Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Айым апа оор үшкүрдү. Ал ичиндегисин айтып бергенге адам таппай жүргөндөй мага эски окуяларды айтып жатты. Куду эле ошол күндөрдү азыр жашап жаткандай эле. Мен да кызыктуу китеп окугандай аны угуп отурдум.

— Али экөөбүз балдар үйүнөн качып чыккандан кийин нике кыйдырдык. Үйлөнгөндө үлпөт көйнөк да, той да болгон жок. Болгону эски мечитте никебиз кыйдырып сыртка чыкканда Али колума бир тал ак гүл карматканы эсимде. “Мен азыр сага ак сарай бере албайм. Бирок өмүрүмдүн аягына чейин сени бактылуу кылууга аракет кылам” деген.

Мен анын жанымда болгонуна эле бактылуу элем. Эки жетим, эч кимибиз жок бечара биз чоң турмушка багыт алдык. Экөөбүз шаардын четиндеги кичинекей, акталбаган, алачыктай бир бөлмөнү ижарага алдык. Жамгыр жааса үйдүн чатырынан суу тамчылап, кышында шамал ышкырып кирчү. Эмерек дегенден эски керебет менен кичинекей үстөл гана бар эле. Кээде үйдө бир кесим нан менен чайдан башка эч нерсе болбой калчу. Али таң эрте чыгып, курулушта, базарда, жүк ташып иштечү. Кандай жумуш чыкса, ошого макул болчу. Бир күнү кечинде ал үйгө абдан чарчап келди. Колунда кичинекей баштык бар экен.

— Бүгүн көбүрөөк акча алдым — деп кубанып жылмайды.

Баштыкты ачсам, эки бөлкө нан, бир литр сүт жана жарым килограмм картошка бар экен. Ошол күнү экөөбүз майрам болгондой сүйүнгөнбүз. Картошканы кууруп, чай демдеп алып, күлүп отурганбыз.

— Бир күнү өзүбүздүн үйүбүз болот. Сен муздак үйдө калбайсың - дечү ал. Бирок жокчулук оңой эмес экен. Кээде ижара акысын төлөй албай, батир ээлери сыртка чыгарып койчу. Андай күндөрү экөөбүз автобекетте таң атканча отурган учурларыбыз да болгон.

Ошентсе да Али бир жолу да кайгырган жок. “Акча бүгүн жок болушу мүмкүн. Бирок үмүтүбүздү жоготсок, анда баарыбыздан айрылабыз”— деп мени дайыма кайраттандырчу. Ошол оор күндөрдө мен бир нерсени түшүндүм, адамды акча  эмес, жанындагы адамдын мээрими багат экен. Бизде акча аз болчу, бирок сүйүүбүз көп эле...

Айым апа сөзүнүн ушул жерине келгенде көзүнө жаш алды.

— Ошол күндөр оор болсо да, өмүрүмдүн эң кымбат эскерүүлөрү болуп калды.  Анткени биз бардык кыйынчылыкты чогуу жеңип жатканбыз. Жокчулуктун ичинде жүрүп, жашообузга эң чоң сүйүнүч келди. Бир күнү өзүмдү башкача сезип калдым. Алгач чарчап жүргөндөн го деп ойлодум. Кийин кош бойлуу экенимди билдим. 17 жашта эне боло турган элем. Бул коркунуч беле же сүйүнүчпү, аңдай албадым. Али кечинде жумуштан чарчап келди. Үстү-башы чаң, бирок мени көргөндө эле жүзү жарык болуп кетти.

“Эмне болду? Бир нерсе болуп кеттиби?” — деп чочуп сурады.

— Боюмда бар экен — дедим.

Али бир нече секунд унчукпай туруп калды. Анан көзүнө жаш тегеренип кетти. “Чын айтып жатасыңбы?” деди. Башымды ийкегенимде ал мени бекем кучактап алды. Азыркыга чейин таң калам. Биз өзүбүз бала болуп туруп, балалуу болорубузга сүйүнүп жаттык. Аны кантип багабыз деп ойлонгон деле жокпуз. Бир билгенибиз бар эле, биз эми чыныгы үй-бүлө болот элек. Тамчы аккан бөлмөбүздө бактылуу болуп секирип, алышып, күрөшүп ойной бердик.

Мен Айым апа менен Алинин бала болуп туруп балага кубанганын элестетип жылмайып алдым.

— Анан кийин баары жакшы болуп кеттиби? - деп сурадым.

Айым башын акырын чайкады.

— Жок, кызым... Тескерисинче, оорчулук дагы көбөйдү. Али мурдагыдан да көп иштей баштады. Кээде эки-үч жерде иштеп, таң атпай чыгып, түн ортосунда келчү. Кош бойлуулугум оор өттү. Тамак-аш жетишсиз болгон күндөр көп болду. Өзүм жегим келген нерселерди сатып албай, Алиге күч келбесин деп үн катпай жүрө берчүмүн. Ал болсо мени байкабай калды деп ойлоп, өзүнүн үлүшүн мага берчү. Ошентип жатсак да балабыз тууралуу ойлонгондон, сүйлөшкөндөн тажабайт элек. Бир күнү үйдө бир гана бөлкө нан калган эле. Экөөбүз тең экинчибиз жесин деп бөлкө нанды бири-бирибизге түртүп отурганбыз. Ошондо Али жылмайып мындай деди. “Биз азыр кедей болушубуз мүмкүн. Бирок биздин балабыз  эң бай үй-бүлөдө тарбияланат”. Кудай оозуна сала бердиби, азыркыга чейин ал эмнеге ошентип айтканын билбейм. Ошол сөздөр жүрөгүмдө түбөлүккө калды.

Айым апанын үнү акырындап дирилдей баштады.

— Уул төрөдүм. Ал жарык дүйнөгө келген учурду эч унутпайм. Төрөп үйгө келдик. Али уулубузду колуна алып, чекесинен акырын өптү.

— Мен сенин атаңмын! - деди толкунданып.

Ошол учурда эшик катуу кагылды. Эки милиция кызматкери үйгө кирип келишти. Көрсө, Алини бала кезде асырап алган үй-бүлө өздөрүнүн мурдагы кылмыштарын Алинин мойнуна илип, өздөрү жоопкерчиликтен качууга аракет кылышкан экен. Сот узакка созулган жок. Далилдер жасалмаланган, күбөлөр сатып алынган эле. Али өзүнүн күнөөсүз экенин канча айтса да, аны эч ким уккан жок. Акырында соттун өкүмү менен Али эркиндигинен он эки жылга ажыратылды.

Мен жаңы төрөлгөн баламды кучактап алып, сот залында ыйлап отурдум. Али болсо акыркы жолу мага бурулду. 

— Айым, мага ишен. Мен күнөөсүзмүн. Балабызга “атаң таштап кеткен эмес” деп айт. Мен сөзсүз кайтып келем...

Аны кишендеп сот залынан алып кетишти. Ошол күндөн тартып мен жалгыз бой эне болуп калдым. Бир колумда бешиктеги наристем, экинчи колумда жашоо үчүн күрөш...

Мен эмне дээримди билбей калдым. Айым апанын баянын угуу оор боло баштады. Оюма Илим келди. Чын эле менин шек саноом туура чыгабы? Илимдин ата-энеси ушул кишилерби? Баяндын аягын уккум келбей жатты. Айым апа көзүн терезеге буруп, ошол күндүн элеси алиге чейин жүрөгүнөн кетпегендей терең үшкүрүндү.

— Колумда жаңы төрөлгөн балам. Акча жок. Жумуш жок. Жардам бере турган эч кимим жок. Алгач үйдөгү азын-оолак буюмдарды сатып күн көрдүм. Анан сөйкөмдү, нике шакегимди да сатып жибердим. Бир күнү үй ээси батир акысын төлөй албагандыктан эшикке чыгарып койду. Ошентип, наристемди кучактап көчөдө калдым. Биринчи жолу баламдын ачкалыктан ыйлаганын көргөндө өзүмдү жек көрдүм. Эмчегимден сүт чыкпай калган. Өзүм бир нече күндөн бери тамак жебегендиктен, баламды тойгуза албай калдым. Бир күнү таштанды челектеринин жанынан өтүп баратып, жабык пакетке салынган, дээрлик бузулбай калган нан менен бир аз жашылчаны көрүп калдым. Башында колум барган жок. “Мен ушуга чейин жеттимби?” деп өзүмдөн уялдым. Анан пакетти алып, үйгө окшогон эски, кароосуз жайга кирдим. Нандын көгөргөн жерлерин тазалап, калганын кургатып койдум. Жашылчаларды жакшылап жууп, жедим. Бир аз сүт чыкты. Көз жашым токтобой агып жатты. “Кечир мени, балам... Сен мындай жашоого татыктуу эмес элең” деп кайра-кайра кайталадым. Уулум кичинекей колу менен бетимди кармап, күлүп койду. Ошол күлкү мага кайра жашоого күч берди.

Ачарчылык адамдын денесин гана эмес, жүрөгүн да сынайт экен. Мен ошол оор күндөрдө бир гана нерсеге ишендим. Бир күнү Али кайтып келет. Ошол күнгө чейин экөөбүз тең аман калышыбыз керек эле. Эптеп күн көрүп жүрдүм. Балам 2 жашка чыкканда жашоомду такыр башка нукка бурган окуя болду. Ошол учурда Ысык-Көлдө бир ашпоз дунгандын колунда тамак жасап иштеп жүргөм. Кафеси бар эле. Бир күнү катуу ооруп калдым. Ушунчалык катуу оорудум, ордумдан жыла албай калдым. Догдурга барууга шарт жок болгондуктан эмне оору экенин да билбейм. Коркконум “балам эмне болот, өлүп калсам” дейм. Баламды балдар үйүнө тапшыра албайт элем. Анткени ал жактагы жашоону мен жон терим менен сезгем...

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1233, 7-13-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан