Биз социалдык тармакта

“ЧЕТ ӨЛКӨДӨН СҮЙҮҮ ТАБАБЫЗ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСПИЗ”. Кыргыз жигити менен корей кызынын сүйүү баяны

Түштүк кореялык Роза Кыргызстанга кантип келип, сүйүүсүн тапты? Бийкечтин жашоо образы, кыргыздын каада-салтына суктануусу, алдыда сүйүктүүсү Санжар Салибеков мырзага баш кошуу пландары жана кыялдары тууралуу кызыктуу маекке көз жүгүртүңүз, окурман.

 

- Роза, Кыргызстанга биринчи жолу кандай себеп менен келгенсиз?                  

Роза: - Кореянын Тышкы иштер министрлигине караштуу мекемеде иштеп жүргөндө Кыргызстанга кызматтык тапшырма менен келдим. Бул жерде Корея тарабынан колдоого алынган өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга катыштым. Анан Кыргызстанды чын жүрөктөн жакшы көрүп калдым.

- Бири-бириңиздерди алгачкы жолу көргөндө кандай ойлор болгон?

Р.: - Санжарды студияга барганда  көргөм. Мен башка улуттун кызы болгондуктан Санжар тартынып, көп сүйлөбөй, күлбөй турган. Башында бир аз чочулагам. Бирок тил жагынан түшүнүшүү кыйын болсо да, ал котормочу аркылуу дайыма менин абалымды сурап, кам көрүп турганы жакындан таанышууга кызыктырды. Эфирдегиден да мыкты болуп чыкты. Чыныгы жашоодо бою узун, келбеттүү жигит экен.

Санжар: - Алгач көргөндө сулуулугуна суктангам. Мага талапкер катары келгенин укканда, мамиле түзүп кетем деп такыр ойлогон эмесмин. Анткени чет өлкөлүк кыз менен сүйлөшөм деген ой түшүмө да кирчү эмес.

- Тил жагынан кыйынчылыктар болдубу?

Р.: - Башында тил маселеси чоң тоскоолдук болот деп ойлогонбуз. Адамды түшүнүүгө болгон каалоо тилден да маанилүү экен.

С.: - Азыр тил маселеси дээрлик тоскоолдук жаратпайт. “Сүйүүнүн тили жок” деген сөз чын экен. Экөөбүз корей, кыргыз, орус жана англис тилдерин аралаштырып сүйлөшөбүз. Көбүнчө англис тилин колдонобуз. Роза кыргыз тилин үйрөнүүнү пландап жатат.

Р.: - Кыргыз тилин толук үйрөнүүгө азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок. Бул үчүн өкүнөм. Кыргызстанга кайра келип, узагыраак жашап калсам, сөзсүз тил үйрөнүү борборуна барам. Азыр эң көп колдонгон сөзүм “жаным”. Санжардын номерин телефонума да ушул ат менен сактап койгом. Аны издеп же кайрылганда көбүнчө ушул сөздү айтам.

- Улуттук, маданий өзгөчөлүктөр мамилеңиздерге кандай таасир берди?

Р.: - Санжардын жардамы менен Кыргызстанды жөн гана турист катары эмес, жергиликтүү тургундай сезип жашадым. Тойлорго катышып, улуттук тамак-аштарды татып, кыргыз элинин жашоо-турмушун жакындан көрдүм. Мурда кызыктуу сезилген мамлекет азыр мен сүйгөн өлкөгө айланды.

- Санжар токтоо, Роза, сиз шайыр окшойсуз...

Р.: - Санжар мурдагыдан көбүрөөк күлүп калганын айтат. Анын сабырдуу, токтоо мүнөзү мага чоң таяныч. Биз ар башка болсок да, бири-бирибизде жетишпеген сапаттарды толуктап турабыз.

С.: - Роза менен эч качан зерикпейсиң. Ал кыйын учурда да маанайды көтөрүп, дайыма колдоо көрсөтөт.   

- Роза, кыргыздын кайсы салты сизди өзгөчө таң калтырды же суктандырды?

Р.: - Таң калтырганы кыргыздын тойлору болду. Жашы-карысы дебей чогуу бийлеп, ырдап, бири-бирине ак тилек айтканы абдан жакты.  

- Бул арада сиздердин мамиледе кандайдыр бир күлкүлүү окуялар болдубу?

С.: - Бир жолу Розага кыргыздын “операция пакет” деген тамашалуу салтын түшүндүрүп бергем. Башкача айтканда, тойдон калган тамакты ысырап кылбай үйгө алып кетебиз дедим. Бир күнү тойдо отурдук, баары жаштар болчу. Дасторкондон аз гана нерсе алышты. Розага “операция пакетти” баштай бер деп чыгып кеткем. Кайра келсем, үч чоң “пакетти” толтуруп коюптур. Оюндан уткан белектерин да кошуп коюптур. Кыргыздын жашоо образын эч тартынбай кабыл алганына абдан сүйүнгөм.

- Кыз-жигит катары сиздерге эң оор учур кайсы болду?

Р.: - Мен Кореяга кайтып кеткен күн эң оор болгон. Ошондо биринчи жолу аралыктан сүйлөшө баштадык. Кайра жолугабызбы же жолукпай калабызбы деген тынчсыздануу болгон. Азыр ишенимибиз бекем болгону менен, баары бир аэропорттон коштошкон сайын көзүмө жаш келет.

С.: - Биз үчүн эң чоң сыноо - аралык. Экөөбүздү миңдеген чакырым аралык бөлүп турат. Виза маселеси бар, каалаган убакта жолуга албайсың. Мындай мамиледе сабыр жана бекем сүйүү маанилүү.

- Айрым интернет колдонуучулар “Роза Санжарды көбүрөөк сүйөт окшойт” деп жазышат. Мындай пикирлерге кандай жооп берет элеңиздер?

Р.: - Табиятымдан эмоциямды ачык билдирген адаммын. Ошондуктан башкаларга ошондой көрүнүшү мүмкүн. Бирок биздин чыныгы сезимибизди өзүбүз гана билебиз. Санжар да дайыма жакшы мамиле жасоого аракет кылат. 

- Сиздердин сүйүүнү жакындарыңыздар кандай кабыл алышты?

Р.: - Башында эркин сүйлөй албагандыктан, Санжардын үй-бүлөсү менен жолугушуу алдында абдан тынчсыздангам. Бирок жылуу кабыл алышты.  

С.: - Ата-энем, туугандарым жана досторумдун колдоосу мен үчүн абдан маанилүү болду. 

- Үйлөнүү тойду качан деп жатасыздар?

С.: - Биз эки башка өлкөнүн жарандары болгондуктан, чече турган маселелер көп. Азырынча ошол иштерге көңүл буруп жатабыз. Материалдык каражат да маанилүү. Кыргызстан, Корея жана “Биз жолуктук” долбоорунда той болушу керек.

- Учурда сиздердин сүйүү баяныңыздар тууралуу тасма тартылып жатыптыр. Ушул тууралуу айтып берсеңиздер.

Р.: - Ооба, эл аралык маанидеги түгөй катары баштан өткөргөн окуяларыбыздын негизинде романтикалык комедия жанрында тасма тартылып жатат. Бул жөн гана сүйүү баяны эмес. Анда эки башка өлкөнүн бири-бирин таанып-билүү жолу чагылдырылат. 

- Тасма тартуудагы эң кызыктуу учур кайсы болду?

Р.: - Режиссёр Кыргызстандын кооз жерлерине алып барып тарткандыктан, кинодогу таң калган реакцияларымдын көбү чыныгы сезимдерим. 

- Сүйүү жаатында өзүңүздөр сыяктуу жаштарга кандай кеңеш айтасыздар?

Р.: - Мен башка өлкөдөн сүйүү табам  деп ойлогон эмесмин. Жашоо күтүлбөгөн белектерди тартуулайт экен. Жаш кыз-жигиттерге айтат элем: “Бул мага туура келбейт” деп эрте жыйынтык чыгарбай, жүрөгүңөрдү ачык кармагыла. Балким, бакыт силерге абдан жакындыр.

- Эмне үчүн “Роза” деген атты тандадыңыз?

Р.: - Канадада жашап жүргөндө англисче “Роуз” деген атты колдончумун. Фамилиям да “Ро” болгондуктан, ага үндөш ат издеп, “Роза” деген ысымды тандадым.

- Социалдык тармактарда мурда эле активдүү белеңиз?

Р.: - Жок. Социалдык тармактардан алыс адам болчумун. “Биз жолуктук” долбооруна катышып жатканда мага элдин  колдоосу ишеним берди. Азыр соцтармак аркылуу күнүмдүк жашоомду, сулуулук боюнча кеңештеримди бөлүшүп, 40 миңден ашуун Кыргызстандык менен байланышып келем.

 

Мээрим Дербишалыева 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1232, 31-июль-6-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан