Биз социалдык тармакта

Аман Мамбетакунов, актёр, ырчы: “ООР КҮНДӨРДӨ ДА ТЕАТРДЫ ТАШТАЙ АЛГАН ЖОКМУН”

“Баягылар” тобунун шайырлыгы, улуттук обондорго болгон сүйүүсү жана сахнадагы өзгөчө энергиясы күйөрмандарын суктандырып келет. Ал топтун куудулдук менен ырчылыкты айкалыштыра алган мүчөлөрүнүн бири – Аман Мамбетакунов. Сахнадагы шайыр образынан тышкары, анын жеке жашоосу, куурчак театрындагы чыгармачылыгы жана турмуштук көз карашы тууралуу маек болду.

 

- Саламатсызбы Аман ага? Чыгармачылыкка сизди кайсы жолдор алып келди, ал жолдун башаты кайда?

- Саламатчылык. Эл ичи - өнөр кенчи дегендей, элдин ичинде катылып жаткан далай таланттар бар. Менин үй-бүлөм да ошондойлордон эле, баарыбыз чыгармачылыкка жакынбыз. Анткени апам ыраматылык жакшы ырдачу, ал эми атам дагы сөз баккан, куудул, чечен киши болгон. Ошол улуу эки инсандын баласы болгонум бир себеп болду. Анан алардын колдоосу болуп чыгармачылыкка келип калгам.

- Азыр деле куурчак театрында иштеп жатасызбы?

- Куурчак театрында 20 жылдан ашуун эмгектендим. Жакшы ийгиликтерге жетиштим, жакшы тажрыйба топтодум. Бирок бир жыл мурун “Манас” театрына которулуп кеткем, азыр ошол жакта эмгектенем.

- Билимиңиз боюнча актёрсузбу же ырчылыкка окугансызбы?

- Кесибим боюнча актёрмун, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университеттин актёрлук чеберчилик жагын окугам. Театр жана кино деген бөлүмүн аяктагам. Алгач Нарын театрында, анан Бакен Кыдыкеева атындагы театрда, кийин Куурчак театрында актёр болуп эмгектендим.

- “Баягылар” тобу негизделген күндү эстесеңиз, ошол кездеги эң чоң кыялыңыз кандай эле?

- “Баягылар” тобу азыр кыргызга аттын кашкасындай таанымал топ болуп калды. Чыгармачылык чыйыр жолдо жүргөн алты инсан чогулуп топ болуп түзүлгөн элек. Биз топтун эле мүчөсү эмеспиз, өтө жакын достордонбуз. Шеринелеш достордонбуз, үй-бүлөлүк катышыбыз бар. “Баягылар” тобунун түзүлгөнүнө 15 жылга чукулдап бара жатат. Биздин башыбызды кошкон Кыргыз Республикасынын Эл акыны Жеңишбек Жумакадыр досубуз. Ошол жигиттин идеясы менен, жакшы тилеги, ою менен башыбыз кошулуп калган. Чыгармачылык жолдо бири-бирибизге өбөк, жөлөк болуп келе жатабыз. Ошол жаңы уюшулуп жаткан убактагы кыялдарыбыздын баары азыр орундалды деп ойлойм. Ал кезде кыргыз элине таанылсак, элдин маанайын көтөрсөк, кызмат кылсак, байма бай концерт берип турсак дегенбиз. Азыр ошентип келе жатабыз, шүгүр деш керек.

- Эл көп суранып ырдаткан ырыңыз кайсы?

- Негизи “Баягылар” тобунда ырдаган ырларыбыздын баарын эле сурашат күйөрмандар. Башында “Сен билген жоксуң” деген ыр аркылуу атыбыз чыккан. Шеринеде, баарыбыз табият койнунда отуруп ырдаганыбыз тартылган видео социалдык тармактарга жайылып кетип таанылган элек. Ырларыбыздын баары эле элге жагат. Жеке ырларымдан өзүмдүн калемиме таандык болгон “Жүзүңдөгү уяча” деген ырымды көп сурашат. Элмирбек Иманалиевдин сөзүнө обон жазгам, аны ырчылар да сурап “ырдайлы” дегендер бар.

- “Баягылар” тобунун сахна артындагы эң күлкүлүү окуясы эсиңиздеби?

- Биздин жүргөн-турганыбыз эле күлкү. Эсиме түшкөн бир окуяны айтып берейин. Адилет Кожобергенов деген куудулубуз бир күнү концертке даярданып жатсак,  шашып-бушуп келип калды. Күлүп эле жатат токтоно албай, “эмне болду?” десек, айтып берип жатпайбы. Кыштын күнү, суук... Базардан бир “шапка” алып кийип, коомдук унаага түшөт. Автобустагылар аны карап алып эле күлө беришиптир. “Куудул эмесминби, таанып, ошого күлүп жатышат окшойт” деп келе берет. Көрсө, “шапкасынын” этикеткасын албай кийип алыптыр (күлүп). Анан сахнага чыгарда эле туфлисин таппай калат. Көрсө, башка кийимин салып, туфлисин унутуп калыптыр. Үстү костюм шым, бутунда спорттук бут кийим кийип чыгып келип жатпайбы. Сахнада тизилип турсак “менин бут кийимимди кимиңер кийип алдыңар?” деп күлдүрөт. Болбосо ал 39-өлчөм киет, бирибизге да чак келмек эмес. Анын импровизациясына каткырып эле калдык. Эми ар бирибизде эле ушундай күлкүлүү окуялар бар.

- Топтун жетекчиси Жеңишбек Жумакадыр  АКШга кетип калгандан кийин топ солгундай түштүбү? Концерт берүү планы барбы?

- Ооба, Жеңишбек Америкада жашап жүрөт. Айрымдар аны саясатташтырып жатышат, андай эмес. Өз каалоосу менен үй бүлөсүн алып ошол жакка кеткен. Топтун иши солгундай түштү дегенге бир чети кошулам, бир чети кошулбайм. Анткени анын орду чоң, өзгөчө болчу. Азыр деле идеяларын айтып турат байланышканда. Бирок биз дагы колдон келген аракет менен топту сүрөп жатабыз. Концерт берсек, төкмөбүз жок болуп калабы деген ой болчу, азыр анын ордуна Талант Асаналиев айтышып, төгүп жүрөт. Май  айында эле “6 минус 1” деген концерт койдук. Жакшы болду, элдин купулуна толду дегендей. Эми Жеңишбек келгенде чоң концерт беребиз деп турабыз. Андан тышкары, топтун мүчөлөрү 50 жылдык мааракесин өткөрүп концерт коюп келе жатышат. Эстафета мага да жеткен, быйыл чыгармачылыкта жүргөнүмө 35 жыл болгонуна жана 50 жылдык мааракеме карата чоң концерт беребиз деп турам.

- Куурчак театрында көп жыл иштепсиз, балдар үчүн спектакль коюу сизге кандай сезим тартуулайт? Театрдагы кайсы ролуңуз жүрөгүңүзгө эң жакын?

- Мен бул сезимди мындай айтсам болот, балдарды күлдүрүп, алардын көзүндөгү сүйүнүчтү көргөндө чоң адамдын жүрөгүндөгү кайгы капасы тарап кетет. Мен көп жыл Аяз атанын ролун аткардым, азыр ойлосом, Бишкектин үйлөрүнүн жарымында менин сүрөтүм турат болуш керек. Андан тышкары, кадимки спекталь да көп коюп жүрдүк. Чыңгыз Айтматовдун маңкурт тууралуу чыгармасын койгонбуз, ошондо Найман энеден башкасынын бардыгын аткардым окшойт. Анткени бирөө ооруп калып келбей калса мен аткара берчү элем.

- Жаш ырчыларга жана театр кызматкерлерине кандай кеңеш берет элеңиз?

- Жаштарга “көтөрүлүп кетпегиле, түз жүргүлө, “мен” деп төш какпагыла, баары Кудайдын каалоосу менен болот” деп көп айтам. Алдыңарда үч киши турса, үч жүз киши тургандай берилип ырдагыла, кесибиңерди сүйсөңөр оомат келет дейм. Анткени азыр “Манас” театрында дагы жаштар көп эмеспи.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

- Эки кыз, бир уулум бар. Жубайым да чыгармачылык чыйырда, Куурчак театрында актриса болуп иштейт. Улуу кызым турмушта, кичине экөөсү мектеп окуучулары.

- Көп жылдык чыгармачылык жолуңузда эң оор чечим кайсы болду?

- Биз Союз учурун дагы, андан кийинки мезгилди дагы көрдүк. Оор күндөр болду, жакшы да күндөр болду. Бирок кандай болсо да чыгармачылыктан баш тартып кете алган жокмун. Ошого оор чечим деле кабыл албасам керек деп ойлойм.

- Өмүрүңүздү бир сөз менен сүрөттөсөңүз, ал кайсы сөз болмок?

- Өмүр кыска эле убакыт экен, жаш кезде аябай узун сезилет. Кыска бир сөз менен айтсам өмүр - бүгүн жана эртең. Чечмелениши - бүгүн жашадык, эртеңки күнгө Кудай жеткирсин. Калганы тагдырыңа эмне жазылса ошону көрүп кете берет экенбиз.

- Маегиңизге рахмат!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1233, 7-13-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан