Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы “Капитальная” көпүрөсүн кайра жандандырып, туристтик объектке айландыруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул туралуу 12-августта Курулуш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, аталган көпүрө аркылуу СССР учурунда көмүр ташылып өтүп турган. Бирок Совет өкмөтү тарагандан кийин көмүр өндүрүү токтотулуп, көпүрө пайдаланылбай, кароосуз калган.
- Бүгүнкү күндө пайдаланылбай турган аймактарды иретке келтирүү жана шаардын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында аталган аймакты заманбап эс алуу жайына айландыруу сунушталууда. Жалпы аянты 1,96 гектар болгон аймакты өнүктүрүүнүн эскиздик долбоору даярдалып, анда ресторан, айлана-чөйрөнүн жана шаардын көрүнүшүн бийиктен көрүүгө мүмкүнчүлүк берген панорамалык A-frame үйлөрү, ошондой эле эс алуу аллеясын жайгаштыруу каралган - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, аталган көпүрө буга чейин эле көпчүлүктү кызыктырып келген. Сан-Францискодогу атактуу көпүрөгө окшоштугунан улам “Кыргызстандын “Алтын дарбазасы” деп да аталат.