Биз социалдык тармакта

ЮПИТЕР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

Куралы чагылган болгон

Юпитер – көптөгөн Кудайлардын атасы жана асман, жарык, чагылгандуу жаандын да Кудайы болуп эсептелет. Башка Кудайлар сыяктуу эле ыйык Олимп тоосунда жашаган. Анын куралы чагылган болгон. Аны менен мыйзам бузгандарды, кылмыш кылгандарды жазалап турган.

Ата-энеси – Кудайлар Сатурн менен Опа. Бир туугандары Веста, Плутон, Нептун, Церера. Атасы Сатурнду, олуялардын айтканы боюнча, аны тактан балдарынын бири ажыратмак. Ошого аялы Кибела төрөгөн сайын балдарын жутуп алып турган. 6-баласы Юпитер туулганда аялы аны катып коёт. Баланын ордуна матага оролгон ташты күйөөсүнө берип, ал аны жутуп салат. Ошентип Юпитер апасынын жанында калат. Анын териси кичинесинен күн сымал жылтырап турган. Күйөөм баланын аман калганын билсе өлтүрөт деп Кибела аны алып, Крит аралына качып кетет. Аны мүйүзүнөн тамак-аш, нектар төгүлгөн сыйкырдуу эчки жана перилер курчап, көзөмөлдөп турушкан. 

 

Чүчүкулакта биринчилик тиет

Юпитер Кудай Океандын кызы Метиске баш кошот. Метис ага атасын башкы Кудай наамынан ажыратууга жардам берерин айтат. Ошентип Метис Сатурнга бир чөптү берет. Аны жегенден кийин ал ооруп калат да жутуп алган балдарынын баарын кусуп жиберет. Эркиндикке чыккан балдары атасынан өч алууну ойлонушат. Аларга бир көздүү титандар жардамга келишет. Урушта жеңилген атасын кууп жиберишип, бир туугандар Олимп тоосуна барышат. Чүчүкулак кармашканда 1-утуш Юпитерге тийип ал Асман Кудайы болуп калат. Юпитердин 13 баласы болгон: Вулкан, Геркулес, Аполлон, Меркурий  жана башкалар.

 

Ысымы планетага берилген                       

Рим эли ай толгон учурларда ага тоонун чокусунда ак койду курмандыкка чалып турушкан. Анткени алар асмандагы кубулуштардын баары Юпитердин эрки менен болот деп ишенишкен. Чагылганды Кудайдын белгиси катары эсептешкен. Кийин адамдар Юпитердин атынан планетаны аташкан. Юпитер планетасы өз огун болжол менен 10 сааттын ичинде айланып чыгат. Анын көптөгөн спутниктери бар. Ирилери Ио, Европа, Ганимед жана Каллисто.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1234, 14-20-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан