Кеч турмуш куруу мурда өөн учураса, бүгүнкү күндө кадимки көрүнүш болуп баратат. Мунун себептери көп, алардын бири – материалдык жагдай дешет адистер. Төмөнкү макаланы ушул темага арнадык.
Себептери
Экономикалык жагдай. Үй-жай, туруктуу жумуш табуу, үлпөт тойдун чыгымы жаштарды никени кечеңдетүүгө түртүүдө.
Миграция. Көп жаштар чет өлкөдө иштеп, үй-бүлө курууну улам кийинкиге жылдырууда.
Талаптардын өзгөрүшү. Аялдар да, эркектер да болочок түгөйүнө мурдагыдан жогору талап коё баштады дешет адистер.
Ажырашуудан коркуу. Коомдо ажырашуулардын көбөйүшү айрымдарды никеге этият мамиле кылууга түртүүдө.
Социалдык медианын таасири. “Идеалдуу” өнөктөш тууралуу түшүнүктөр реалдуу жашоодо түгөй тандоону кыйындатууда.
Психикалык даярдыктын жетишсиздиги. Жоопкерчиликтен качуу же үй-бүлөлүк мамиле курууга даяр эместик да себеп болууда.
Медициналык жагдай. Аялдардын төрөт жөндөмдүүлүгү жаш өткөн сайын акырындап төмөндөйт, айрыкча 35 жаштан кийин өзгөрүүлөр көбүрөөк байкалат. Эркектер да жаш өткөн сайын айрым репродуктивдик өзгөрүүлөргө туш болушу мүмкүн.
Кесепеттери:
Төрөттүн азайышы жана калктын өсүү ыргагынын төмөндөшү.
Жалгыз жашаган адамдардын санынын көбөйүшү.
Демографиялык жана социалдык көйгөйлөрдүн күчөшү.
Салттуу үй-бүлө институтуна көз караштын өзгөрүшү.
Кыргыз менталитетинде үй-бүлө ар дайым негизги баалуулук катары эсептелет. Ошондуктан бул маселе социологдор, демографтар жана мамлекеттик органдар тарабынан да көңүл бурууга тийиш болгон тема болуп саналат.
Сөзсүз турмушка чыгуу керекпи?
Айрым жаштарда “турмуш курбай койсо эмне болмок эле?” деген ой жашап жатканы ырас. Алгач никелешүүнүн зарылдыгын билип алуу оң болор. Нике — бул эки адамдын жөн гана чогуу жашоосу эмес, өз ара укук-милдеттерди, жоопкерчиликти жана үй-бүлөнү түзүүнү камтыган коомдук институт.
Никенин негизги максаттары:
Ар-намысты жана адеп-ахлакты сактоо
Тынчтык жана сүйүү табуу
Урпак улоо жана балдарды тарбиялоо
Бири-бирине колдоо көрсөтүү
Үй-бүлө институтун бекемдөө.
Ошол эле учурда нике бакыттын же бактылуулуктун кепилдиги эмес. Бактылуу үй-бүлө болуш үчүн эки адам тең бири-бирин урматтап, ишенимдүү болуп, жоопкерчиликти бөлүшүүгө даяр болушу керек. Кандай болгон күндө да жупташып жашоо, тукум улантуу – табигый миссия бойдон калууда.
Каалоо жана аракет...
Аялдар үчүн жаш курактын жогорулашы эркектерге караганда коркунучтуураак. Анткени аялзатында эркекке салыштырмалуу эмоция көбүрөөк болгон үчүн бирөөгө кам көрүүгө, сүйүүгө жана сүйүүлүүгө муктаж. Андыктан депрессияга түшүүгө убакыт жок. Каалоо, максат жана аракет гана жыйынтык берет.
Талаптарды кайра карап көрүү керек Негизги баалуулуктарды (мүнөз, жоопкерчиликтүүлүк, ишеним сыяктуу) экинчи даражадагы нерселерден (кымбат унаа, чоң үй, көп киреше) айырмалай билиңиз. Сиз бактылуу үй-бүлө курганы жатасыз, материалдык байлыкты чогуу таба алышыңар мүмкүн.
Өзүңүздү да өнүктүрүңүз.
Жакшы жубай издеп жатсаңыз, өзүңүз да жакшы жар боло турган сапаттарды өнүктүрүңүз: сабырдуулук, баарлашуунун жогорку деңгээли, жоопкерчиликтүүлүктү күчөтүү керек.
Тааныштык чөйрөңүздү кеңейтиңиз
Жумуш, окуу, коомдук иш-чаралар, тууган-урук жана ишенимдүү тааныштар аркылуу жаңы адамдар менен таанышууга ачык болуңуз. Таанышуудан коркпоңуз, бул нормалдуу көрүнүш. Таанышуу көңүлдөгүдөй болбой калса, андан сыгылган лимондой болуп чыгуунун кереги жок. Бул табигый процесс, сиз жана каршыңыздагы адам издөө режиминде.
Соцтармактагы “идеалдуу” жашоого ишенбеңиз
Интернет желесиндеги кооз, бактылуу, идеалдуу көрүнгөн жашоо көп учурда чыныгы турмушту чагылдырбайт. Андыктан айрымдардын “жасалма” жашоосуна алданып маанай чөктүрбөңүз.
Чечим кабыл алуудан коркпоңуз.
“Балким, мындан да жакшысы жолугат” деп көпкө күтүп жүрүү кээде жакшы мүмкүнчүлүктөрдү колдон учуруп жибериши мүмкүн. Критерийдеги негизги гана пунктарга туура келдиби, демек, ойлонуп көрүңүз. Же бир жакшы сапаты жактыбы, калганын айран уюткандай уютуп, көңүлгө толтуруп алуу мүмкүн.
Ден соолугуңузга көңүл буруңуз
Аялдар - келечектеги энелер. Андыктан репродуктивдик ден соолукту текшертип туруңуз.
“Жакшы кыз жок” деген жооп жарабайт
Айрым эркектерден эмнеге үйлөнбөй жүргөнүн сурасаң “жакшы кыз жок” деген жоопту беришет. Бирок ошол “жакшы кыз” жанында эле жүргөнүн байкабай калышат. Андыктан жар издөөнүн да жагдайларына токтоло кетели.
• Азыр заман башка, аялзатында да тандоо укугу бар экенин алгач жакшы түшүнүңүз. Анын “үйлөнгөндөн кийин кайда жашайбыз?” же “келечекте бизди эмне күтөт?” деп сурашы байлыкка кызыгуунун белгиси эмес. Ал болгону эртеңки жашоосуна кам көрүп жатат. Дароо эле “жакшы кыз эмес окшойт” дебей, эмне иш кылаарыңызды, эртең жашоону кантип улантарыңызды айтыңыз.
• Жолугушууга барганда жакшы кийинип, гүл алып барганыңыз жакшы маанай тартуулайт. Жактырышпай калсаңыздар деле айымда “мырза экен” деген пикир калтырасыз.
• Үйлөнүүнү себепсиз эле кийинкиге жылдыра бербеңиз. “Бутка туруп алайын”, “баары идеалдуу болгондо үйлөнөм” деген ой билинбей жылдарды өткөрүп жиберет. Үй-бүлө көп учурда эки адамдын бирге аракеттенүүсү менен курулат.
• Жоопкерчиликтен качпаңыз. Идеалдуу шартты күтүүдөн көрө, үй-бүлө багууга болгон даярдык жана эмгекчилдик маанилүүрөөк. Алгач эле кыз сизден күткөн нерсе үй бүлөгө болгон жоопкерчилик.
• Өзүңүздү өнүктүрүңүз. Кесиптик жөндөмүңүздү, киреше булагыңызды, ден соолугуңузду жана баарлашуу маданиятыңызды жакшыртыңыз.
• Талаптарыңызды реалдуу коюңуз. Болочок жубайыңыздан кемчиликсиз адамды күтпөңүз. Майда чүйдөсүнө чейин сын көз менен карабаңыз, аялдар ийкемдүү зат келет. Ал сиз каалагандай калыпка тез эле келип калышы мүмкүн. Башкы сапаттарына караңыз. “Алган жары жарашса, кара катын ак болот” деген кеп бар.
• Ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Үй-бүлөлүк жашоо үчүн физикалык жана психикалык саламаттык да маанилүү.
• Чечкиндүү болуңуз. Эгер ылайыктуу адамды жолуктурсаңыз, убакытты ашыкча создуктурбай, үй-бүлө куруу боюнча так чечим кабыл алууга аракет кылыңыз.
Нуржамал Жийдебаева