Биз социалдык тармакта

СИЗДЕ АТА-ЭНЕҢИЗДИН КАЙСЫ САПАТТАРЫ БАР?  

Айлана чөйрөбүздөгү адамдардан “Атамды тартып өжөрмүн...”, “Апамдын боорукердик сапаты мага да өткөн...” деген сыяктуу сөздөрдү угуп калабыз. Бул жолу белгилүү инсандарга собол узаттык. Кимге ата-энесинин кайсы сапаттары өткөнүн чогуу билели. 

 

Калдарбек Абдраманов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери: “Ата-энемдин эмгекчилдиги бар менде”

– Атам токтоо, көп сүйлөбөгөн, таза, эмгекчил, бир сөздүү адам эле. Тартипти катуу талап кылчу. Апам дегенде анын пахтазарды аралай, башына бешикте жаткан бир жашар карындашымды көтөрүп, мени колуна жетелеп, алты жашар агамды артынан ээрчитип бараткан элесин эстейм. Түйшүкчүл, эмгекчил эле. Экөөнүн ушул жактарын да тарттым. Анан түнтмүн, бирок ичтен көңүлүм жумшак, өтө эле боорукермин. Атам усталык кылчу, мен болсо хирургиянын устасы болдум.

 

Кенже Дүйшеева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “Менде апамдын көтөрүмдүүлүгү, атамдын тыкандыгы бар”                                      

– Мен мүнөзүм, баскан-турганым, жасаган жумуштарымдан бери атамдын көчүрмөсүмүн. Атамдын балка-чот, темир-тезектеринин баары орду-ордунда турчу. Менин техникага жакындыгым да атамдан өткөн. Бардык нерсеге эпчилмин, үйдөгү бузулган буюм-тайымдарды өзүм эле оңдоп коём. Унаамдагы, үйүмдөгү буюмдарым дайыма жыйналып турат. Апам ачуусу келип турса да баарын акылга салып чечкен, көтөрүмдүү, адамдын жакшылыгын баалай билген жан эле. Мен да убакыттын өтүүсү менен ушул сапаттарды өзүмдө өстүрүп келем.

 

Гүлжигит Аалиев, хирург: “Атам бирөөнүн көңүлүн оорутчу эмес, мен дагы...”

– Атам партиялык кызматтарда иштеп жүргөн адам болчу. “Колуңдан келсе жаса, болбосо жасаба”, “баштадыңбы, аягына чыгар”, “бир нерсе болсо дароо ызы-чуу салбай, баарын тактап, анан чечим чыгар” деп айтчу жарыктык. Ушул сөздөрү мага өмүр бою ураан катары болуп калды. Мен ошентем. Атам дагы “адамдар ыйык, аларга туура мамиле кыл, көңүлдөрүн оорутпа, жөнү жок урушпа, боорукер бол” деп акыл-насаатын көп айтчу. Ушундай тарбия менен чоңойдум, боорукермин, бирөөлөрдүн көңүлүн оңою менен оорутпайм.

Атамдын тазалыгы, буюмдарын дайыма ордуна койгону, иштерин убагында бүтүрүшү, ичимдик ичпеген, тамеки тартпаган сапаттары да мага өткөн. Жаман адаттарым жок. Мурда бир аздан ичимдик татып койчумун, кийин биротоло токтотком.

 

Кубаныч Сатаев, ырчы: “Атамды тартып тазалыкка жакынмын”

– Атама, бизге ырчылык өнөр чоң энебизден өткөн. Анткени мыкты ырдайт, сөзмөр, санжыраны мыкты билген, жамактап сүйлөгөн, таза адам. Атам да аябай таза киши болгон. Үйдө, эшик-эликте желе-пеле же чаң көрсө өзү эле тазалап кирчү. Атамды тартып мен да тазалыкка жакынмын. 

 

Эгемберди Бекболиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Атамды тартып түнтмүн” 

– Атам түнт киши болчу, аз сүйлөчү. Мен мурда бир туугандардын арасында деле көп сүйлөчү эмесмин, азыр деле көп сүйлөбөйм. Театрда 50 жылдан бери жүрсөм да, азыр деле чоочун кишилер менен маектеше албайм. Бул сапат көп учурда жолтоо болот. Азыр бир неберем мага окшош. Эч ким менен иши жок, сүрөт тартат, бирдемени айтсаң, “ии” деп коёт да, өзү менен өзү жүрө берет. Апамдын болсо тазалыгы, жумшактыгы, бардык нерсеге аяр мамиле жасаган сапаты өткөн мага. Биздин тукумда ак чачтык бар, бул жагым да окшош. 1989-жылы түшкөн сүрөттө чачым кара, 1991-жылы түшкөн сүрөттө буурул болуп калыптыр. Бир жылдын ичинде эле катуу агарып кеткен.

 

Гүлзада Сартмырзаева, ырчы: “Апама окшоп түйшүкчүл жанмын”                                      

– Апамдын бир ордунда отурбаган түйшүкчүлдүгү, балдарын көп жумшабай, ишти өзү чуркап жасай берчү адаты, атамдын ойчулдугу өткөн мага. Атам   совхоздо кызматчы болгондуктан эртеден кечке иште жүрөр эле. Анан да бир жерди  карап мелтиреп ойлонуп отура берчү адаты бар болчу. Мен апамды аяп, эркектердин ишин да жасашып жардамдашчумун. Чалгы чаап, отун ташып, мал карашып дегендей. Ошол үчүнбү, азыр мен эркек кишинин жумуштарын ойлонбой эле жасай берем. Ал тургай кой союп жиликтеп салганга жарайм. Атамдын бак өстүрүп, аларды кыйыштыра билген сапаттары да бар менде.

 

Кутман Султанов, ырчы, тамада: “Атамдын улакка кызыккан сапаты мага өттү”                                 

– Ата-энемдин меймандостугу, кең пейилдиги, баары жокко тегиз карап мамиле кылганы, баласаактыгы, жакшы ырдоо жөндөмдөрү мага да өткөн. Эмдигиче “ашың болбосо да кашың болсун” деп кеңеш айтып калышат. Тойлордо ырдашып кыстырма, байгелерди алышат. Атамдын улакчылыгы да өттү мага. Анан ата-энемдин кайда болсо да ээрчишип чогуу жүргөнү мага жуккан. Мен да Мунарамды унаа оңдоткону баратсам деле жаныма салып алам. 

 

Тотомидин Жолдошев, ырчы: “Апамдын сабырдуулугу, атамдын мээнеткечтиги бар”                                   

 – Союз учурунда ата-энем чабан болуп иштеген. Бул иш өтө чоң   жоопкерчиликти талап кылган. Экөө тең мээнеткеч жандар эле. Бизди да ошого үйрөтүшкөн. Атам боорукер, ак көңүл адам болчу. Бизди да күндө эртең менен эрте тургузуп, иштерди күн ысып кеткиче бүтүртчү. Короо-жайды таптаза жыйнатып, баарын орду-ордуна койдуртчу. Ушул адаттары менде да бар эле, шаарда жашаганы жоголуп, жалкоо тартып баратам.

Апамдын мүнөзү аябай жакшы, бирок ачуусу келип калганда коркуп кетебиз. Апамдын тилин атам тапчу, бирок атамдын көзү өтүп кетти. Апамдын ошол мүнөзү менде бар. Көпкө чейин сабыр кылып чыдайм, анан бир жарылганда мени эч ким токтото албай калат. Ошого ачууланып турган учурда бирөөнүн көңүлүн оорутуп аламбы деп корком. Ушул адатымды таштай албай келе жатам. Апам мага “мүнөзүң таякеңдикинин эле өзү” деп калчу. Көрсө, таякем менен апамдын кыялы окшош эле экен.

 

Амантур Мусаев, актёр: “Атамдын бат сүйлөгөн жагын алдым”                               

– Ата-энем өмүр бою мугалим болуп иштеген адамдар. Мен актёр болгонум менен канча бир даражада алардын жолун жолдодум десем болот. Анткени учурда балдарга актёрдук чеберчиликтен сабак берип жатам. Атамдын шашып, бат-бат сүйлөгөн сапаты менде да бар. Шашканымда абдан эле бат-бат сүйлөп жиберем.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1233, 7-13-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан