Чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлүп, өнөрдүн деми менен чоңойгон ырчы Ильяз Андаш бул жолу жүрөгүнө эң жакын адамы – апасы тууралуу ачылып сүйлөп берди. Балалыктагы унутулгус көз ирмемдер, үй-бүлөдөгү тарбия, чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамдар... Айтор, сахнага чейинки барактарды чогуу барактайлы.
“Таятамдыкына качып кетчүмүн”
- Апамдын аты-жөнү Атыркүл Байтокова, Ысык-Көл облусундагы Бөкөнбай айылында төрөлүп чоңойгон. Кесиби - мугалим, Каракол шаарындагы музыкалык мектепте комуздан сабак берет. Мен дайыма “чыгармачылыкка келип калган эмесмин, мен ошол жакта төрөлгөм” деп айтып калам. Анткени чыгармачыл үй-бүлөнүн уулумун. Үч бир тууганбыз, эжем турмушта, иним студент, азыр менин колумда.
Атам менен апамдын кантип таанышып калганын тактап сураган эмес экенмин, бирок экөө музыкалык окуу жайда таанышып калышканын билем. Атам Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атынданы драма театрдын актёру. 45 жылдан бери ошол жакта эмгектенет. Атам негизи Таластан болот. Бирок мурун улам бир жерден экинчи жерге жумушка которо берчү эмес беле. Ошентип атам Каракол шаарына келип отурукташып калганбыз. Апам комузчу. Кичинемден эле чыгармачыл инсандарды көрүп, аларга таасирленип чоңойдум. Атам Ысык-Көлгө келген музыканттардын аппаратурасын даярдап берип, бир тобу менен жакшы санаалаш болгон. Артисттер үйүбүзгө көп келип, жатып калышчу.
Балалыгым Союз тараган учурга туш келди да, биздин эле эмес, жалпы элдин башына оорчулук түшкөн. Ошондо эжемди Таласка, мени Бөкөнбаевге, тайкелериме жиберишкен экен. Тайкелеримдин колунда беш айымдан баштап чоңойгон экенмин, азыр деле ал жакка жакынмын. Ата-энем келип-кетип турушчу, алты жашка чыкканда Караколго ата-энемдин өз колуна кеттим. Бирок каникул болору менен таятамдыкына качып кете берчүмүн. Анткени ал жакта чогуу ойногон досторум көп эле.
“Апама окшоп менин да жаным тынбайт”
- Жүзүм, келбетим атама окшош болгону менен мүнөзүм апама окшош. Апам максат коюп, ага жете билген адам. Анан байкашымча, мен да апама окшоп эле жаным тынбайт. Апамдын таң эрте тургандан тартып, кечке чейин жаны тынбайт. Менин дагы бир орунда тура албаган сапатым бар. Такыр эле иш таппай калганда үй жыйнап жиберем (күлүп). Атам абдан токтоо адам, күнү жакшы өтсө, иши жакшы болсо ошого ыраазы болуп жүрө берет. Дүнүйө кубалабайт, колунда бар нерсеге ыраазы. Ал эми жулкунган, алдыга умтулган сапатым апамды тартып калган. Андан тышкары, өнөр жагы таякелеримден өтсө керек деп болжолдойм. Алар нота билбейт, башка кесиптин ээлери, бирок колуна кайсы музыкалык аспап тийсе ойноп же чертип кете беришет. Жакшы ырдашат. Музыкалык табит жагынан да апам өзгөчө экенин билем, 60 жашка чыгып калса да издене берет. Анткени музыканын гармониясын апам жакшы билет. Бирок мени чыгармачылыкка атам алып келди. Анткени атам гастролго чыкканда мени жанына алып алчу. Ал убакта атам тойлордо тамада болуп иштеп, мени музыкант катары ырдатып, ямаха черттирип койчу. Караколдо атам “Бакай” деген топ ачып, мен ал топтун мүчөсү элем. Деги эле атымдын элге таанылышына атам себепкер болду десем болот. Мен жалпы элге атым чыга электе эле өзүм жашаган аймакта “жылдыз” болчумун.
“Апамдын талабы да, мотивация бериши да күчтүү”
- 90-жылдары төрөлгөндөр катуу эле тарбияландык. Үй жумуштарын кылбай койсок, чыбык менен эле жазалап коюшчу. Мындай тарбия жаман натыйжа берген жок, эмгекчилдикке үйрөндүм. Жалжаңдап, көөп кеткен жокмун деп ойлойм. Апама караганда атам бизге жумшак мамиле кылчу. Апам эч нерседен коркпойт, кандай иш болсо да “алга” деген жан. Талабы да күчтүү, ошончолук мотивация да берет.
“Балалык травмага убакыт деле болбоду”
- Азыр ушул сөз мода болуп кетпедиби. Менде балалык травма жок экен. Менин балалыгым аябай бактылуу жана кызыктуу өттү. Дүйнөлүк фестивалдарга катыштырышты. Жети дубанды кыдырып гастролдоп жүрдүм. Эмгекке эрте быштым, жайлоонун жашоосун көрдүм, айтор, травмага убакыт деле болгон жок го дейм. Анан ата-эне балдарынын ичинен бирөөнү өзгөчө жакшы көрсө, калгандары травма алып калышат эмеспи. Менде андай да болгон жок, ата-эне көкүрөк күчүгүн жакшы көрөт. Мен муну нормалдуу эле кабыл алам, анткени ортобузда аралык 17 жаш да. Ага эзилип, жакшы көрүп турушса, тескерисинче, сүйүнөм.
“Ашканада алдына киши салдырбайт”
- Ашканада апам алдына киши салдырбайт. Тамактарды аябай даамдуу жасайт. Ланфу, ашлянфу, лагман дегендерди катырат. Анан изденүүсү да укмуш, Ютубдан карай салып эле бир нерселерди жасай калат. Үйгө тамак бышырууга керектүү түрдүү техникаларды алганды жакшы көрөт. Биз үйгө барып калганда биринчи, экинчи тамакты десерти менен кошо жасап коёт. “Кайнененин камырынан” деп коюшат го, келинчегим да апама окшоп тамактарды даамдуу жасайт.
“Менин акчалай белегиме муктаж эмес”
- Белек деп мен кымбат баалуу нерселерди ойлобойм. Ата-энемдин бизге берген баалуу белеги - тарбиясы болду. Ал эми мен аларга жакшы уул боло алдымбы деп өзүмө суроо берем. Анткени материалдык жактан алып караганда, атам менен апам менин белегиме муктаж эмес. Өздөрү жакшы табышат, иштери жакшы, Кудайга шүгүр, ден соолуктары мыкты. Алардын мага “бутуңа туруп ал” дешип жашоомо эркиндик беришти. Мен башкаларга окшоп ата-энемди багышым керек десем, бутума тез турат белем же жокпу, билбейм. Азыр шүгүр, менин ийгилигиме кубанып турушат.
“Апама эркелегим келип турат”
- Апамдын акылдуулугунан улам бизде кайнене-келин деген маселе дээрлик болгон жок. Чогуу жашаган жокпуз да, келгенде сыйлашып эле турушат. Апам бир жолу келгенде “сен жокто зерикпесин” деп келинине телевизор алып берген. Анда жаңы үйлөнүп, үй-бүлөлүк жашоого жаңыдан кадам таштап жаткан учурубуз эле. Дагы бир жолу “ысыйт да жайдын күнү болсо, кондиционер алып берейин” деп аны алып берип кеткен. Кыскасы, аялыма жан тартып, бооруна кысып жүрдү. Келинчегим да ата-энемди сыйлай билет. Мен аябай бактылуумун, экөөндө такыр пикир келишпестик болгон жок.
Апа деген башкача зат болот экен. Бала кезде апамды сагынганым эсимде жок, бирок азыркы учурда сагынып жанына баргым келе берет. Анткени жашоонун ыргагы менен жүрүп, түйшүк менен алышып чарчаганда мени деле бирөө эркелетишин каалайм. Кадимки жаш баладай болуп эркелегим келет. Кудайга шүгүр, маңдайымда эркелете турган ата-энем бар. Кудайдан алардын ден соолугун, өмүрүн тилеп келем. Ааламдагы бардык апалар бар болсун!
Нуржамал Жийдебаева