Кыргызстандык кыз-келиндердин чет өлкөлүк жарандарга карын энелик кызмат көрсөтүүсүнө тыюу салуу сунушталды. Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов менен Чыңгыз Ажибаев иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Демилгечилер кыргызстандык аялдар чет өлкөлүктөрдүн балалуу болушунда курал катары колдонулуп жатканын айтышууда. Көптөгөн чет өлкөлүктөр кыргызстандык аялдар менен келишим түзүп, аларды башка өлкөлөргө алып барып, ал жакта төрөтүп жатышканы, мындай фактыларда алданып калгандары да бар экени белгиленген. Документ төмөнкү максаттарды көздөйт: Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо. Карын энелик кызматты коммерциялык максатта пайдаланууну токтотуу. Бала сатууну алдын алуу же баланы бир жыныстуу жубайларга берүүдөн коргоо. Ымыркайлардын органдарын сатуунун алдын алуу.