Пиязды дээрлик күндө колдонобуз. Тамактын даамын арттырып, ширелүү кылгандан башка кандай жактарын билесиз? Билбесеңиз, окуп алыңыз.
1. Антиоксидант. Пияз курамында кверцетиндин көптүгүнөн улам кооптуу микроорганизмдердин, анын ичинде алтын стафилококк жана ичеги таякчалары сыяктуу микроорганизмдердин өсүшүнө тоскоол болот. Алар организмдин коргоо функцияларын бекемдеп, жумшак табигый антибиотик катары иштешет.
2. Онкологияны алдын алуу. Пиязды күнүгө колдонуу тамак-аш сиңирүү органдарынын онкологиялык ооруларын алдын алат. Пияздын кошулмалары ашказандын олуттуу патологияларына себепкер болгон хеликобактер пилори бактериясын токтотууга жөндөмдүү.
3. Сезгенүү жана карылык менен күрөшүү. Глутатион, селен, С жана Е витаминдери эркин радикалдар менен күрөшөт. Бул клеткалык картаюу процессин гана жайлатпастан, сезгенүү процесстерин токтотууга жардам берет.
4. Кант диабети. Пияз экстракты кандагы канттын деңгээлин азайтып, кант диабети менен күрөшкөндөргө жакшы жардам берет.
5. Сөөк ткандары. Пияздын курамындагы GPCS пептиди сөөк ооруларын алдын алат, анын морт эмес, бекем болушун шарттайт. Бул остеопорозду алдын алуу үчүн өзгөчө маанилүү.
Пайдалуу болушу үчүн
1. Пияздын бардык түрү чийки кезинде максималдуу түрдө пайдалуу болуп саналат.
2. Бууга бышырууда пайдалуу таасирлери сакталат.
3. Кууруп же кайнатканда, тагыраагы, термообработкадан өткөндөн кийин пайдалуу жактары калат, бирок жетиштүү өлчөмдө эмес.
Эскертүү! Пиязды, өзгөчө чийкисин боор оорусу барларга (гепатит, гепатоз, цирроз) көп өлчөмдө жегенге тыюу салынат. Андан сырткары жүрөк кемтиги жана башка жүрөк оорулары барлар да абайлап колдонуулары керек. Гипертоник, астма менен жабыркагандар да чийки пияздан баш тартуулары зарыл.