Биз социалдык тармакта

КЫРГЫЗГИДРОМЕТТЕ КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМА АНЫКТАЛДЫ

ӨКМдин Гидрометеорология кызматында мамлекеттик бюджеттин каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу 29-июлда Башкы прокуратура билдирди.

Маалымдалгандай, Кыргызгидрометтин жооптуу кызмат адамдары узак убакыт бою мурда иштен бошотулган кызматкерлерге, ошондой эле айрым иштеп жаткан кызматкерлерге мыйзам боюнча төлөнүүгө тийиш болгон суммадан кыйла ашык акча каражаттарын которуп келишкен.

Аталган кылмыштуу схема кылдат жашырылып, узак убакыт иштеген. Мунун кесепетинен мамлекетке 16 миллион сом материалдык зыян келтирилген. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1232, 31-июль-6-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан