Биз социалдык тармакта

Айдана Айбашова, “Кыргызстан сулуусу-2026” сынагынын жеңүүчүсү: “ААЛАМ СУЛУУСУ БОЛСОМ ДА, АДАМ БОЙДОН КАЛЫШЫМ КЕРЕК”

Жакында “Кыргызстан сулуусу–2026” сынагы өтүп, анда 23 жаштагы Айдана Айбашова жеңүүчү болду. Кесиби экономист, учурда мамлекеттик кызматта иштеген жана 5 тилде эркин сүйлөгөн сулуу эми Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууну көздөп жатат. Анын балалык кыялы, жеңишке жеткирген жолу, жашоодогу принциптери жана “Аалам сулуусу” сынагына даярдыгы тууралуу маек курдук. 

 

- Айдана айым, жеңиш кут болсун! Алгач өзүңүз тууралуу маалымат уксак?                     

- Рахмат! Мен 23 жаштамын, Бишкек шаарында төрөлүп-өскөм. Ата-тегим Кара-Балта шаарынан. 2 эжем жана иним бар.  Жөнөкөй, бирок мээримдүү үй-бүлөдө чоңойдум, балалыгым абдан бактылуу өттү. Ата-энем жакшы тарбия берип, билим алуума жана өзүмдү өнүктүрүүгө дайыма колдоо көрсөтүштү. Кичине кезимден эле активдүүмүн, жаңы нерселерди үйрөнүүнү жакшы көрөм.

- “Кыргызстан сулуусу-2026” сынагына кантип катышып калдыңыз?                          

- Бул сынак мен үчүн жөн гана сулуулук сынагы эмес эле. Бала кезимден берки чоң кыялдарымдын бири болчу. Өзүмдү сынап көрүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу жана Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу деңгээлде көрсөтүү максатым бар эле. Ошол кыялым ээрчитип келди бул сынакка. Эки айдай даярдандык. Бул аралыкта туура тамактанууга, сахнада туура басууга, өзүмдү алып жүрүүгө жана сүйлөө чеберчилигимди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурдум.

- Жеңем деген ишеним бар беле?                  

 - Ар бир катышуучу жеңишке үмүт кылат. Мен дагы өз күчүмө ишенип бардым. Бирок жеңиштен мурун өзүмдү эң мыкты деңгээлде көрсөткүм келген.

- Өлкөнүн сулуусу наамына ат салышуу оңой эмес, кандай кыйынчылыктар болду?                                          

- Даярдык абдан кызыктуу жана жоопкерчиликтүү өттү. Ал эми кыйынчылыгы - убакытты туура бөлүштүрүү болду. Анткени жумушум менен даярдыкты айкалыштыруу оңой болгон жок. Бирок ар бир кыйынчылык мени күчтүүрөөк болууга үйрөттү.

- Тынчсызданып жаттыңызбы?                       

 - Албетте, абдан тынчсыздандым. Сынак адилеттүү болбой, жеңилип каламбы деп корктум. Мурда мындай сынактарга анча ишене берчү эмесмин. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө Жаратканга болгон ишенимимдин аркасында жеңишке жетип, кыялым орундаларын сезчүмүн. Кыялым ишке ашты.

- Чоң сахнага биринчи жолу чыгышыңызбы бул?                                                

- Ооба. Чоң сахнага биринчи жолу чыгышым. Башында абдан толкундандым, бир аз уялдым дагы. Ошондой эле сахнада алгачкы жолу бийледим. Бирок сахнага чыккан соң акырындык менен өзүмдү эркин сезе баштадым.

- Башка катышуучулар менен мамилеңиз кандай болду жана алардан эмнеңиз менен өзгөчөлөнө алдым деп ойлойсуз?                                

- Баарыбыз бири-бирибиз менен жакшы мамиледе болдук. Кыздардын жылуу мамилеси мага чоң колдоо болду. Биз бири-бирибизге дем берип, абдан жакшы атмосфера түзө алдык. Ар бир катышуучу өзгөчө. Менин айырмачылыгым көп тил билгеним, эл аралык тажрыйбам, максатка умтулган мүнөзүм жана Кыргызстанды эл аралык аренада сыймыктануу менен көрсөтүүгө болгон каалоом.

- Бул сынак сизге кандай сабак берди?                

- Бул сынак өзүмө болгон ишенимди арттырды. Команда менен иштөөнү, сахнада өзүмдү эркин алып жүрүүнү, стрессти башкарууну жана ар бир мүмкүнчүлүктү баалоону үйрөндүм. Бул тажрыйба келечектеги чоң максаттарыма бекем негиз болуп берет.

- Өзүңүздүн эң күчтүү сапатыңыз кайсы деп ойлойсуз?                                  

- Эмгекчилдик, жоопкерчиликтүүлүк жана максатка умтула билгеним. Баштаган ишимди сөзсүз аягына чыгарууга аракет кылам.

- Билимиңиз кандай, кайсы кесиптин ээси болосуз?                                                 

- “Ала-Тоо” эл аралык университетинин Экономика, финансы жана кредит факультетин бүтүргөм. Ал жерде кесиптик билим алып эле тим болбостон, инсан катары да өсүп-өнүктүм. Ар кандай долбоорлорго катышып, жаңы досторду таптым. Мындан тышкары, Erasmus программасы аркылуу бир жарым жыл Европада билим алдым. Бул сапар дүйнө таанымымды кеңейтүүгө жана өзүмдү ар тараптан өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берди.

- Полиглот окшойсуз, 5 тилди кантип өздөштүрдүңүз?                                         

- Тил үйрөнүүгө ар дайым кызыгып келем. Кыргыз, орус, англис, француз жана түрк тилдеринде сүйлөйм. Ар бир тилди практика аркылуу, китеп окуп, кино көрүп жана ошол тилде сүйлөшүүгө аракет кылып өздөштүрдүм. Түрк тилин иш жүзүндө колдонуум азырынча азыраак.

- Мамлекеттик кызматта иштейт экенсиз, кайсы ишти аркалайсыз?                                  

- Учурда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү бөлүмүндө адис болуп иштейм. Жумушум мага баалуу тажрыйба жана кесиптик өсүү берди. Жакынкы келечекте өзүмдү жаңы багытта сынап көрүүнү, башка тармакта дагы өнүгүүнү каалап жатам.

- Мисалы?

- Келечекте эл аралык деңгээлде Кыргызстанды тааныткан долбоорлордо иштеп, коомго пайдалуу иштерди жасагым келет. Ошондой эле кайрымдуулукка жана жаштардын өнүгүүсүнө салым кошууну каалайм.

- “Аалам сулуусу” сынагына даярдык кандай жүрүп жатат?                                  

 - Даярдык эми башталат. Алдыда англис тилин өркүндөтүү, сахнадагы чеберчиликти өнүктүрүү, физикалык даярдыкты күчөтүү жана өлкөмдү татыктуу көрсөтүүгө багытталган бардык иштерге өзгөчө көңүл бурууну пландап жатам. Бул чоң жоопкерчилик жана мүмкүнчүлүк.

- Ал сынакка катышуу үчүн эмне маанилүү деп эсептейсиз?                              

- Менимче, эң негизгиси - элдин колдоосу. Өз өлкөңдүн атынан чыкканда мекендештериңдин ишеними, жылуу сөзү чоң мотивация берет. Ошондой эле мындай деңгээлдеги сынактарга сапаттуу даярдык көрүү үчүн чоң каржылык колдоо дагы маанилүү. Кыргызстанды бай маданияты, кооз жаратылышы, меймандос эли жана таланттуу жаштары менен дүйнөгө тааныткым келет. Эл аралык аренада өлкөмдү сыймыктануу менен көрсөтүү - менин башкы максаттарымдын бири.

- Сиз үчүн сулуулук деген эмне?                        

 - Сулуулук – бул сырткы келбет гана эмес. Акыл, билим, маданият, эмгекчилдик, боорукерлик, жөнөкөйлүк жана өз өлкөңдү сүйүү.

- Учурда сизге суктанып турган кыздарга кандай кеңеш берет элеңиз?                        

 - Өзүңөргө ишенгиле дейт элем. Билим алыңыздар, эч ким менен өзүңүздөрдү салыштырбаңыздар жана кыялдарыңыздардан эч качан баш тартпаңыздар.

- Сизге айтылган сындар катуу тиеби?                

- Негизсиз жана адамдын аракетин баалабаган сындар оор тийиши мүмкүн. Бирок конструктивдүү сын болсо, аны дайыма кабыл алып, андан сабак алууга аракет кылам.

- Мүнөзүңүз кандай? Сырттан караганда олуттуу көрүнөсүз...                                   

- Ооба, сырттан караганда олуттуу көрүнүшүм мүмкүн. Бирок жакындан тааныгандар менин ачык-айрым, шайыр, боорукер жана тамашакөй экенимди жакшы билишет. Кудай буюруп, “Аалам сулуусу” болсом да, ар дайым жөнөкөй кыз бойдон калам. Жан дүйнөм таза, жүрөгүмдө текеберликке орун жок. Ар бир адамды урматтайм жана эч кимди даражасына же макамына карап бөлбөйм. Келечекте ким болбоюн, кандай бийиктикке жетпейин, эң биринчи кезекте адамгерчилигимди сактап, адам бойдон калам!

- Азаматсыз! Алдыда “Аалам сулуусу” сынагын да багынтышыңызга тилектешпиз!

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1233, 7-13-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан