Орусиянын алтын үнү, «Шарманканын» «атасы» Николай Басковдун «Аалам сулуусу-2002» сынагынын жеңүүчүсү Оксана Фёдорова менен болгон сүйүү мамилесине карата буга чейин ар кандай сөздөр айтылып келген. Ошентсе да кайда болбосун бири-бирине болгон жылуу мамилелерин жылмаюу менен жалпыга билдирип келишкен эки жылдыз бүгүнкү күнү ажырашты...
Николай Басков 1976-жылы Орусиянын Балашиха шаарында туулган. 1996-жылы Музыкалык академияга тапшырып, вокалдан сабак алган. Жаш кезинен тарта эле чыгармачылыгынын аркасы менен көптөгөн өлкөлөрдү кыдырууга жетишкен. Ал эми биринчи жубайы Светланага болсо, продюсеринин кызы болгондуктан, «чыгармачылыгын өстүрүү максатында гана үйлөнгөн» деген сөздөр бар. Бирок Николай ал сөздөрдү төгүнгө чыгарып «биз бири-бирибизди сүйөбүз» деп билдирген. Бронислав аттуу уулдуу болгон соң экөө ажырашып кетишкен.
Оксана Фёдорова 1977-жылы Псков шаарында туулган. Юридика илимдеринин кандидаты, милициянын майору болууга үлгүргөн Оксана сулуулугу менен орус журналдарынан түшчү эмес. Университетти аяктаар алдында «Санкт-Петербург сулуусу-1999» аталыштагы сулуулар сынагынын жеңүүчүсү деп табылган.
2001-жылы Орусиянын сулуусу аталып, 2002-жылы Пуэрто-Рикодо өткөн «Аалам периси» сынагын жеңип алган. Атактуулук жана ийгилик Оксанага келечекке болгон ишеним алып келген. Мекенинде тасмаларга тартылып, китеп жазып жана бир нече берүүлөргө алпаруучу болууга жетишкен. Сулуунун параметри – 88-64-93.
ТАБЫШТЫРГАН ТАГДЫР
Алпаруучу Оксана Фёдорова менен Николай Басковду чыгармачылык тааныштырган. Оксананы алгач жөн гана дос катары кабыл алган Коля бир күнү достору менен аны Мальдивы аралына эс алууга чакырган. Бул тууралуу Оксана “мен Николайды бир көргөндө эле жактырып калгандыктан, ал Мальдивыга чакырганда бир аз чочулагам. Анткени мамилебиздин андан ары өсүп кетишин сезгем. Ал учурда Николай мага кайра-кайра телефон чалып, мени барбай койбосун деп тынчсыздангандыктан бирге барып, ошондон бери чогуубуз” деп айткан. Николай Басков Оксана Фёдорованы кечелерге чакырып, белектерди тартуулап, ар кандай сюрприздери менен дайым кубантып турган. Алардын мындай мамилелери көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан. Ошол кезде “Алтынчы күнү кечинде” берүүсүн экөө чогуу алып барышкандыктан, коомчулук “берүүнүн рейтингин жогорулатуу максатында гана ойлонуп табылган роман” деп түшүнүшкөн. Бирок Николай сүйүүсүнүн чын экендигин далилдеп, убакытты көп созбостон ата-энеси менен тааныштырган. Алар уулунун жанындагы сүйгөнүн көрүп, бир аз ыңгайсыз абалда калышкан. Артисттин ата-энеси, албетте, сулуу, акылдуу, жагымдуу бийкечти күтүшкөн, бирок ал бийкеч Оксана Фёдорова болуп каларын ойлошкон эмес. Ошентсе да кудалардын, башкача айтканда, Оксана менен Николайдын ата-энесинин таанышуусу жакшы өткөн.
БАСКОВ ҮЧҮН БИЗНЕСМЕНДЕН БАШ ТАРТКАН
Оксана Николайдын ата-энеси менен бат тил табышып, жылуу мамиледе болуп калгандыгы артистти кубандырган. Ал эми эки белгилүү инсандын сүйүүсү туурасындагы жаңылык ачык аба-ырайындагы чагылган сыяктуу тараган. Өзгөчө мындай жаңылык Оксананын үй-бүлөсүнө катуу тийген. Себеби Оксана Николай менен сүйүшүп жүргөн мезгилде анын жолдошу бар эле. Оксана 2007-жылы немис ишкери Филипп Тофтко турмушка чыккан. Экөө баш кошушканы менен, Филипп Германияда, Оксана Орусияда жашачу.
Атактуу модель, алпаруучу, ырчы Фёдорова 2009-жылдын алгачкы күндөрүнөн тартып эле эл алдына Николай Басков менен чыга баштайт. Ошол учурда Фёдорова Николай менен дуэт ырдап, экөө ар кандай кечелерде чогуу болуп, эми бир укмуш эле ажырагыс болуп калышкан. Жадакалса Басков дүйнөнү кыдырган концерттик турнесине дагы Оксана менен бирге барган. Убакыт өткөн сайын ортолорундагы мамилелерин күндөн-күнгө ачыкка чыгарып, аягында элдин пикири боюнча, кош жылдыз түгөйлөрдүн катарына кошулушкан. Ушул себептен Оксана тез аранын ичинде өзүнүн жолдошу Филипп менен ажырашууну чечип, бул процесстин бат болушу үчүн Николай атайын адвокат жалдаган.
ЧЫН ЭЛЕ СҮЙҮҮБҮ ЖЕ ПИАР-ЖҮРҮШПҮ?
Экөөнүн сүйүү романы былтыркы жылдагы журналдардын беттеринен түшкөн эмес. Кээ бирлер Фёдорова менен Басковдун мамилесин пиар-жүрүш деп эсептешсе, башкалар экөө чындыгында бири-бирине жарашып, үлгүлүү түгөйлөрдөн экенин айтышкан. Быйылкы жылдагы сүйүү күнүндө Басков чет өлкөлөрдө гастролдо болгондуктан, Оксана бул майрамды мурунку жолдошу Филипп менен тоскондугу тууралуу сөздөр тараган. Бул сөз чын белем, көп өтпөй 3-март күнү композитор Игорь Николаевдин Кремль сарайында өткөн чыгармачылык кечесинде Басков Фёдорова менен болгон сүйүүсүнүн аягына жеткенин жар салды. Ага чейин эки ырчынын кол кармашып концертке даярданууга бара жатышканын көргөндөр үчүн бул күтүлбөстүк жаратты. Экөө белгилүү “Дельфин жана Русалка” аттуу ырды аткарышкан соң кеченин конокторуна Николай Басков: “Биз Оксана экөөбүз мындан ары чогуу болбойбуз, бирок сахнага бирге чыга беребиз”,- деп айткан. Ажырашуу себептерин жылдыздар ачык айтышкан эмес, бирок ар түрдүү маалыматтар боюнча экөөнүн эки бөлүнүшү алпаруучу айымдын депутат Анатолий Бык менен болгон мамилесинен улам делинет. Дагы бир себеби учурда Оксананын кош бойлуулугу. Болочоктогу баланын атасы ким экендиги сыр бойдон калууда. Ал эми Басков Оксана менен достук мамиледе гана кала берерине сөз берген. Көз жарганга чейин ал кымбат клиникада мыкты дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Кээ бир маалымат булактарына таянсак, Оксананын жаңы бай жигити клиникадан акчасын аяган эмес.
Эки жылдыз ажырашкан күндө дагы, дайыма элдин назарында болуп, жеке жашоолору жөнүндө кызыгуулар болуп турары айкын. Эки тагдыр кайрадан биригеби же жокпу, бул эми мезгилдин гана суроосу.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg