Жоон ичегинин долихоколон жана долихосигма дарттарынын жаралуусуна өнөкөт ич катуу жеткирет. Ич катуунун арты операцияга алып барат. Анткени убагында сыртка чыкпаган заң топтоло берип, салмактанып ичегилердин чоюлуусуна жеткирет. Абдан чоюлуп кеткен жерин кесип салууга туура келет. Бул жаатта Улуттук хирургиялык борбордун башкы врачынын орун басары, хирург Талант Касымбеков маалымат берди.
Жоон ичегинин милдети эмнеде?
Хирургияда жоон ичегинин “долихоколон” жана “долихосигма” дарттары бар. Жоон ичеги бир канча бөлүктөн турат: аппендикс, сокур ичеги, өйдө, туурасынан, төмөн кеткен бөлүгү, сигма өңдүү (S тамгасына окшош) бөлүгү. Акыркы бөлүгү түз ичеги менен туташат.
Жоон ичегинин узундугу 1-1,5 метрди түзөт. Адамдын жеген-ичкен тамагынын ашказанда эритилип, майдаланганы – химус деп аталат. Адамдын жеген тамагынын өлчөмүнө жараша жоон ичегиге күн сайын болжол менен 2 килограммдай химус өтөт. Жоон ичегиде канга суу, витаминдер сиңирилет, сиңбей калган калдыктарынан орточо эсеп менен 300 граммдын тегерегинде заң жаралат. Ал түз ичеги аркылуу сыртка чыгарылат. Долихоколон бул – биз сөз кылып жаткан жоон ичегинин толугу менен же кайсы бир бөлүгүнүн ич катып, заңдардын топтолуусунан узарып кетиши. Долихосигма болсо жоон ичегинин сигма өңдүү бөлүгүнүн гана ушул эле себеп менен чоюлуп кетиши.
Долихоколон оорусунун 2 түрү бар
• Тубаса түрү. Түйүлдүк курсакта кезде жоон ичегиси кайсы бир себептер менен тубаса чоюлуп жаралып калат. Бул түрүн балдар хирургдары операция жолу менен дарылап айыктырышат.
• Кийин пайда болгон түрү. Бул түрү менен долихосигма дартынын жаралуу себептери окшош. Экөөндө тең өнөкөт ич катуудан улам ичегилер чоюлуп кетет.
Ич катуудан эмнеге ичегилер чоюлат?
Адамдын бир аптада ичин бошоткону 3 жолудан аз болуп жатса ич катуу диагнозу коюлат. Ич катуу өнөкөткө айланса ич бошотуу мурункудан да сейректей баштайт. Убагында сыртка чыкпаган заңдар ичегини сезгентет. Заңдар акырындап таштай катып ичегинин сезгенген жеринен ары жакшы жылбай ошол жерде топтоло баштайт. Ичеги оорлошот да салаңдап чоюла баштайт. Алгач 2-4 сантиметрге чоюлса, акырындап 40 сантиметрге же андан да узун чоюлат. Ичеги канчалык узун болуп чоюлса, ичтин бошоосу ошончолук кыйындай берет. Себеби жаңы заңдардын да ошол бөлүктөн ары жылышы кыйындайт. Адам дааратканада жарым саат, бир саат отура баштайт. Ичи катуу катып калгандардын айрымдары 5-10 күндөп, ал тургай 2-3 апталап дааратканага барбай калат. Акырында ичегилери иштебей, заңдар чыкпай, ичеги бүтөлөт. Мындайда операция жасалат. Адам ичим катты деп ичти айдоочу дарыларды иче бергенде организм ага көнүп, ичегилер начар иштеп каларын да айта кетели.
Тажрыйбада долихосигма дарты эң көп жолугат. Анткени сигма өңдүү бөлүк жоон ичегинин аягы болгондуктан заңдар ошондо топтоло берип, оорлошуп, чоюлуп кете берет. Айрымдар ич катуудан кыйналганда өз алдынча клизма жасатышат. Аны туура эмес жасаганда “наконечниги” менен “түз ичегини тешип, кошумча оору жаратып алуу коркунучу бар. Андыктан ич катканда врачка гана баруу керек.
Дисбактериоз, стресс ич катууга жеткирет
Эми ич катууга жеткирүүчү себептерди талдап көрөлү.
• Туура эмес тамактануу. Буга кургак тамактануу, фастфуд, колбасаларды көп жегендик, газдалган таттуу суусундуктарды көп ичүү кирет.
• Арыктайм деп ачка жүрүү. Айрымдар тамакты өтө аз жеп, дээрлик ачка жүрүп калат. Мындайда ич катуу өнөкөткө айланат.
• Аз кыймылдуулук. Ичегилер акырындап начар иштеп калат.
• Стресс. Мында симпатиялык нерв системи активдешет. Бул нерв симтеми стрессти өмүргө коркунуч туулду деп кабыл алып, адамда “ур”, “токмокто”, “кач” деген сигналдарды иштетет. Ошого мээ тамак сиңирүүнүн ишин тормоздойт, ичегинин тонусу төмөндөйт, спазм жаралат. Ичтеги тамактар кармалып, катат.
• Ичегилердин сезгениши. Бул жоон ичегинин колит оорусунан, инфекциядан, мурунку жасалган операциядан, мите курттардан, дисбактериоз, көтөн чучуктун ооруларынан болушу мүмкүн.
• Сууну аз ичүү.
Ичтин катышынын белгилери
• Заңдын сыртка узакка чыкпашы
• Арыктоо
• Ичтин бурап оорушу
• Тилдин үстүн кебер басуу, зарна болуу
• Теринин кургак тартышы
• Бүдүр, безеткилердин чыгышы
• Көңүл айлануу, кусуу, чыйрыгуу
• Дем алуунун оорлошу (ич узакка катканда)
Ичегинин бүтөлүшүнүн белгилери:
• Ичегинин толгоп оорутуусу
• Кусуу
• Желдин чыкпай калышы
• Ичтин көбүшү
• Дене табынын көтөрүлүшү
Дарылоонун 2 ыкмасы бар
Консервативдүү дарылоо. Кимде өнөкөткө айланган ич катуу болсо тоготпой жүрө бербей врачка кайрылуусу кажет. Башкача айтканда, ичегилердин улам узарып чоюла беришине жол бербей токтотуп калуу зарыл. Ичегилер азыраак чоюлса анда ичегилердин сезгенүүсүн кетирип, ичегинин иштөөсүн калыпка келтирүүчү, ичегини тазалоочу каражаттар менен кошо диета жазылат. Мисалы, гречканы, кара нанды колдонуу, жашылча-жемиштерди жана кактарды көп жеш керектелет. Бат даярдалуучу тамактарды, газдалган суусундуктарды жана таттуу азыктарды четтетүү, көп кыймылдоо, сууну 1 күндө 2-2,5 литрдей ичүү сунушталат. Клизма жасатуу же ичегилерди суу менен тазалатуу ыкмалары да колдонулат жана башка.
Операциялык ыкма. Ичеги көбүрөөк чоюлуп, консервативдүү дарылоо жардам бербейт деген учурда колдонулат. Чоюлуп кетип иштебей калган ичегинин бөлүгү кесилет. Бейтаптардын ичинде ичегисин жарым метрден тартып 1-1,5 метрге чейин кестиргендери болот. Ичинде 1 килограммдан 5-6 килограммга чейин таштай каткан заңды көтөрүп жүрө бергендер да кездешет.
Канымжан Усупбекова