Биз социалдык тармакта

БАЛАНЫ МАКСАТ КОЮУГА КАНТИП ҮЙРӨТҮҮ КЕРЕК? 

Келечек балаңыз үчүн кенен, сиз үчүн жаркын болушун кааласаңыз, анда балаңызга максат коюну үйрөтүп коюшуңуз керек. Бул маанилүү нерсе. Кантип деген суроого психолог, психотерапевт Мээрим Мураталиева жооп берет. 

 

Жашын эске алыңыз

Максат коюга үйрөтүүдө балдардын жаш курагын эске алуу керек.

5-6 жаш

Бул курак – аракет менен жыйынтыктын байланышын эми түшүнө баштаган кез. Булар көбүнчө жакынкы убакытка гана конкреттүү максат коё алышат. Мисалы, кубиктерден чоң үй салам дейт. Эң узак койгону – 1 апталык максат. Маселен, 2 дөңгөлөктүү велосипед тепкенди үйрөнүү.

7-10 жаш

7 жаштан тартып пландоо жана көзөмөлгө жооп берүүчү мээнин маңдай бөлүгү активдүү өсө баштайт. Ошондуктан бала окуунун максаттарын, жыйынтык аракет менен келерин түшүнө баштайт. Көз ирмемдик каалоолорун алдыдагы максат үчүн жыйыштырууну үйрөнөт. Мисалы, алгач үй тапшырмаларды аткаруу, анан мультифильм көрүү же ойноо деп. Окуудагы, спорт ийримдеги ийгиликтери класста өзүн барктуу кыларын билип калат. Бул куракта максаттары абстракттуу болбошу керек. 1 жылдан кийин англис тилин үйрөнөм же келечекте ийгиликтүү адам болом деп. Максаттары конкреттүү болушу зарыл. Мисалы, татаал конструкторду же жаңы гаджетке акча чогултам, чейректе отличник болом, 1 аптада 30 англисче сөз үйрөнөм дегендей. Ошондой эле каникулда эмне кыларын ойлонуп пландагандй болушу керек.

11-14 жаш

Бул курактагы балдарда абстракттуу ойлонуу калыптанат, узакка бир нерселерди пландоо жөндөмдүүлүктөрү пайда болот. Баланын каалоосу, кыялы тууралуу сүйлөшүп, эмне кааларын билип, ага план түзүүгө жардам гана бериңиз.

15-17 жаш

Буларга “каалайм” дегенин конкреттүү ишке ашырууга жол көрсөтүүчү гана болушуңуз шарт. Максаты реалдуу, ага өз күчү менен жете тургандай болушу кажет. Ата-эне “навигаторлук” милдетти гана аркалап, өзүнүн каалоосун балага таңуулабашы кажет. Кыял менен максатты ажырата билип калганга жетишиши шарт. Мисалы кыял – программист болом, максат – 1 айда бир программаны өздөштүрөм же курстан окуйм. Башкача айтканда, бул куракта келечектеги кесибин аныктап алууга жетишиши зарыл жана башка. 

Максат койгонду үйрөтүү ыкмалары

• Бала кимдер менен дос болорун, кайсы ийримге барарын өзү чечиши керек. Ата-эне баланын кызыкчылыгын карап, тандоосун сыйлап ага тандоо мүмкүнчүлүгүн бериши керек. Баласынын ордуна баарын ата-эне чече берсе, бала максатты туура койгонду билбей калат. Андан көрө, балаңыздын чейрек сайын, анан жыл ичинде жеткен ийгиликтеринин баарын тизмектеп жазып, ал үчүн мактаңыз. Дагы эмнелерге, кандай ийгиликтерге жетүүнү каалайсың деп оюн билип, ага жетүү жолдору тууралуу сүйлөшүңүз. Анын колунан келерине ишенгениңизди билдириңиз. Ишеним артуу баланын максатка өз алдынча умтулуусуна түрткү болот.

• Баарын этаптуу максаттан баштаңыз. Адегенде бир айдан үч айга чейинки убакытта ишке ашчу максат койсун жана аны ишке ашырсын. Бул балага келечектеги аракеттери кадам сайын кандай болорун билүүгө жардам берет.

• Балдар оюндан, мелдештен утулуп калса, ызаланат. Ыйлап жибериши да мүмкүн. Бул курактагыларга башкысы жеңиш эмес, катышуу экендигин айтып түшүндүрүңүз. Башка ийгиликтүү балдардын ийгилик сырлары менен бөлүшүңүз, кандай жолдорду басып өткөндүгү тууралуу баяндаңыз. Муну менен балаңыз максатка жетүүнүн башка жолдорун билет, анализдөөнү үйрөнөт.   

• Балаңызга келечегин элестеткенди үйрөтүңүз. Аны менен бирге отуруп кыялдарын сүрөттөп баракка тарттырыңыз. Каалаган үй же унаасынын сүрөтүн кесип алып альбомго чаптатсаңыз андан жакшы. Бир күнү ватман жана түстүү карандаштарды алып балаңыз менен кыялдануу убактысын өткөрүңүз. Мисалы, өзүңүздүн кыялдарыңызды тизмектеп, ага жетүүнүн жолун этап менен көрсөтүңүз. Эгерде бир жылдан кийин Түркияда эс алууну кааласаңыз, азыртан акча чогулуп, керектүү сөздөрдүн түркчө айтылышын жаттап баштоо керектигин айтып өтүңүз. Мындан балаңыздын образдуу ой-жүгүртүүсү өнүгөт, дегеле визуализация – максатты так көрүүнүн бир жолу.

• Балаңыз ийгиликсиздик - бул трагедия эмес экенин билиши абзел. Кандай гана катачылык болбосун ал тажрыйба болуп берип, жаңы ийгиликтин жаралуусуна өбөлгө түзөрүн, муну менен максатка жетүүнүн жаңы ыкмасы пайда болорун түшүндүрүңүз. Керек болсо илимде, ойлоп табууда улуу инсандарда да жаңылыштык болгонун, шылдыңга кабылышканын, бирок сынып калбай өжөрлөнүп алдыга жылып, изденип жаңы ачылыштарды жаратканын айтып бериңиз. Бир катачылык кетиргени үчүн чоң максатынан баш тартуу туура эмес экенин түшүндүрүңүз. Катачылык деген сөздүн ордуна, “кандай кызыктуу кырдаалга туш келип калдым” деген ураанды колдонсун. Ийгиликсиз бул кайгыруу эместигин, күлүп коюу жана алдыга жылуу керектигин билиши зарыл.

• Бала чоңоё түшкөндө максаттарын анализдөөнү үйрөтүңүз. Алгач максаттарын тизмектеп жазсын. Мисалы, бала журналист же юрист болууну кыялданды дейли. Бул кесип эмнеси менен жагат? Окуу үчүн канча жыл жана канча каражат талап кылынат? Кандай китептерди окушу керек болот? Окуп бүтүп иштегенде 1 жылда канча киреше табат? Иштегенде кандай кыйынчылык күтүлүшү мүмкүн?   Ушулардын баарын анализдесин. Мындай кылдат иликтөөдөн кийин ал кесип өзүнө керек же керексиз экендигин аныктап алат. Эгер ал кесипти чындап сүйсө бардык кыйынчылыкка эмитен даяр болот. Кээ бир ата-энелер убагында өзү жетпей калган кесибин баласына таңуулай беришет. Бул туура эмес. Өзүнүн келечекте ким болорун, эмне иш менен алек болорун бала өзү чечиши керектигин дагы бир ирет эскертебиз.

• Балаңызды максатка умтулуу жолунда колдоңуз, ийгилигин баалап белек берип же сюрприздерди жасап туруңуз. Биргеликте сейилдөөгө же кинотеатрга барыңыз, жаккан тамагын жасаңыз, бирок эч убакта мактоо катары акча бербеңиз.

• Бала максатка жетүү үчүн “комфорт зонасынан” чыгуу керектигин да билиши кажет. Мисалы, өмүрү жасабаган жумуштарды кылууга туура келерин, күнүгө жаңы жүздөр менен таанышып, көп жерлерге барарын да билсин.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1233, 7-13-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан