Биз социалдык тармакта

ӨСПҮРҮМ КЫЗДАР КАБЫЛЧУ ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАР

“Өспүрүм куракта деле кыздар чоң аялдарда кездешчү гинекологиялык ооруларга туш болушу мүмкүн”,- дейт гинеколог Бактыгүл Абдраманова. Айтымында, энелер бул жаатта кызына кеңешчи болуп, врачтын текшерүүсүнө алпарып, ар кандай оорулардын алдын алууга тийиш. Төмөнкү макалада азыркы учурда көп кездешип жаткан оорулар тууралуу маалымат беребиз.

 

Вульвит                                         

Сырткы жыныс органдары: жыныс эриндери, клитор жана жыныс кынынын оозу “вульва” деп аталат. Ал эми алардын сезгениши “вульвит” деген аталышка ээ. Оорунун белгилери: кычыштыруу, кызаруу, шишимик тартуу, заара ушатканда оорутуу. Оорунун пайда болушун инфекциялар, грибок сымалдар, аллергия, эстроген гормонунун жетишсиздиги, жаракаттар козгойт. Гигиеналык талаптарды сактабагандан да болот. Мындайда кызды балдар гинекологуна алып баруу керек. Ал ооруну эмне козгогонун аныктоо үчүн мазок алып текшерет. Анан ошого жараша дары-дармек жазып берет. Аларга сезгенүүнү кетирүүчү каражат, антибиотик же грибоктон улам болсо, аны жок кылуучу дарылар сунушталат. Кычыштырууну басуучу антигистаминдик таблетка же гель сөзсүз кошулат. Самынсыз жөн гана таза, жылуу суу же ромашка, календуланын кайнатмасы менен жуунуу сунушталат. Жыныс кынынын оозуна тие бербегидей материалы пахтадан болгон кенен трусы кийиши зарыл. Дарылануу 7-10 күнгө созулат. 

Вульвовагинит                                   

Бул вульванын жана жыныс кынынын былжыр челинин сезгениши. Келип чыгышына жараша бактериалдык, вирустук, грибоктук, аллергиялык деп бөлүнөт. Ошондой эле гормоналдык өзгөрүүлөрдөн, гигиенаны сактабагандан, “молочницадан” жабыркагандан да келип чыгат. Оорунун белгилерине катуу кычыштыруу-ачыштыруу, кызаруу, шишимик тартуу, заара ушатканда ачыштырып оорутуу, анан жыныс кынынан суюктуктун бөлүнүп чыгуусу кирет. Суюктук быштак сымал, ириңдүү же суу сымал болушу мүмкүн. Дарылоо вагиниттегидей эле жүрөт. Андагы дарылар мында деле колдонулат, болгону антибиотиктин күчтүүрөөгү жазылып берилет. 

Сальпингит

Сальпингит – жатын түтүкчөлөрүнүн сезгенүүсү. Оору төмөнкү себептерден улам жаралат:

• Этек кир учурунда гигиенаны сактабагандан бактериялардын жыныс кынына кыздык чел кабыктын тешикчелери аркылуу кирип кетишинен

• Гайморит, тонзиллитте микробдордун канга кошулуп, анан кан менен барып сезгентишинен

• Ичегидеги сезгенүүлөрдөн

• Аппендициттин ириңдеп кетишинен

Башкача айтканда, ооруну стрептококк, стафилококк, ичеги таякчасы, энтерококк, грибоктор козгойт. Кыз жыныстык жашоого эрте аралашкан болсо да оору козгогучтарды жугузуудан ооруйт. Ооруну төмөнкү белгилерден билсе болот:

• Ичтин төмөн жагынын катуу оорушу

• Дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, калтырап-титирөө

• Шалдыроо, баштын оорушу, кускунун келиши

• Жыныс кынынан суюктуктун агышы

Врач диагноз коюу үчүн УЗИге текшертип, кан жана зааранын анализин, мазок тапшыртат. Дарылабаса жатын түтүкчөсүнүн сезгенүүдөн улам жабышып бүтөлүп калуусу күтүлөт. Бул кийин тукумсуз болуп калышы ыктымал дегендик. Дарылоо ичине антибиотик, жыныс кынынын ичиндеги пайдалуу флораны сактоо үчүн пробиотик, сезгенүүгө каршы каражатты, оорутууну басуучу дарыларды камтыйт. Дарылоо бүткөндөн кийин кайра УЗИден текшерилип, кан жана заара анализи тапшырылат.

Аменорея                                          

Бул 15 жаштан өтсө дагы этек кирдин келбеши. Же келсе да 3-6 ай келип токтоп калышы. Келип чыгышын төмөнкү факторлор шарттайт:

• Туура эмес тамактануунун айынан салмагынын аздыгы, жаш курагына карабай оор жумуш жасоо менен арыктап кетүү. Мындан гормондордун иштелип чыгышы үчүн керектүү витамин, микроэлементтер жетпей калат.

• Стресс. Мектепте сабактан кийин дамамат алып калып окутуудан, ийримде узак убакыт болуп чарчоодон стресс жаралат. Психикалык жактан жабыркоо гормондордун иштешин өзгөртөт

• Калкан сымал без, бөйрөк үстүндөгү безде оорунун бар болушунан же пролактин гормонунун көбөйүп кетишинен да болот.

• Кыздын кыздык чел кабыгы туюк жаралып калып, этек кирде кандын чыга албай калуусу. Мындай учурларда гинекологдорго хирургдар жардамга келет. Алар кыздык чел кабыктан кан агып чыга тургандай кылып майда тиликтерди жасап коюшат.

• Тубаса патологиялар. Мисалы, кыз жатыны же эн бездери жок төрөлүп калышы мүмкүн. Жатыны жок болгону менен, энелик бези барлар жыныстык жактан жетилет, эмчек, түктөрү чыгат. Болгону турмушка чыккандан кийин төрөй албайт. Бирок карын энелик (суррогатная мать) кызмат аркылуу балалуу боло алышат.

Жогоруда айтылган 1, 2 жана 3-себептен улам дарылоодо анализдеринин жыйынтыгына жараша дары-дармек, витамин, микроэлементтер, гормоналдык дары жазылып берилет. 1 курс дарылангандан кийин кайрадан текшерилет. 

Киста                                             

Кыздар сууктан улам эн безин сезгентип алышса, эн безинде киста пайда болушу мүмкүн. Өлчөмү кичине болсо билинбейт, аябай чоңоюп кеткенде оорутуу башталат. Ич ооруйт, жыныстык кындан суюктук келиши ыктымал. Гинеколог мындайда кызды УЗИден текшертип, кистанын өлчөмү аябай чоң болсо анын сорулуп кетишин шарттоочу дарыларды жазып берет. Дарылоодон кийин 2-3 ай кыз гинекологдо байкоодо болот. Кистадан арылуу үчүн операция жасатуунун кереги жок. Айрым аймактарда хирургдар операция жасап салышат, бул туура эмес. Операциядан кийин жатын түтүкчөлөрү жабышып калып, кийин тукумсуздукка алып келиши мүмкүн.

Оорулардын алдын алуу чаралары

• Ар бир кыздын өзүнүн гигиеналык жеке буюмдары, мисалы, самыны, дене жышкычы, сүлгүсү болуусу шарт.

• Жуунуп туруу. Сырткы жыныс органдарын убагы менен жууп туруу. Жууганда арттан алдыны көздөй эмес, алдынан артты көздөй жуушу зарыл. Бул көтөн чучук тараптагы бактериялардын кокустан жыныс кынына кирип кетпеши үчүн керек. Кыздарды гигиенаны сактоого 4 жаштан баштап апасы үйрөтө башташы кажет.

• Трусысын күн сайын которуп, гипоаллергендик порошок менен жууп турушу шарт.

• Пахтадан токулган кездемеден тигилген ич кийимдерди кийгизүү керек.

• Апалар кызынын ичегисинде мите курттардын бар же жогун билүү үчүн убак-убагы менен анаилиз тапшыртып, текшертип турууга тийиш.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1233, 7-13-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан