Биз социалдык тармакта

КАНТИП СҮЙҮҮ КЕРЕКТИГИН БИЛБЕГЕН КИМ ХЕ ЮН 

Белгилүү адамдардын өмүр таржымалы менен тааныштырууну улантабыз. Бул ирет түштүк кореялык актриса, тасмадагы ролдору менен таанымал болгон Ким Хе Юн тууралуу маалымат беребиз. Корейлердин дорамаларын кууп көрсөңүз, “Сон Жени карма да, чурка” сериалындагы баш каармандын образын Ким Хе Юн жаратканын билесиз. Алгач мектеп окуучуларынын ролу менен башталган карьерасы азыр олуттуу каармандарга жетип калды. Анда актрисанын жашоосундагы фактылар болсун алдыда.

 

Туулган жери: Түштүк Корея, Соннам

Туулган жылы: 1996-жыл, 10-ноябрь

Жылдыз белгиси: чаян

Бою: 160 сантиметр

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Сон Жени карма да, чурка”, “Гелиос”, “Подснежник”, “Сальмокжи: Шыбыраган суу”, “Бүгүнкү күндөн баштап мен адаммын”, “Кокустан кезиккен Ха-ру” жана башка

 

Сандар менен

Ким Хе Юн быйыл 30 жашка чыгат. Актрисалык кесибин мындан 13 жыл мурун, 17 жашында, 2013-жылы баштаган. 13 жыл аралыгында 50дөн ашык тасма, сериал жана телеберүүлөргө тартылган. Кино карьерасында алган сыйлыктарынын саны – 31.

Көп сүйлөйт...

Актриса жарык дүйнөгө келген Соннам шаарын корейлер “Сеулдун жандоочу-шаары” деп коюшат. Калкынын жыш жайгашканы боюнча да алдыңкы саптарда турат. Ким Хе Юнду кесиптештери “кино чөйрөсүндөгү бат тил табышкан, сүйлөшкөндү жакшы көргөн актриса” деп сүрөттөшөт. Бул мүнөз анда кичинекейинен эле калыптанган. Шайыр, ким менен болсо да тил табышкан, жөнөкөй кыз болчу. Быдылдап басылбай сүйлөй берип ата-энесинен көп тил укканын жылмаюу менен эскерет. Ал эмес китеп окуганда ичинен окуй албай, үнүн чыгарып окучу экен. Жалгыз болгонунда деле күбүрөнүп сүйлөнүп жүргөнүн айтышат жакындары. Бир жакка шашып жаткандай бат-бат сүйлөгөн Хе Юндун бул сапатын анын жөнөкөйлүгү деп да билсе болот.

Алдыңкы студент

Кесип тандоодо апасы жардам берген. Анткени кызы күндө бир кесипке ооп, бир чечимге келе албай жатканын байкап, “сага актриса болгон жарашат” деп кеңеш берген. Анда Ким Хе Юн 8-класста окучу. Ошондон баштап актриса болууну максат койгон. Мектепти аяктагандан кийин жаңылбай киноиндустриясын тандап, Конкук университетинин киноискусство бөлүмүн артыкчылык менен окуп, толук стипендия алганга жетишкен. Анын окууга болгон талпынуусу мугалимдерге майдай жагып, сыймыктуу студенти катары баалап турушчу.

1-жолу ужас киного тартылган

Алгачкы жолу окуучу кезинде, 17 жашында “Жашынмак” аттуу ужас жанрындагы тасмада окуучу кыздын ролун аткарган. 160 сантиметр чакан бою көп убакыт бою анын окуучулардын же болбосо башкы каармандардын кызынын ролун аткарууга түрткү берген.

Алгачкы популярдуулук алып келген ролу да окуучунуку эле. 2018-жылы чыккан “Асман ак сарайы” дорамасында “жакшы оку, врач болосуң” деген ата-энесинин басымында жүргөн Кан Е Сонун образын жараткан. Дал ушул ролу ага алгачкы кино сыйлыктарды да алып келген. Андан кийин анын популярдуулугун бекемдеген “Кокустан кезиккен Ха-ру” дорамасы болду. Анда актёрлор Роун жана Ли Жэ Ук менен тартылган. Ал эми актрисага дүйнөлүк атактуулук тартуулаган 2024-жылкы “Сон Жени карма да, чурка” дорамасы десек жаңылбайбыз.

“Эпизоддук ролдордун канайымы”

Ким Хе Юн кино чөйрөсүнөн ордун таап, атактуулукту багынтканга чейин көптөгөн тасмаларда экинчи пландагы ролдорго гана тартылганы үчүн ага “эпизоддук ролдордун канайымы” деген ат жабышкан. Ал чакан роль жараткан тасмалардын арасында хит болгондору да бар. Мисалы, “Гоблин”, “Көк деңиз уламышы”, “Чыныгы сулуулук” сыяктуу популярдуу дорамалардан да “чуркап өткөн” Ким Хе Юнду көрсөк болот. Бирок эпизоддук роль болсо да ал тажрыйба топтоду, тааныш күттү, минуска кеткен жок.  

Кантип сүйүү керек?

Бул суроону актриса өзүнө көп берет. Кантип сүйүү керек? Ким Хе Юн жашоодо башкаларга окшоп “мындай мырза менин идеалым” деш ал үчүн оор экенин айтат. Кино талаасында, тартылган сериал-тасмаларында өнөктөшү менен “химияны” жакшы чагылдырганы менен, каарманы эмне үчүн ал адамды сүйүп калганына түшүнө албайт. Башкача айтканда, сүйүү эмне экенин билбейт. Ошондуктанбы, айтор, азырынча анын сүйүү романдары тууралуу так маалыматтар жок. “Өз адамына” жолуккан кезде сүйүүнүн аныктамасы кандай болорун айтып калат деген ишенимдебиз.

Актриса тууралуу кызыктуу фактылар

  •  Ким Хе Юнду клиптерден да көрсөңүз болот. Кимдердин: Бигмен (Юн Дэ Вун), Жей Пак жана Ким На Ен аттуу ырчылардын клиптерине тартылган.
  •  Ырчылардан алыстабай дагы бир факт: айдолдор менен бирге сериалдарга да тартылган. Роун менен “Кокустан кезиккен Ха-ру”, Blackpink’теги Жису менен “Подснежник” жана Super Junior тобундагы Шивон менен “Гелиос”, “Чыныгы сулуулукта” Ча Ын У менен бирге иштешкен.
  •  Сакадай бою сары алтын кичинекей актриса гамбургер жегенди жакшы көрөт. Анын келбетинен гамбургер жегени байкалбайт деле. Анткени спорт менен баарын калыпка келтирип коёт.
  •  Фортепиано черткенди билет. Эстрада жана джаз жанрлары боюнча вокалдан сабак алган.
  •  Англис тилинде эркин сүйлөп, түш жоруп бере алат.
  •  Режиссёрлор актрисаны “эмоционалдык сценалардын ханышасы” дешет. Анткени ал “ушул жерден ыйлашың керек” деп команда берилери менен атайын көзгө тамчылатып ыйлатчу каражатсыз эле бырылдап ыйлап бере алат.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1233, 7-13-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан