Биз социалдык тармакта

Бакас, ырчы: “ЖАСАЛМА БОЛБОЙ, ТАБИГЫЙ БОЙДОН КАЛУУГА УМТУЛАМ”

Шаңдуу ырлары, ырына жарашкан бийи, актёрдук чеберчилиги ырчы Бакас мырзаны башка ырчылардан айырмалап турат десек жарашат. Сахнадагы шайыр ырчы кадимки жашоодо кандай? Паспортто ырчынын өз аты Бакас эмес, Нурлан экенин билет белеңиз? Бул маекте ырчы чыгармачылыгы, үй-бүлөсү, ата-энеси, устаты, күйөрмандары жана жашоодо карманган принциптери тууралуу ачык айтып берди.

 

- Бакас мырза, паспорт боюнча атыңыз Нурлан экен. Нурлан сахнадагы Бакастан канчалык айырмаланат?

- Бакастын артында жөнөкөй эле Нурлан турат. Сахнада көрүүчүгө энергия тартуулап, чыгармачылык дүйнөмдү ачсам, жашоодо үй-бүлөнү, досторду баалаган, токтоо адаммын. Бирок экөөнү бириктирген негизги нерсе бар – ал чынчылдык жана эмгекчилдик.

- Ырларыңыз шаңдуу, бийиңиз жана актёрдук чеберчилигиңиз өзгөчө. Мындай образды элге сиңирүүгө кандай мээнет, канча убакыт кетти?

- Элге оңой көрүнгөнү менен ар бир образдын артында көп эмгек жана убакыт жатат. Бүгүнкү күндө эл мени шаңдуу ырларым, бийим жана тамашаларым аркылуу тааныса, бул бир күндө эле жаралып калган жок. Жылдар бою өзүмдүн стилимди издеп, сахнада тажрыйба топтоп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн табууга аракет жасадым. Өзүмдү өзгөртпөй, табигый бойдон калууга аракет кылдым. Ошол эмгектин үзүрү кайтып элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келем.

- Ырчылык жана актёрдук. Сизге кайсынысы кызыктуураак?

- Чынын айтсам, экөөсүн бөлүп кароо  кыйын. Экөө мен үчүн чыгармачылыгымдын эки канаты сыяктуу. Сахнада актёрдук чеберчилик жардам берет, ырдын маанайын, сезимин жеткирүүгө аракет кылам. Ал эми кинодо же сахнада роль аткарганда музыкалык сезимталдык жардам берет. Ошондуктан экөө тең жүрөгүмө жакын, бири экинчисин толуктап турат.

- Эсте калган өзгөчө той эсиңиздеби?

- Ар бир той өзүнчө тарых, эмоция. Эсте калган тойлор көп. Бир жолу тойдо элдин маанайы ушунчалык көтөрүлүп, жашынан карысына чейин баары алакан чаап, өнөрүмдү баалаган. Ошондо өнөр адамы үчүн бакыт - бул элге кубаныч тартуулоо экенин дагы бир жолу сездим. Андай көз ирмемдер эч качан унутулбайт.

- Сизди музыкалык мектепке апаңыз алып барган экен. Демек, кичинеңизде эле шыгыңызды ошол киши биринчи байкаптыр да?

- Ооба, апам менин музыкага кызыгуумду  биринчи байкаган. Үйдө кыңылдап ырдап жүргөнүмдү көрүп, “бул баланын музыкага шыгы бар окшойт” деп, Балыкчыдагы музыкалык мектепке өзү жетелеп барганы али да эсимде. Ошол күн чыгармачылык жолумдун башталышы болуп калды. Азыркы  жетишкендиктерим – бул апамдын эмгеги деп эсептейм.

- Музыкага болгон сүйүү кимден өткөн?

- Ыр уксам көңүлүм бурулуп кетчү. Теледен артисттерди көрүп, “ушулардай болом” деп кыялданчумун. Атам ырга жакын киши. Туугандарым да аябай жакшы ырдашат. Таятам комузчу болгон. Менимче, алардан да шык алдым окшойт, анан, албетте, Кудайдан берилген өнөр.

- Сырттан караганда сүрдүү, текебер адамдай көрүнөсүз. Сырткы көрүнүш алдайбы?  

- Ооба, сырттан караганда ошондой көрүнүшүм мүмкүн. Балким, жүзүмдүн олуттуу болгону же көп сүйлөбөгөнүм ошондой таасир калтырат. Негизи тамашакөй, адамдар менен бат тил табышкан, көңүлү жумшак адаммын. Кээде токтоолугумду керсейгендик деп түшүнүп алышат.

- Ата-энеңиз кандай адамдар? Алардын кайсы сапаттары бар сизде?

- Атам өмүр бою шофёр болуп эмгектенди. Ал эми апам сот тармагында иштеген. Атамдан эмгекчилдикти, сабырдуулукту үйрөнсөм, апамдан тактыкты, адилеттүүлүктү жана жоопкерчиликти үйрөндүм. Бала кезде “чоңойгондо ата-энеме баарын жасап берем” деп көп нерсени кыялданат экенбиз. Азыр ойлосом, аларга материалдык нерседен да көбүрөөк убакыт бөлүү, жанында болуу, көңүлүн көтөрүп туруу маанилүү экен. Ата-энемдин эмгегин актап, берген тарбиясына татыктуу уул болсом дейм.

- Чыгармачылыкта сизге ишенип, колдоп, дем берген адам ким болду?

- Чыгармачылыкта мага өзгөчө ишенип, дем берген адам Эркин Эгембердиев агайым. Агайымдын айткан кеңештери жана ишеними чыгармачылыкка болгон көз карашымды өзгөрттү. Кээде өзүңө ишенбей турган учурда бир адамдын “сенин колуңдан келет” дегени эле тоодой күч берет. Эркин агайымдын колдоосу мага  маанилүү болгон.

- “Сахнада артист, көчөдө адам, үйдө ата” деген сөзүңүз бар. Сурайын дегеним, жубайыңызга кандай жолдошсуз?

- Сахнада артист болгонум менен үйдө жөнөкөй эле жолдошмун. Үй-бүлөдө бири-бирин угуп, түшүнүп, сыйлоо маанилүү деп эсептейм. Жумушум канчалык көп болсо да үй-бүлөмө убакыт бөлүүгө аракет кылам. Балким, идеалдуу жолдош эмесмин, бирок жакшы жолдош болууга күн сайын умтулам. Келинчегиме аябай ыраазымын. Ал мага Кудайдан берилген белек. Мени колдогонуна, сабырдуулугуна жана колу ачыктыгына ыраазымын. Мага жаккан сапаттарынын бири - тазалыгы.

- Кыйын учурларда өзүңүздү кантип сооротосуз? Кандай принциптерди карманасыз?

- Жашоодо карманган урааным - “Баары өтөт, эмгек гана калат” деген сөз. Кыйынчылык болгондо өзүмө “бул да убактылуу, токтоп калбай, алдыга жылышым керек” деп айтам. Анткени адамдын башына ар кандай сыноо келет. Ошол учурда сынбай, кайра туруп кете билүү маанилүү. Өзүмө “колуңдан келет, аракет кыл” деп да көп айтам. Балким, ушул нерсе мени алдыга сүрөп келет.

- Күйөрмандар сизден дайыма күлкү-шаң күтөт. Башкаларга жылмаюу тартуулаган адамды ким күлдүрөт?

- Чынында өзүм көп күлбөйм. Менин көңүлүмдү эрке кызым көтөрөт.

- Сиз башкаларды туурап каласыз. Бир күнү сизди бирөө туурап чыкса, кандай кабыл аласыз?

- Чынын айтсам, кубанам. Анткени бирөөнүн мени туурашы - образымдын элге жеткенинин белгиси. Өзүм да адамдарды туурап, образ жаратып күлдүрүп жүрөм. Мени туураса, таарынбайм. Балким, жакшы туураса, элге кошулуп күлүшүм мүмкүн.

- Азыркы учурда чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?

- Азыркы тапта чыгармачылыкта бир нече жаңы багыттын үстүндө иштеп жатам. Жаңы ырларды даярдап, элге жаккан шаңдуу стилимди өркүндөтүү менен бирге, актёр катары да жаңы образдарда өзүмдү сынагым келет. Азырынча көп нерсени ачык айта албайм, сюрприз болсун (күлүп). Эл күткөндөн да кызыктуу жаңы иштерди тартуулаганга аракет кылып жатам.

- Жалпы канча ырыңыз бар? Автордук чыгармаларыңыз барбы?

- Жалпы 30 ырым бар. Анын ичинен бешөө автордук чыгарма. Жакында дагы бир чыгарма жарык көрөт. Акыркы чыгармам кызыма арналган “Жан кызым” деген ыр.

- Бүгүнкү ырчы Бакас бала кездеги Нурланга жолукса, ага кандай кеңеш айтмак?

- “Билимге, илимге көп басым жасап, изден” демекмин.

- Жөнөкөй адам катары бир гана чындыкты элге айтышыңыз керек болсо, эмнени айтат элеңиз?

- Элге айта турган бир гана чындыгым болсо “Адам кандай бийиктикке жетпесин, адамгерчилигин жоготпосун” демекмин. Популярдуулук убактылуу, ал эми адамдык мамиле өмүр бою калат.

 

 

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1234, 14-20-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан