Биз социалдык тармакта

ДАНИЯР АМАНГЕЛДИЕВ: “КҮЙҮҮЧҮ МАЙ ТАРТЫШТЫГЫ БАР”   

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо иштери көзөмөлдө экенин айтты.

Чиновник учурда Орусиядан 100 миң тонна күйүүчү май келе жатканын билдирди. Ошондой эле Азербайжан, Иран, Түркмөнстан менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Амангелдиев өлкөдө күйүүчү май тартыш болуп жатканын моюнга алды.

- Кээ бир үлгүдөгү бензиндер май куюучу жайларда жок болуп жатат. Орусия өзүндөгү тартыштыкка карабастан бизге күйүүчү май берүүгө макул болду. Биринчи партиясы ушул айдын аягына чейин келет. Өзбекстан 3 миң тонна берүүгө даяр экенин билдирди - деди Амангелдиев Кыргызстан-Орусия экономикалык форумунда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1233, 7-13-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан