Биз социалдык тармакта

БИЙЛИК: ТОКТОГУЛДА СУУ АЗ, ЭЛЕКТР КУБАТЫН ҮНӨМДӨӨ ЗАРЫЛ

Быйыл республика боюнча электр энергиясын керектөө көлөмү 19,6 миллиард киловатт-саат болушу күтүлүүдө. Мындай маалымат 11-августта өкмөттө кышка даярдык боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды. 

Кыргызстан 15,5 миллиард киловатт-саат электр жарыгын өзү иштеп чыкса, калган 4,1 миллиард киловатт-саат дефицит импорттолот. Азыркы учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз болуп жатканы белгиленди. Бирок канча суу бар экени айтылган жок. Ушундан улам электр энергияга болгон ички лимитти сактоо, сууну сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы эскертилди.

Өлкөнү отун менен камсыздоодо боюнча айтсак, быйыл 45,5 миң тонна күйүүчү мазут, 3408 тонна көмүр керектелет. Кампаларга графикке ылайык тийиштүү көлөмү жеткирилген, ошондой эле тендерлер өткөрүлүп келишимдер түзүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1234, 14-20-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан