Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

— Мен ошол күндөрдү эстеген сайын жүрөгүм тилинет. Катуу ооруп калдым. Денем күйүп, башым айланып, төшөктөн тура албай калдым. Бирок мени өзүмдүн оорум эмес, эки жаштагы уулум ойлонтту. Ал мени түшүнбөй жанымда отуруп алып, “Апа” деп кайра-кайра чакыра берчү.

Мен болсо: “Эми сени ким карайт? Менин башыма бир мүшкүл түшүп калса эмне болот?” деген ойлордон көз жашымды тыя албай ыйладым.

Ошол күнү өмүрүмдө биринчи жолу өзүм үчүн эмес, балам үчүн жашагым келгенин сездим. Ал ачка калбасын, жалгыз калбасын деп Жаратканга жалбарып дуба кылдым. Кээде эне болгондо өзүңдүн жаның эмес, балаңдын тагдыры биринчи орунга чыгат экен. Эне үчүн баласын кучагынан ажыратуудан өткөн азап жок экен. Мен муну өз башымдан өткөргөндө гана түшүндүм.

Денемде күч жок, бутума тура албайм. Үйдө жегенге эч нерсе жок. Эки жаштагы уулум болсо эмне болуп жатканын түшүнбөй, улам жаныма келип “Апа...” деп кучактайт. Көздөрүнө караган сайын жүрөгүм тилинип кетчү. Ал ачка, мен болсо ага бир үзүм нан да таап бере албай калдым. Акыркы тыйынымды дарыга короттум. Дары жардам берген жок. Тескерисинче, күн өткөн сайын абалым оорлой берди.

Ошол түнү уулум көкүрөгүмө башын коюп уктап калды. Мен болсо уктаган жокмун. Анын чачынан сылап отуруп таңды атырдым. “Эгер мен бүгүн өлүп калсамчы? Бул наристени ким багат? Ким бооруна басат?” деген ойлор мээмди тешип жатты. Таң атканда эң оор чечимди кабыл алдым. Бул чечимди кабыл алгым келген жок, бирок башка жол көргөн жокмун.

Уулумду эски жоолугума ороп, Ысык-Көлдүн жээгине жеттик. Ал жерде эл көп болот. Балким, боорукер бирөө бала кылып багып алат дедим. Мен баламдын көчөдө жоголушун эмес, тирүү калышын гана кааладым. Экөөбүз кумга отурдук. Ал таштарды терип мага көрсөтүп күлүп жатты. Мен анын жүзүнөн көзүмдү ала албай карап отурдум. Ар бир күлкүсүн, ар бир кыймылын эсиме түбөлүккө сактап калгым келди.

Аны кучагыма кысып, кайра-кайра өптүм.

— Балам... Сен менин жашоомсуң. Мен сени эч качан таштагым келген эмес. Бирок бүгүн менин жанымда калсаң, экөөбүз тең жок болуп кетишибиз мүмкүн. Сен жашашың керек. Сенин келечегиң болушу керек...

Мен аны акырын сылап, жанындагы оюнчугун колуна карматтым.

— Мени кечир, уулум. Эгер Куйдай өмүр берсе, мен сөзсүз сени табам. Сенден эч качан баш тарткан эмесмин. Сени өмүрүмдөн да артык көрөм...

Мен акырын ордумдан турдум. Бир нече кадам бастым. Артымдан анын үнү чыкты.

— Апа...

Ошол үндү укканда буттарым баспай калды. Артыма бурулуп чуркап барып кучактагым келди. Бирок бурулсам, аны кайра эч качан таштай албай турганымды билип турдум. Көз жашымды токтото албай, жүзүмдү эки колум менен жаап алып басып кеттим. Ар бир кадамым жанымды сууруп алгандай болду. Баламдын “апа” деген үнү кулагымда жаңырып жатты.

Мен андан алыстап кеттим деп ойлогом. Бирок эненин жүрөгү баласынан алыстай албайт экен. Бир нече кадам баскан соң эле буттарым токтоп калды. Демим кыстыгып, кайра артка чуркадым. Бирок анын жанына барууга батынган жокмун.

Көлдүн жээгиндеги калың камыштын арасына кирип, эч кимге көрүнбөй отуруп калдым. Ошол жерден уулумду карап турдум. Ал алгач мени издеп жатты. Анан чоң көздөрүн бакырайтып, улам апалайт. Мен эки колум менен оозумду басып, үнүм чыгып кетпесин деп ыйымды араң токтотуп жаттым. “Бул жактамын, балам!” деп кыйкыргым келди. Чуркап барып кучактап алгым келди. Бирок андай кылсам, аны кайра эч качан коё бере албайт элем.

Уулум бир аздан кийин чарчап, кумдун үстүнө отуруп калды. Кээде башын көтөрүп, элдин арасынан мени издейт. Эрдимди каната тиштеп, “Чыда... Бул анын өмүрү үчүн...” деп өзүмдү токтотуп жаттым.

Күн акырын батып бара жатты. Элдер көлдүн жээгинде ары-бери басып жүрүштү. Айрымдары уулумду байкап, жанына келип сүйлөшүп жатышты. Мен болсо камыштын арасынан алардын ар бир кыймылын калтырбай карап турдум.

Бир аял менен бир эркек келишти, кийингендери турпаты башкача эле. Билимдүү, бардар адамдардай сезилди. Алар бир топко туруп, аял мени уулума жакындап бооруна кысты. Ошол көз ирмемде мен энеликти көрдүм. Уулумдун көз жашын сүртүп, кучактап, суу берип жатканын көргөндө гана көкүрөгүмдө үмүт жанды.

— Жаратканым... Боорукер адамдарды жолуктура көп, балам аман болсун...

Аял менен эркек сүйлөшүп жатышты. Акыры уулумду алып көтөрүп кетишти. Эмнегедир жүрөгүм алар жакшы адамдар экенин сезди. Жаш экенмин да, кийин ошол жерден чыгып абалымды түшүндүрсөм, балким, мага же  уулума жардам беришмек деп көп ойлондум. Корктум, анте албадым. Кийин ушунчалык өкүндүм.

Күн батканга чейин ошол камыштын арасында кыймылдабай отурдум. Анын жүзүн, көздөрүн, күлкүсүн жүрөгүмө түбөлүккө сүрөт кылып сактап калдым.

Ошол күнү мен көл жээгинен жалгыз кеттим. Бирок жүрөгүм ошол камыштын арасында, “апа” деп мени күтүп турган уулумдун жанында түбөлүккө калып кеткендей сезилди. Мен өлөт эле болушум керек дегем, бирок ичер суум түгөнбөптүр. Мен эс-учумду билбей жатканда бир боорукер адам мени ооруканага жеткириптир. Ал жактан бир мээримдүү врач аял мени сактап калыптыр. Бир жумада араң көзүмдү ачкан экенмин.

Бирок андан кийинки күндөр мен үчүн тозокко айланды. Көчөдөн эки жаштагы баланы көрсөм, чуркап барып жүзүнө тигилчүмүн. “Менин уулум эмеспи?” деп жүрөгүм дүкүлдөчү. Түнкүсүн болсо уйку качты. Көзүмдү жумсам эле көлдүн жээгинде турган уулум көрүнөт. Кичинекей колдорун мага сунуп:

— Апа... Мени таштаба... — деп ыйлап жаткандай сезилчү.

Ошондо чочуп ойгонуп кетип, эч ким жок караңгы бөлмөдө жалгыз отуруп таң атканча ыйлачумун. Ошол күндөн кийин мен үчүн убакыт токтоп калгандай болду. Жылмайганды унуттум. Майрамдарды унуттум. Өзүмдүн ким экеним, эмне кылып жатканым баары бир болуп калды.

“Оо, Жараткан... Уулум аман болсун. Ал мени жек көрүп чоңойсо да мейли. Болгону тирүү, бактылуу болсун. Бир күнү мага жолуктурсаң, анын алдына тизелеп туруп кечирим сурайм. “Мен сени таштаган эмесмин, сени сактап калууга аракет кылгам” дечү элем. Ортодон жылдар өттү. Өлө албадым, өлө албагандан кийин аргасыз жашоо уланат экен. Ошол күндөрдүн биринде эшигим тыкылдады. Эшикти ачсам, босогодо жүзү кубарып, көздөрү жылуу бир адам туруптур.

— Айым... — деди ал акырын.

Бир саамга аны тааный албадым. Көрсө, аны деле унутуп бара жаткан экенмин.

— Али?..

Ооба, бул Али эле. Балдар үйүнөн мени колумдан жетелеп алып чыккан, эң оор күндөрүмдө жанымда болгон Али. Мен анын көзүнө тик карай албай турдум. Ичим бопбош эле. Карегим андан да... Тиктеп туруп, жек көрө бурулуп кеттим.

— Кеч болуп калды, Али...

— Эмнеге антип айтып жатасың? Уулубуз кайда?

Ошол суроо жүрөгүмдү тилип өттү.

— Мен... Аны сактап кала алган жокмун...

Али эмне болгонун түшүнбөй мени ийинимден кармады.

— Айым, эмне болду? Уулубуз кайда?

Мен көз жашымды араң сүртүп, көлдүн жээгинде болгон окуяны башынан аягына чейин айтып бердим. Ар бир сөзүм жүрөгүмдөн кан болуп чыгып жаткандай эле.

Али унчукпай угуп турду. Аңгемем бүткөндө ал акырын артка бурулуп кетти. Бир саамга ал да мени жек көрүп калды го деп ойлодум. Бирок күтүлбөгөн жерден ал кайра келип мени бекем кучактап алды.

— Сен жаман эне эмессиң, Айым. Сен аргасыз эне болгонсуң. Эгер мен жаныңда болгондо мындай болбойт эле. Бул сенин күнөөң эмес... Мен кечигип калдым... Ошол сөздөрдү укканда экөөбүз тең үнсүз ыйлап турдук. Бир аздан кийин Али көз жашын сүртүп, чечкиндүү үн менен мындай деди:

— Убакыт өтсө да, үмүт өлгөн жок. Биз уулубузду издейбиз. Кыргызстанды түрө кыдырабыз, керек болсо дүйнөнүн ар бурчун кыдырабыз. Ал тирүү болсо, сөзсүз табабыз. Мен бул жолу силерди эч качан жалгыз калтырбайм.

Ушул сөздөр экөөбүздүн жүрөгүбүздө өчүп бараткан үмүттү кайрадан жандырды.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1234, 14-20-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан