Сиз кандай абалда жатып уктайсыз? Балким, чалкаңыздан жатып же каптал, же көмкөрөдөн түшүп уктоо ыңгайлуу. Уктоо позалары боюнча дарыгерлер пайдалуу жана зыян деп өз аныктамаларын берсе, психологдор бул кубулушту адамдын мүнөзү менен байланыштырган өз түшүндүрмөлөрүн айтышат. Макалабызда психологиялык аспектилерге токтолуп, уктоо абалына жараша адамдардын мүнөзү кандай болорун чечмелеп көрдүк.
Эмбрион позасы
Эненин курсагында жаткандагыдай уктоо абалын – эмбрион позасы деп атайбыз. Капталдан жатып, эки бутту бүгүп, кээде тизелерди кучактап жатмайынча адам уктай албайт. Мындай адамдар психологияда коргоого муктаж адамдар деп сүрөттөлөт. Дүйнөдө бул уйку позасы айрыкча аялдар арасында популярдуу деп эсептелет. Өзүн жалгыз сезген, моюнуна көп жүк артып алгандар. Сыртынан эр жүрөк, шайыр, өктөм, өзүнө ишенимдүү, күчтүү адам болуп көрүнүшү мүмкүн. Же тескерисинче, өзүнө такыр ишеними жок, бирөөнүн оюнан көз каранды, баарына баш ийип берген, алсыз адам болушу ыктымал. Эки учурда тең аң-сезиминде жалгыздык бар, өзүн бирөө коргосо деген үмүт жашашы мүмкүн. Андыктан тубаса инстинкт менен энесинин курсагында кандай корголуп жатса, кийин да ошол коопсуздукка умтулуп эмбрион позасында уктаганга ыкташат. Күнү бою көп иштеп, көп маселе чечип чарчаган учурда да адам эмбрион позасында уктап калуусу мүмкүн.
Падыша позасы
Падыша же жылдыз позасы. Бул абалда адам чалкасынан жатып, буту-колун эки жакка кенен жайып уктайт. Өзүнө болгон баасы жогору, башкаларга карата доминанттык сапаттары бар, дайыма лидерлик катарда жүргөн же жүргүсү келгендер жылдыз позасында укташат. Көбүнчө башкалар менен бат тил табышат, шайыр, активдүүлүгү менен алдыга койгон максатына жете билишет. Чечимди бат кабыл алат, оюн тарс-тарс ачык айтат, эмоциясын жутпайт. Андыктан кечкисин да санаага салган нерсеси жок тынч жана кенен укташат. Кемчилиги – өзүмчүлдүгү, өз каалаганына жетүү үчүн бирөөнүн башын аттап өтүүдөн тартынбаганы делет. Жаңы төрөлгөн наристелердин эки колду жогору көтөрүп, буттарын жайып алып уктап жатканын көрсөңүз керек, бул алардын өзүн коопсуз сезгенинин белгиси. Кийин чоңойгондо уктоо абалы жашоо образына жараша өзгөрүп кетет.
Көмкөрөдөн жатуу
Көмкөрөдөн жатып, моюнду бир тарапка буруп, бир бутту тизеден бүгүп алып жатмайынча уктай албаган да адамдар бар. Мындай позада көбүнчө көз карандысыз, баарына өз аракети менен жеткен же жеткиси келген адамдар укташат. Сыртынан башкача көрүнүшү мүмкүн, ичинен сезимтал, оңой менен бирөөгө ачылбаган, ачкысы келгендерди жактырбагандар. Жашоосун, кызыкчылыктарын башкалардан коргогусу келгендер көмкөрөдөн жатышат. Жашоодо тартипти, көзөмөлдү жогору баалашат, жоопкерчиликтүү, убакытка так адамдар. Башкаларга рамкага салынган көп эрежелери бар сезилиши мүмкүн. Бирок баары тартипте, өз убагында болуу схемасы өзүнө жагат, башкалардын ою менен эсептеше бербейт. Акылдуу, кеңешчи, жакшы сырдаш келишет. Мындай адамдар көбүнчө жетекчилик кызматка барышат да, кол алдындагылардан талапчыл, мыкты жетекчи болуп беришет.
Капталдан жатуу
Дүйнөдө эң кеңири тараган уйку абалы – капталдан жатып уктоо. Мындай позаны тандагандарда – токтоо, сабырдуу мүнөз басымдуу. Кандай кырдаал болбосун түшүнүп, ошого жараша ыңгайлашып жашап кете беришет. Дүйнөгө ачык, коммуникацияга бат келген жөнөкөйлүккө ээ. Алар ар дайым жардам берүүгө шашышат, адилетсиздикке каршы активдүү күрөшүп, таарынгандарды жана алсыздарды коргомою да бар. Кемчилиги деп – ашыкча ишенчээктигин айтса болот. Башкаларга бат ишенет, ишенимден көп “күйөт”, бирок баары бир ишене берет. Ашыкча фантазияга берилип, тоону томкоруп салам деген ойлордон алыс. Күнүмдүк жашоосуна, колунда болгонуна ыраазы болуп жашашат.
Уктап жатып колу-бут менен “кучактоо”
“Адам уктоо позаларын көзөмөлдөй, жасалмалай албайт, ошондуктан уктоо позасына карап мүнөзүн айтса болот” дешет психологдор. Кызыгы, уктап жаткандагы колу-буттун кыймыл-аракети да өзүнчө мүнөздөмөгө ээ экен.
Уктаганда сөзсүз бирөөнү кучактап, кармалагандар, анан да бутун жанындагы адамга арта салып коюп жаткандар бар. Мындайлар консервативдүү, жаңычылдыкты, өзгөрүүлөрдү жактырбаган, өзү түзгөн туруктуу жашоону баалаган, ошону кайтарган адам болушат.
Керебетинен бутун түшүрүп алып уктагандар, төшөгүнөн буту-колун чыгарып же толугу менен түшүп калып, бирде төшөктүн ортосунда, бирде четинде уктагандар да бар эмеспи. Алар коомчулуктун жазылбаган мыйзамдарына каршы туруучулар. Мындай адамдарды рамкага салуу, эреже, тартип менен кармап туруу оор. Жаңы нерсеге, өзгөрүүгө умтулушат.
Ал эми жанында бирөө жатса уктай албагандар, төшөгүнө оронуп-чулганып жаткандар көбүнчө түнт, байланышка биринчи чыкпагандар, сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм деп жашагандар. Өзүмдүкү деген адамдарга назик, боорукер, сезимтал келишет.
Кайсы уктоо абалы ден соолукка зыян?
Медицинада пайдасы жок, тескерисинче, ден соолукка зыян уйку позасы – көмкөрөдөн жатуу абалы делинет. Көмкөрөдөн жатканда көкүрөк системи кысылат, ички органдарга күч келет, кан айлануу бузулат. Натыйжада түрдүү оорулар жаралышы мүмкүн. Андан сырткары омурткага басым жасалат, омуртка оорулары жаралат, аялдарда эмчектин миома, эркектерде импотенция жаралышы мүмкүн. Моюн бир тарапка бурулуп жаткандыктан моюн омурткасы кыйшайып, булчуңдарга күч келип, кан тамырлар кысылат. Мээге кычкылтек жетпей баш оору жаралат. Бет жаздыкка матырылып жаткандыктан эртең менен турганда “эмнеге шишип калдым?” деп таң калбай деле койсо болот. Андан сырткары бетке эрте бырыш түшөт. Жакшысы чалкадан же капталга жатып уктоо керек.
Эскерте кетчү нерсе, башка эки жаздык коюп бийиктетип жаткан да ден соолукка зыян. Баш нормадан ашык көтөрүлгөндө мээге кан айлануу жакшы барбай калат. Жаздыкты бийик коюп жатууга дарыгердин медициналык көрсөтмөсү керек, адатта кан басымы жогору же башка оорулар менен жабыркагандарга врач атайын көрсөтмө берет.
Асыл Орозбекова