Биз социалдык тармакта

ЭМГЕК МИНИСТРЛИГИ: ӨЛКӨДӨ ЖАКЫРЧЫЛЫК АЗАЙДЫ    

2025-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24 пайызга азайды. Мындай маалыматты Кыргызстанда 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча пландын долбоору талкууланган жыйында эмгек министринин орун басары Мирлан Байгончоков билдирди.

Чиновник белгилегендей, жакырчылыкты кыскартуу социалдык колдоо чаралары менен гана чектелбеши керек. Жаңы жана сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жарандардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө негизделиши шарт дейт ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24 пайызга чейин төмөндөдү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка аз. Программанын артыкчылыктуу багыттары катары аймактарда иш менен камсыз кылууну өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, ошондой эле эмгек миграциясы жана ички эмгек рыногуна кайтып келген жарандарды реинтеграциялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү белгиленген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1232, 31-июль-6-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан