"Кыргызфармация” мекемесинде дары-дармек сатып алуудагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 137 миллион 950 миң сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу 13-августта Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын муктаждыктары эске алынбастан жүргүзүлүп, натыйжада жалпы баасы 74,1 миллион сомдук дары-дармектин 60 түрүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен.
Ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын билдирмелери жок эле ири көлөмдөгү медициналык буюмдар сатылып алынып, 63,8 миллион сомдук продукция кампаларда пайдаланылбай калган.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (Билип туруп пайдасыз келишим түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.