Ден соолукка зыян келтирген жана келтирбей турган бут кийим түрлөрү жөнүндө маалымат беребиз.
• Такасыз бут кийим же жалпак балеткалар. Буларда рессордук функция (басканда жүктү жеңилдетүүчү) болбогондуктан май тамандуулукка алып келет. Балеткадан омурткаларга күч келип, аны ар дайым кийип жүрүү белдин оорушуна жана басыктын бузулушуна алып келет.
• Бийик платформа. Адам басканда согончок жана буттун учу кыймылдап, жерге тийип жана көтөрүлөт. Мына ушул кыймыл жүрөктүн, боордун жана бөйрөктөрдүн иштешин активдештирет. Калың така мындай нерседен бизди кол жуудурат. Бут кетменинин үстүндөгү булчуңдар менен байламталардын чоюлуп жана жыйрылып турушун жоготуп, май тамандуулукка алып келет.
• Бийик така. Врачтардын айтымында, аптасына 2-3 жолу 2-3 сааттан ашык такасынын бийиктиги 5,5 сантиметр келген бут кийим кийип жүрбөө керек. Анткени бул остеохондрозду, варикозду чакырат. Андан тышкары, май тамандуулукка алып келет. Бийик така жамбаш сөөктүн алдыга жылып кетүүсүнө шарт түзүп, белдин бүкүр тартышына жана омурткалардын жылышып кетишине себеп болот. Тынымсыз кийүүдө согончоктун тарамышы бара-бара жакшы иштебей калат.
• Шиш така. Канчалык сапаттуу жасалса да бут ойноктоп дененин салмагы бир калыпта кармалбайт. Таманга салмак тегиз түшпөй, бут кетменине көп күч келет. Мунун айынан бут шишийт, салмак тегиз болбой кыйшаңдап басуудан көп учурда томук да чыгып кетет.
• Тумшугу учтуу бут кийим. Буттун баш бармагы жана чыпалак, манжалар кысылып, ич жакка кайрылып, катууланып, чор болуп кетет. Муну хирургиялык жол менен гана калыпка келтирүүгө болот. Май тамандыкка да алып келет.
Кандай бут кийим эң жакшы?
• Бут кийимди кийгенде такасы бекем, бут ойнобой тургандай болушу кажет. Таканын бийиктиги 4-6 сантиметрден ашпашы керек.
• Тумшугу тегерек же төрт бурчтуураак болгону оң. Анткени буттун манжаларына кенендик зарыл.