Жок, ким эмне десе ошо десин, мен Алибекти жек көргөн эмесмин. Ата - энем же башкалар ойлогондой жек көрө алсам, балким, баары жеңилирээк болмок. Мен аны жакшы көрчүмүн. Болгону анын ар бир ийгилиги менин жүрөгүмдү оорутчу.Бирок бул ич тардык эмес эле, болгону ата-энебиздин караңгылыгы болчу. Анткени анын ийгилиги менен кошо мени да таразага тартышчу.
— Иниңди карачы…
Ушул эки сөз менин балалыгымдан бери жанымда жашап келди. Жанымдын сыздаганын бир гана мен билем.Кулагымды жапсам да азыр ошол сөздөр жаңырат.
Иним жакшы окуса:
— Иниңдей окубайсыңбы?
Иним жумуш тапса:
— Иниң эбактан бери иштеп жатат. Сен болсо аз маяна менен жүрө бер!
Иним үй алса:
— Иниң үй салыптыр. Сен качан?
Эмне кылсам да, анын аты айтылчу. Мен бара-бара инимдин жүзүн эмес, өзүмдүн жеңилгенимди көрө баштадым.Бир күнү апам экөөбүз отуруп калдык.
— Сен эмне үчүн иниңе сүйүнбөйсүң? — деди ал.
Мен күлгөн болдум.
— Сүйүнөм.
— Анда эмнеге жүзүң өзгөрүп кетет?
Ошондо биринчи жолу үнүм көтөрүлдү.
— Анткени силер мени аны менен салыштырып бүтпөй койдуңар! Мен силердин көзүңөрдө чоң бир ийгиликсиздик болдум. Мен чарчадым! Салыштыра бергениңерден тажадым, силер үчүн сыймык, мен үчүн…
Апам унчукпай калды. Мен да унчукпай калдым. Бирок жүрөгүмдө көп жылдан бери топтолгон сөздөр чыгып кетти. Ошол сөздөн кийин өзүм да коркуп кеттим. Анткени менин ачуумдун ичинде инимдин күнөөсү жок экенин өзүм жакшы билчүмүн.
Бир күнү күнү кечинде иним үйгө келди.
— Айбек байке, сага эмне болду?
— Эч нерсе.
— Сен мени менен сүйлөшпөй калдың.
— Жумуштан чарчадым.
Ал унчукпай отуруп калды.
Бир аздан кийин:
— Мен сага эмне кылдым?- деди акырын гана.
— Сен эч нерсе кылган жоксуң.
— Анда эмнеге менден качасың?
Мен жооп бере алган жокмун. Инимдин көзүнө жаш толо турду. Менин ачуум кайра күчөдү.
— Эмне жетишпейт сага? Бар, жашай бер өз жашооң менен…
Ал мени тиктеп туруп кайра эле акырын айтты.
— Сен жетишпей жатасың! Сенин муруңку мамилең…
Менин ичимде ачуунун "пружинасы" үзүлүп кеткендей шалдырадым. Ыйлагым келди, кучактап алып бүтүндөй арманымды, дартымды айтып ыйлагым келди. Бирок анын ордуна чымырканып туруп катуу айттым.
— Чык, экинчи менин үйүмө келбе!
— Эрнис байке…
— Чык дедим!
Ал эшикке жетти. Бирок кетер алдында артына бурулуп “бир күнү мени сагынсаң, мен сени күтүп жүргөнүмдү эстеп кой”деди.
Эшик жабылды. Мен ордумда катып калдым. Артынан чуркап чыгышым керек эле.Бирок чыккан жокмун.
ххх
Арадан үч жыл өттү. Ар бирибиз өз жашообуз менен алек элек. Бир күнү кырсыктап, инимди ооруканага алып кетишкенин уктум. Ооруканага чуркап бардым. Ал төшөктө жатыптыр. Мени көрүп жылмайды.
— Келдиңби? Сен биринчи чуркап келериңди билгем. Сен дайыма мени куткарууга чуркап жетчүсүң.
Мен анын колун кармадым.
— Келдим. Көпкө күттүрдүмбү?
— Жок, мен сени келериңди билчүмүн, ошондуктан учурду күткөм. Анткени сен бир күнү баары бир келериңди билгем.
Мен анын колун бекем кыстым.
— Мени кечир.
Ал көзүн жумду.
— Мен сени кечирдим.
— Ушунчалык оңой кечирдиңби? Сен баарынан мыктысың! Сен менден кечирүү боюнча да бир кадам алдыда экенсиң!
— Сен менин агамсың да.
— Мен сага жакшы ага боло алган жокмун.
— Сен мага эң жакшы ага болдуң…
— Жок…
— Ооба. Кичинекей кезимде ушунчалык жакшы көрчүсүң. Кийин сен өзгөрүп кеттиң. Сен мени иниң катары эмес, өзүңдүн күзгүң катары көрө баштадың. Менин ийгилигимден өзүңдүн кемчилигиңди көрдүң.Ата-энебиз бизди камчылаш үчүн атаандаштыкты ойлоп табышты. Бирок сенин жүрөгүң ооруп жатканын билишкен жок.
Мен башымды жерге салдым. Анткени ал чындыкты айтып жаткан. Ал акырын улады:
— Эрнис байке, мен сенден эч качан ашып кетким келген эмес.
— Билем…
— Мен болгону сендей болгум келген.Сен менин кумирим элең. Сендей адилеттүү, адамгерчиликтүү болууну кааладым.
Бул сөз мени өлтүрүп-тирилткендей болду. Анткени мен өмүр бою анын менден озуп кетишинен коркуп жашаптырмын. Ал болсо өмүр бою мени үлгү көрүп жашаптыр.Мен өзүмдү аны менен салыштырып, аны душман кылып алган экенмин. Ошол түнү анын жанында отуруп, балалыгыбызды эстедим. Мен ага велосипед тепкенди үйрөткөм. Ал жыгылганда “ыйлаба, мен бармын” дегем. Көрсө, ошол сөзүмдү өзүм унутуп калыпмын. Иним болсо унутпаптыр. Ал көзүн жумуп жатып акырын айтты:
— Ага…
— Ооба?
— Эгер кайра бала болуп калсак…
— Ооба?
— Мага кайра велосипед үйрөтөсүңбү?
— Ооба.
— Жыгылсамчы?
— Бул жолу сени эч качан жалгыз калтырбайм.
— Ошону эле каалагам…
Мен анын колун кармап отуруп, ичимден бир гана нерсени ойлодум. Биз ынак элек, бирок ата-энебиз бизди атаандаш кылып коюшкан. Мен алардын сөзүнө ишенип, өз инимди өзүмдөн алыстатып ала жаздадым. Бир тууган- бул түбөлүктүү сенин жүрөгүңдө жашаган бир аалам тура. Таарынасың, кеткиң келет, алыстайсың. Бирок эч эле кете албайсың. Куду аркан менен чырмалышкандай эле бир өмүр аны менен болосуң!
Эрнис