Кыргызстанга бажы алымынан бошотуу менен кошумча 10 миң электромобиль алып кирүүгө квота берилди. Бул тууралуу 12-августта Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.
Мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тарабынан кабыл алынганы айтылат. Ал чечим 17-августтан тартып күчүнө кирет.
Ушуну менен быйылкы жылга карата электромобилдерге берилген жалпы квота 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү. Расмий маалыматка таянсак, 2025-жылдын соңунда өлкөдө расмий каттоого алынган 15 278 электромобиль бар экени айтылган.