Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 17-августтан 23-августка чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Аптанын башында энергияңыз ашып-ташат. Андыктан оор иштерди ушул күндөрү бүтүргөнгө шашылуу керек. Шаршембиде майда чырлар маанайыңызды бузуп, баштаган иштер аягына чыкпай калышы мүмкүн. Аптанын ортосунда үй-бүлө мүчөлөрү катышкан жакшы ишке күбө болосуз. Түгөйүңүз менен келечек тууралуу ой жүгүртүп, жаңы пландарды түзөсүз. Кыз-жигит мамиледегилердин мамилесине “көлөкө” түшүүсү мүмкүн, сизден кеткиси келген адамды кармап калууга умтулбаңыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

 “Каржылык жаздык” керек экенин унутпаңыз, кыйын учурда ошол “жаздык” оор абалдан алып чыгат, андыктан аздан болсо да эч кимге айтпай акча үнөмдөңүз. Жаңы таанышып, кыска аралыкта ишенимге кирген адамдан сак болуңуз, өз кызыкчылыгына пайдаланып кетет. Аптанын ортосунда түгөйүңүздөн жагымдуу сюрприз күтсөңүз болот. Көптөн бери тынчыңызды алган оюңузду жакын досуңуз менен бөлүшүңүз, жеңилдеп каласыз. Эс алууну алдынкы планга коюу керек.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Токтоо сезилгениңиз менен, аптада эмоцияңызды көзөмөлдөй албай калышыңыз мүмкүн. Санааркабаңыз, эмоциялар кубанычтуу көз ирмемдерден улам толкуп-ташыйт. Карьералык жаатта өзгөрүүлөр болбойт, туруктуулук сакталат. Жумуш экинчи планга чыгып, жеке жашоо, үй-бүлөнүн кызыкчылыктары алдынкы пландан орун алат. Көз коркок, кол баатыр деп артка жылдырылып келген иштерди колго аласыз. Эс алуу максатында жакшы санаалаштар менен сапарга чыгууңуз күтүлөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Үй иштеринде өзгөрүүлөр орун алат, балким, батир алмаштырасыз же оңдоп-түзөө иштери жүрөт. Жакындар арасындагы ызы-чууга арачынын ролунда катышып калышыңыз ыктымал. Билим жаатындагыларды кайсы бир илимий иш-чарага катышуу үчүн сапарга чыгуу күтүп турат. Ишембиде өзгөчө кылдат болуңуз, сүйүктүүңүз сизди сынап көргүсү келет. Ашыкча сөз сүйлөп какшыктабаганга аракет кылыңыз. Дем алыш күндөрү күтүүсүз, бирок жагымдуу маанайда өтмөкчү.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Көңүлүңүз жаңычылдык, өзгөрүүнү эңсейт. Андыктан мурда жасабаган нерселерге кызыгып айланаңыздагыларды таң калтырышыңыз мүмкүн. Күн тартибиңизди блокнотко жазып туруңуз, антпесе аптанын ортосунда маанилүү бир нерсени унутуп калып, сөзүнө турбайт деп ишенимден чыгып калышыңыз мүмкүн. Түшүңүздө аян берип, жакшы окуяга кириптер болосуз. Аптанын аягында чарчаганыңызды сезесиз, андыктан достордун чакырууларынан баш тартып, тынч жайда эс алуу сунушталат.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Аптада сизди ойлондура турган сунуш аласыз. Жумуш которуу, жумуш издөө пландары менен жүргөндөрдүн жолу болот, көңүлүнө туура келген жамаатка туш болушат. Калпычылардын тузагына түшүүдөн сак болуңуз. Пландалбаган нерсеге акча коротууга туура келет. Дем алышта үй-бүлөңүзгө көңүл буруп, айрыкча балдарыңыздын кызыкчылыктарынан кабардар болгонго аракет кылуу керек. Теңин таба элек бийкечтерге дагы бир аз чыдап турууну сунушташат жылдыздар.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Апта жалпысынан жагымдуу маанайда өтөт. Жумуш ордунда карама-каршы пикир жараткан жагдайга туш болосуз, эки тараптын эч бирине тартпай ортодо болуңуз. Жашооңузга жаңы адамдар кошулат, коркпой эле коюңуз, жаңы таанышуулар кийин пайдалуу адамдарга айланмакчы. Өнөкөт оорулар козголуп тынчыңызды алышы мүмкүн, ден соолукка убагында көңүл бурганды унутпаңыз. Дем алыш күндөрү үй-чарба иштерин иретке келтирүү менен алек болосуз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

“Өзүм табам – өзүм коротом” деп эле тапканыңызды бир заматта чачыратып коротконду токтотуңуз. Андан көрө аз-аздан каражат топтоп, чет мамлекетке саякаттап келсеңиз, физикалык жактан да, моралдык жактан да эс алган болосуз. Жумушта сиз лидер болчу апта эмес, андыктан башкалардын оюна кошулуп тынч иштей бергениңиз жакшы. Досторуңуздун бири сиздин колдооңузга муктаж болот. Аптанын аягы үй-бүлөңүзгө көңүл бөлүп, алар менен бирге убакыт өткөрөсүз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

 Жумушта элдин баарын өзүңүздөй көрүп, ишеним арта бергениңиздин айынан кесиптештердин катасын артынан тазалоого туура келет. Бирөөгө карыз берүү же болбосо карыз алуу иштеринен алыс болуңуз, ал адамдар менен түшүнбөстүк жаралып, чыр чыгышы ыктымал. Чоң компанияда эс алуу сунуштарынан баш тартыңыз. Аң-сезимдин тынчтануусуна тоскоол болгон бардык факторлордон алыстап, мисалы, телефон “диетасына отуруу” сунушталат.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Чала тааныш адамдар менен баарлашууга көбүрөөк көңүл бурушуңуз керек, анткени алардын идеялары жана пикирлери ойлогон ойду ишке ашырууга жардам берет. Көптөн бери кабарсыз кеткен адамдар жашооңузга кайрадан баш багышы күтүлөт. Мурда ийгиликсиз болуп калат деген идеялардын эми убакыт-сааты келип, сиз күткөндөн да жакшы натыйжа бериши мүмкүн. Аптанын аягында бирөөдөн алгандан көрө, өзүңүз бергенге, башкаларды кубантканга аракет кылыңыз.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Аптанын башында чала тааныш адамдардын компаниясында эс алгандан сак болуңуз. Биринчиден, ыңгайсыз болот. Экинчиден, кийин көпкө өкүнүп кала турган ишти жасоо коркунучу бар. Андан көрө бүт ыкласты жумушка коюп, өз ишиңиздин профессионалы экениңизди дагы бир жолу далилдеп коюңуз. Жакындарыңыздын бири сыркоолоп, аны ооруканага алып барышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү үйдө физикалык кара күч талап кылган жумуштар менен алек болосуз.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Жөнөкөй апта күтөт. Жумушта аптанын биринчи жарымында жооптуу милдеттерди аркалоого жөндөмдүү экениңизди далилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Шаршембиде орун алган маселеде сиздин пайдаңызга чечилбесе да, өз пикириңизди айтууңуз кажет. Жума күнү туугандар менен байланышып туруңуз, алар сизге маанилүү нерсени айтышат. Дем алыш күндөрүн өзүңүзгө жумшаңыз, китеп окуңуз же сүйүктүүңүз менен жолугушуңуз, сүйгөн тамагыңызды жеңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1234, 14-20-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан