Жашы отуздар чамасындагы Улан (каармандын аты өзгөртүлдү) аттуу жигит редакциябызга баш багып, сүйүктүү жарынан, балдарынан гезит аркылуу кечирим суроону туура тааптыр. Анда сөз кезегин Уланга берсек.
– Ар бир адам “жашоомдо чоң максаттарга жетсем экен” деп тилейт эмеспи. Мен да жаштайымдан ойлогон ойлорум орундалса деп тилек кылчумун. Мектепти жакшы аяктап, өз кесибимдин ээси болуп, жүрөгүм тандаган кызга баш коштум. Турмушум акырындык менен өз нугунда жүрүп жатты. Бул ортодо эки балалуу болдук. Ушундай бактылуу күндөрдү башымдан кечирип жүргөндө мени менен чогуу иштеген бала “жүрү, казиного кирип чыгабыз” деп калды. 5000 сом менен кирген досум бат эле 10 000 миңден ашык сумманы утуп алды. Эртеси да кирдик. Ал күнү да олжолуу болдук. Анын ойногонун карап отуруп, “акча табуунун оңой жолу турбайбы” деп кызыгып, мен да ойной баштадым. Жумуштан чыгарым менен оюнга кирем да, түн ортосунда үйгө барам.
Ошентип жүрүп үй-бүлөмө да көңүл бурбай калганымды сезбептирмин. Кээде утсам, кээде утулам. Акырында утканымдан да, уттурганым көп болуп баратты. Алган айлыгымдын баарын ошол жакка салчу болдум. Бара-бара тааныштарымды алдап, алардан акча алууга да өттүм. Ошентип жүрүп кантип карызга белчемден батканымды, жумушумдан кол жууганымды да билбей калдым. Күнүгө “болду, кирбейм, сөзсүз таштайм” деп өзүмө сөз берчүмүн. Бирок таштоого эрким жете бербеди. “Ушунун баарынан өлүм гана куткарат” деген ой менен моюнума сыйыртмак да салып көрдүм. Бирок бул жоругумду балдарыма, келинчегиме болгон сүйүүм жеңип, асынып турган жеримден бошонуп, аман калдым. Бул окуядан кийин келинчегимди шаарга таштадым да, казинону унутуу максатында 3 айга айылга барып жашадым. Келинчегим Салтанат батирлеп жүрүп болсо да иштеп, тапканын менин карыздарыма төлөп жүрүптүр. Ошол учурда ага мен да, менин туугандарым да жардам берүүгө чамабыз жетпеди. Кээде телефон чалып, “оюнга берилбесең минтип үй-бүлөбүз чачырабайт эле го!” деп ыйлайт. Шаарга келип ага жардам берейин дейм, бирок кумар мени кайрадан тартып кетип, үй-бүлөмдү азапка саламбы деп бушайман болуп жүрдүм.
Акыры намысыма чыдабай үч айдан кийин шаарга келсем, Салтанат, тогуз жыл жашаган сүйүүм өзгөрүп, мени менен сүйлөшкүсү келбей, таарынып калыптыр. Албетте, мунун баарына бир гана өзүм күнөөлүүмүн. “Турмушуң эшек араба, туулдуң калдың балээге” дегендей, учурда турмуштун туура жолунан адашып, айла таппай балдарымдын күлкүсүнө, келинчегимдин жылуу сөздөрүнө зар болуп жүргөн чагым.
Салтанат, мага убакыт берсең, турмушубузду өз жолуна коюп, силерди колума салып багып алам. Мени кечирсең гана болду...
Кечир, жаным, кылсам эгер бактысыз,
Кечир, жаным, кылсам ишти акылсыз.
Бирок, жаным, сүйөм сени баарынан,
Сүйүү болсо биз адамбыз, асылбыз.
Биз жеңебиз, сүйүү болсо ортодо,
Суранарым мени жаман ойлобо.
Ишен, жаным, биз бактылуу болобуз,
Күлкү-шаңга толор биздин корообуз.
Дамира Арстанова
koom@super.kg