Биз социалдык тармакта

Жылдызбек Төрөканов, төкмө акын: “БАРДЫК АКЫНДАРДЫ ӨЗҮМӨ АТААНДАШ КӨРӨМ”

Сөздүн кадырын билген элде төкмөлүк — жөн гана өнөр эмес, муундан муунга өтүп келген руханий мурас.Ушул өнөрдүн жүгүн аркалап, айтышта курч сөзү, тапкычтыгы жана өзүнө таандык чабыт менен элге таанылып калган төкмө акын Жылдызбек Төрөканов менен чыгармачылык, төкмөлүктүн бүгүнкү абалы жана акындын жеке дүйнөсү тууралуу маектештик.

 

– Саламатсыз, төкмөлүк өнөрдө Жылдызбектин өзүнө атаандаш деп кимди көрөсүз? Же өзүнө-өзү атаандашпы?

– Саламатсыздар, мен бул өнөрдө бардык акындарды өзүмө аттандаш катары көрөм. Жаңы чыгып келе жатканын, такшалганын деле атаандаш  көрүп, абдан олуттуу түрдө ар бир айтышка даярдык көрөм.Антпесе бул өнөр спорттун түрүндөй эле, жакшы даярдык болбосо же бирөөнү кичүүсүнтүп койсоң утулуп калышың мүмкүн.

– Канча жылдан бери сахнадасыз, чыгармачылык жолуңуз кандай кетти, шыр болдубу же тоскоолдуктар көп болдубу?

– Убакыт учкан куш дегендей, менин бул өнөргө келгениме 15 жыл болду. Бул жол оңой болгон жок, ташы, бутагы, шагылы баары болот экен. Ошого чыдап, таманың ооруса да шаңшып турсаң, анан бир ийгиликке жетет экенсиң. Бирок менин жолум бир караганда шыр эле болду деп баа берем. Майда-барат кыйынчылыктар бардык эле жерде болот эмеспи.

– Төкмө акындар бүгүн элдин үнүн айтып жатабы же элге жаккан тамаша, кыйытма кептер менен чектелип жатабы?

– Акын негизи ошол элдин  үнүн, көйгөйүн айтканы үчүн акын. Бирок айтышта ошол эле көйгөйдү тамаша менен айтып, кыйытып берүү да бир чоң тапкычтык. Анан келген элдин маанайы үчүн тамаша айтуу да жат эмес, атаандашыңдын тамашакөй экенине да көз каранды. Ал күлмүңдөп, күлкүңдү келтирип турса олуттуу болуп чоң маселелерди айтып отура албайсың. Ошондуктан айтышта бардык жанрларды  камтып айтышкан туура деп ойлойм.Акындар элдин үнүн жеткириш керек жана жеткирип жатышат деп ойлойм.

– Азыркы төкмөлөр менен мурунку төкмөлөрдүн үч чоң жана таасирдүү айырмасын айтып берсеңиз…

– Мен бир эле чоң айырмасын айтып берейин. Акындар мурун элдин жарчысы болгон, элге жаңылыктар, көйгөйлөр, саясат болобу, тамаша болобу, философия болобу акындардын оозу менен жеткен.Азыр ааламдашуу болуп жаткан убак, акындардан интернет, социалдык тармактар озуп кетти. Бирок элдин көйгөйүн айтуу, жакшылыкка чакыруу милдети  акындарда калды деп эсептейм.

– Акындар  эмнеге айтышат? Атак үчүнбү, өнөр үчүнбү же ичиндеги ашып ташыган сөздөрдү айтыш үчүнбү?

– Акындардын табияты башка деп  билем. Мисалы, көптөр  “баланчанын үйү мынча кабат” деп көргөнүнө суктанса, акындар укканына суктанат. “Бул айтышта Жеңишбек акын минтип айтпадыбы, Аалы тигиндей деп жооп бербедиби” деген сыяктуу укканына суктанган жанбыз. Ошондуктан көбү атак же акча үчүн айтышпайт го. Эми “беш кол тең эмес” деген сөз бар эмеспи, атак үчүн айтышкандар деле болушу мүмкүн, бирок көпчүлүгү сөз өнөрүнө болгон кумары күчтүү болгон үчүн төкмө акын болот деп ойлойм.

– Кээде акындар тамаша менен адамдын ар-намысына тийип албайбы?

– Албетте, ак-карасы, оңу-терси менен болот баары. Тамашалайм деп жатып одоно сүйлөп алгандар болот. “Сөз чыкканча сенин кулуң, айтылып кеткенден кийин сен анын кулусуң” деген кеп туура. Ошондуктан абайлап айтышуу керек.

– Сизди сынга алган акындын сөзүн кабыл ала аласызбы?

– Байкап, баалап  көрөм алгач. Ошол мага айтылган сындын жүйөсү болсо кабыл алам, анткени мен да инсанмын. Кемчилик кетиши мүмкүн, бирок  такыр эле жүйөсү жок куру бакырык, доомат болсо кабыл албайм.

– Жеке жашооңузда баары жакшыбы, балдарыңыз чоңоюп калса керек, ээ? Акындыкка шыктуусу барбы?

– Жеке жашоомду элге алып чыккысы келбегендерденмин. Жалпы-жонунан баары жакшы, үй-бүлөм аман, балдар чоңоюп жатышат. Акындыкка шыктуусун азырынча байкай элекмин. Илгери Ашыраалы Айталиев атабыз “мени сүйлөтпөй эле комуз берип ырдатып койгулачы” деген экен. Анын сыңарындай мага кара сөз менен сүйлөгөндөн көрө, ырдаган аябай жеңил. Эгерде жоопторум кыска болуп жатса кечирим сурайм (күлүп).

– Сизди эл туура эмес түшүнгөн учур болду беле?

– Жок, андай учур эсимде жок. Менимче, болгон эмес.

– Төкмө акындын популярдуулугу таланттанбы же туура пиарданбы?

– Эми акын канчага чейин пиар менен атактуу боло алмак эле, ал сөздүн ээси. Баары бир сахнага чыгып айтышы керек, ошондуктан  акында сөзсүз талант болуш шарт. Ырчылар, балким, пиар менен атактуу боло алышат, бирок акын анте албаса керек.

– Социалдык тармактагы лайк менен элдин чыныгы сүйүүсүн бирдей нерсе деп эсептейсизби?

– Ачык айтсам, социалдык тармакта такыр эле активдүү эмесмин. Лайк менен деле ишим  жок, мен чыгармачылык менен эле таанылгым келет жана таанылып келе жатам.

– Акын үчүн эң оор нерсе — жеңилүүбү же чындыкты айта албай бук болуубу?

– Акындын жеңилүүсү жеңүүнүн башталышы. Эч ким дароо эле баарын жеңип кете албайт. Жеңилүүнүн ызасын татмайынча, жеңиштин даамы оозуна келбейт. Кээде жеңилүү да маанилүү, ал эми жеңилүүдөн да чындыкты айта албай, арманы ичинде калса бул өтө оор. Ошондуктан жеңилүүгө караганда чындыкты айта албай калуу оор болот деп эсептейм.

–  Жылдызбек акын азыркы жашоосуна карап, өзүнүн мурунку абалына кандай баа берет?

– “Сүйлөй, сүйлөй чечен болот” демекчи, бардык нерсе тажрыйба менен келет экен.Бышып, жетилет экенбиз. Мен аркасын кылчактап карап эле кейий бергендерге кирбейм.Болгону мурунку катадан сабак алып, андан ары жолду улантуу керек.

– Өнөрдө атым чыккандан кийин өзгөрүп кеттим деп ойлойсузбу?

– Мен өспүрүм курак, өткөөл мезгилимде өнөргө аралашып калдым, ошондуктан өзгөрүп кете албайт болушум керек. Эч кандай деле өзгөрүп, менменсип кеткен убагым болбоду.Эми токтолуп калган  учурубуз да, эл арасында алтын ортолукту кармап жүргөндөн артык эмне бар?

– Эгер бүгүн сахнага чыгып, эч кимден коркпой бир гана чындыкты айтышыңыз керек болсо, кимге жана эмне демек элеңиз?

– Чындыкты дайым эле айтып келебиз, айта беребиз.Акын эч нерседен коркпошу керек, бирок “чындыкты айтып  жатам” деп эле уруп-согуп, далили жок бир нерселерди айта берген да болбойт.Бир  чындыкты айтыш керек болсо,  бүгүнбү, эртеңби айта беребиз, кимге болсо деле…

– Маегиңизге рахмат!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1234, 14-20-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан