Анкара шаарындагы Votorantim Cimentos цемент заводунда болуп, экологиялык стандарттар, энергияны үнөмдөө жана чыгарындыны азайтуу боюнча колдонулган чечимдер менен таанышканы айтылат маалыматта.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1232, 31-июль-6-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан