“Мен өзүмдүн өжөрлүгүмө ыраазымын” дейт ырчы Айгерим Эшим. Ырчылык жол татаал экенин, бир хит жараткыча башка миң ыр жаратууга туура келерин, ал эмгекти эл көбүнчө билбей каларын айтат. Ушул жана башка темада кенен баарлаштык.
- Салам, Айгерим! Кандай жаңылыктарыңыз бар?
- Саламатсыңар. Жаңылыктар бизде ыр жаздырмай, клип тартмай, чыгармачылык изденүү менен жүрөбүз. Адатта июнь, июль айларында эс алып, августтан тарта катуу иштеп баштайбыз.
- Жакында маммопластика жасатканыңызды жарыяладыңыз. Операция жасатууда эмне себептен улам бардыңыз?
- Мен ошол убакта катуу арыктап кеттим. Төрөгөндөн кийин организмде өзгөрүүлөр болот экен, кызым алты айга чейин эмип, анан эмбей койду. Дароо эмчектен чыгарып салганда төш калыбына келбей калат экен, өзүмө жакпай калды. Ошондон улам жасаттым, ал үчүн уялган деле жокмун.
- Бат арыктоо жолун кантип таптыңыз. Ден соолукка зыяны болгон жокпу?
- Төрөгөндөн кийин салмак кошком, дарылоо ыкмасы менен кайра арыктадым. Ден соолук, тескерисинче, жакшырып калат экен. Өзүмдү төрөттөн кийин колго ала албай, тамакты каалаган убакта жеп, жыргап эле жүрө бергем. Анан убагы келгенде өзүмдү колго алып, арыктадым. Бир күндө бир килограммдан салмак таштап жаттым, жалпы алганда 25 күндө 17 килограмм таштадым. Эрк күчтүү болуш керек экен. Андан кийин туура тамактанууну жолго койбосоң, кайра эле салмак кошуп алышың мүмкүн экен. Ошентип азыр туура тамактанып, өз убагында уктап, айтор, баары өз ордуна келип, өзүмдү сонун сезип калдым десем болот.
- Соцтармакта шайыр адамсыз, жашоодо деле ошондойсузбу?
- Ооба, соцтармакта кандай болсом, чыныгы жашоодо деле ошондой элемин. Шайыр-шатман, жашоону жеңил кабыл алган адаммын. Болгону видеолордо уялбагандай сезилем, жашоодо бир аз уялчаакмын. Мисалы, видео тартып жатканда жаныбызда башка адам болсо, тартынып жакшы аткара албай калам.
- Ал эми жолдошуңуз (ред.: ырчы Элзар Тиленбаев) тескерисинче оор басырыктуу көрүнөт...
- Ал мага караганда оор басырыктуу. Баш кошконубузга эки жыл болду, менин жасагандарыма көнүп калды. Башында “антпей эле койчу, тартпай эле койчу” деп бир аз тыйып, элден тартынып турчу. Менин болгонум ушул экенимди түшүндү окшойт, азыр мага кошулуп калды (күлүп). Мурун чачын жасай калып, видео тартып баштасам жашына калып жүдөй берчү. Азыр “кандай болсоң, ошондой эле жүрүш керек экен” деп калды. Мурун дүкөнгө чыкса деле кычырап жүрчү да. Мен болсо болгонумдай эле көчөгө чыгып кете берем. “Ырчы дайыма жасанып, сулуу болуп жүрүшү керек” деген “рамка” бар го, мен андан чыгып кетем.
- Токтоо эркек менен шайыр аял бири-бирин толуктап турат бекен? Үй-бүлөлүк тандем кандай болууда?
- Элзар жакындарыбыздын арасында аябай шайыр, окшош элебиз. Болгону ал элге мендей болуп дароо аралашып кетпей, өзүн бир аз салкын кармап, көнүшкөндөн кийин гана ачыла баштайт. А мен дароо эле жакындашып кетем. Элзардын сабырдуулугу Кудайдан берилген белек деп билем. Анткени шайыр жүргөнүм менен жиним келсе заматта чарт-чурт болуп кетем. Дароо бетке айтып салмайым бар. Сабыр кылмай жок, унчукпай ичке жутуп коймой жок. Дароо эле эмоциямды чыгарып салам. Эми гана жолдошумдун жардамы менен бир аз токтолуп бараткандаймын. Негизи эркек киши баарын таразалап, акыл калчап, өзүн кармачу жерден кармаш керек го. Жолдошумда мырзаларга тиешелүү бардык сапаттар бар. Жети өлчөп, бир кесет. Бир маселеде экөөбүз эки башка ойдо болсок, сөзсүз Элзардыкы туура болуп чыгат. Андыктан азыр мен ага баш ийип, угуп, акылына баа берип калдым. Мурун бир аз талашып-тартышып кетчүмүн, азыр талашпай эле дароо жеңилип берем (күлүп). Ата-энем жакшы тарбиялап, күйөөгө берди. Мындан ары күйөө тарбиялап кете берет окшойт.
- Сиздеги ачыктык, ойду эркин билдирүү сапаты кимден өткөн?
- Мен үй-бүлөдө жалгыз кызмын, агам жана иним бар. Ата-энем мени абдан эркелетип, эркин чоңойтушту. Оюмду ачык айтам, мүнөзүм ошондон калыптанды болуш керек. Мен үчүн бардык нерсе оңой, бир нерсени көйгөй кылып, эртеден кечке эзилип ойлоно бербейм. Анын үстүнө чүйлүкпүз да, жердик да таасир берет болуш керек.
- Ата-энеңиз чыгармачыл инсандар эмес. Сиздин ырчы болом дегениңизди туура эле кабыл алыштыбы?
- Мен беш жашымдан бери эле ырдап эл алдында жүрдүм да, андыктан менин тандоомо алар мурунтан эле даяр болчу. Тескерисинче, колдоп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы исскуство университеттине тапшыртышкан.
- Кыздуу болдуңуздар, сиз үчүн энелик статус эмнеси менен кыйын болду?
- Ишенесизби, мага такыр кыйын болгон жок. Кызым Каусария такыр оорчулук жараткан жок. Анткени Элзар аябай жардам берди, көп кыйынчылык ошол үчүн билинбей өтүп кеттиби дейм. Жолдошум аябай баласаак, кызыбызды жакшы карайт. Мен “анткен болбойт, минткен болбойт” деп чырылдай берген энелерден эмесмин. Элзар бир аз ошондой ата (күлүп). Кызыбызга бир аз эле бир нерсе болсо ыйлагысы келе берет. Биринчи балабыз болгон үчүн көп нерсени билбейм да, денесине бир кызыл чекит чыгып калса деле безилдеп кетебиз. Мага ушундай нерселер гана бир аз кыйынчылык жаратты.
- Айгерим Эшим деген аттын түптөлүшүндө кимге ыраазысыз?
- Бардык эле таанымал ысымдын пайда болушунун аркасында чоң эмгек бар. Элдер “ай, бул адам бир ыры менен эле таанылып кетти” дешет. Бирок ошол бир ырга чейин миң ыр жазылганын, ага кеткен эмгекти билишпейт. Мен “Көз мончогум” деген ыр менен таанымал болдум. Ал ырга чейин кандай эмгек кылганымды өзүм эле билем. 2015-жылдан бери сахнада келе жатам. Алгач “Кыз-Бурак” тобунда ырдап жүргөм, кийин жеке ырчы болдум. Далай окуялар, кыйынчылыктар болду, бирок мен кыйынчылыкка баш ийип калбай өжөрлөнө бердим. “Эк, менден ырчы чыкпайт окшойт” деп кол куушуруп отуруп калган жокмун. Баарына кол шилтеп күйөөгө тийип кеткен жокмун, иштейм деп Орусияга кетип калган жокмун, айтор, өжөрлөнө иштедим. Тапканымдын баарын ырчылыкка салып жаттым. Тырышып аракет кыла бердим. Атымдын элге таанылышына биринчи кезекте ата-энемдин, экинчиден өзүмдүн салымым көп. Мен өзүмө аябай ыраазы болом. Албетте, кийин жолдошумдун салымы күчтүү болду. Мисалы, “Көз мончогумду” алгач Элдар угуп, жаздырабыз деп мени макул кылган. Ал чыгарма мага ийгилик алып келген ак жолтой ыр болду.
- Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева