Биз социалдык тармакта

Арген Тойчиев, актёр, ырчы:  “АПАМ МЕНИ ЖОНУНА КӨТӨРҮП ЖҮРҮП ЫРЧЫ КЫЛДЫ”

Каарманыбыз Ош улуттук драма театрынын актёру, ырчы – Арген Тойчиев. Атайын  актёрдук билими жок болсо да талантынын күчү менен сахнаны көркүнө чыгарып келет. Көпчүлүк Арген мырзаны аккордеончу, ырчы, комузчу катары да тааныйт. “Өзүмө талапты катуу коюп, өзүмдү-өзүм сындап турам. Далай ролдорду ойносом да, ушуну кыйраттым деп айта албайм” дейт ал. 

 

“Радиодой жаагың тынчу эмес деп калышат”                                            

- Мен Кара-Суу районуна караштуу Тойчу айылында төрөлүп-өстүм. Негизи эл мени актёр катары тааный электе ырчы катары билишчү. Ырчылык өнөр мага апамдан өткөн. Апам жакшы ырдайт. Илгери кыздарга ырчы болууга тыюу салышчу да. Болбосо, апамдан мыкты ырчы чыкмак беле дейм.

Апамдын айтымына караганда, тилим чыккандан баштап эле ырдай баштаптырмын. Үйдөгүлөр эмдигиче “таң аткандан түн киргиче радиодой жаагың тынбай ырдачусуң” деп калышат. 7 бир туугандын эң кичүүсүмүн, апам мени 45 жашында төрөгөн. Ошого айылдагы тели-теңтуштарынын отуруштарына, туугандардыкына мени белине таңып жонуна көтөрүп барчу экен. Куйма кулак болгондуктан алар ырдашса айрым жерлерин жаттап калып аны, андан башка өзүм билген ырларды ырдап берчү экенмин. Чоң балдар жолдон мени кармап алып токоч, курут, момпосуй берип ырдатышчу. Ошентип апам мени жонуна көтөрүп жүрүп ырчы кылган.

 

“Мөлмөлүмдү” жакшы ырдачумун”                     

- Мектепте кароо-сынактарга катышып, облуска чейин барчумун. Талантыма карап мугалимдер мени көтөрмөлөшчү. Өзгөчө  менин аткаруумдагы “Карагул ботом”, “Мөлмөлүм”, “Балам жокту” эл абдан жакшы кабыл алчу. Шалыга, талаага жашылчаларды чаап, отогонго бара жатканда да, келе жатканда да үнүм үзгүлтүксүз жаңырып турчу.

 

“Аяш атамдын түрткүсү менен окуп калдым”                                               

- Мектепти бүттүм. Дыйканчылык менен жан баккан ата-энемдин мени жогорку окуу жайдан окутууга мүмкүнчүлүгү жок эле. Атам мага “дыйкан эле бол” деди. Бир күнү үйгө аяш атам келип калды, ал Ош мамлекеттик университетинде декан эле. Ал киши атама “балаң жакшы ырдайт экен, элден уктум, окут. Мен Бишкекке кетип жатам. Баланча деген кишиге менин атымдан барсаңар жардам берет” деди. Ручка жок, апамдын кашына койчу осмосуна чийди малып кагазга бир даректи жазып карматты. Ошону менен Ошко тиги кишини издеп бардым. Ош мамлекеттик университетинде бюджеттик орун калбай калып, контракттык негизде окууга тапшырдым. Искусство факультетинде комуз жаатында билим алдым. КВНде ойноп, андан тышкары, маданий иш-чараларда кичи дастандарды айтып, ырдап да жүрдүм. Окуу жай мага контракттын акчасын төлөө жаатында жеңилдик берип жатты.

 

“Театрсыз жашай албайм”                                  

- Университетти бүткөндөн кийин, 2012-жылы 6 айдай ишсиз жүрүп калдым. Анан белгилүү актёр Алымкул Исаков агайыбыздын сунушу менен Ош улуттук драма театрына жумушка кирип иштеп калдым. Ал мендеги актёрдук чеберчиликти байкаптыр. Ошондон бери аталган театрда эмгектенип келе жатам. Актёрдук билимим жок, муну эч ким үйрөткөн да эмес, Кудайдын мага берген белеги. Театрсыз жашай албайм. Кудай мага ырыскыны ошол жактан чачкан экен, нан таап келе жатам. Көптөгөн ролдорду жараттым. Мисалы, Каныбек Ажымидиновдун “Чокчолой баатыр” жомогунда арстандын, аюунун ролун ойнодум. Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасы боюнча коюлган спектаклде маңкурттун, “Делбиримде” айдоочунун, өзбек драматургу Холик Хурсандовдун “Ата, кемпир алып берейинби?” спектаклинде Сабырдын ролун жараттым. Маңкурттун образын чыгарыш үчүн 1,5 ай азаптангам.

 

“Шаардан айылга көчүп кеткем”                                     

- Дүйнөлүк классиканын катарына кирген Авксентий Цагарелинин “Ханума” чыгармасында баш каарман Тематтенин ролун аткардым. Бразилиялык драматург Гильерме Фигейредонун “Эзоп” спектаклинде Эзоптун ролун алып чыктым. Ушул ролду чыгарыш да өтө кыйынга турду, толгоо тарткан аялдай эле кыйналдым. Негизи ушул эки классикалык чыгармада роль чыгарыш үчүн көп убакыт короттум. Өзүмө талапты катуу коюп, өзүмдү-өзүм сындап турам, ошого эчен ролдорду ойносом да “ушуну кыйраттым” деп оозумду толтуруп айта албайм. Эл сынчы эмеспи, мүмкүн ролдорум тууралуу ойлорун алар айтышар. Негизи актёр роль менен жашап, ичине сүңгүп кирип, баарын жүрөгүнөн өткөрүп, бышырып туруп алып чыгат.

Азыр Кудайга шүгүр, театрдан жакшы эле айлык алып калдык. Пандемиядан кийин үй-бүлөм менен Ош шаарынан айылга көчүп кеткем. Үч уулум, келинчегим, апам   болуп жашайбыз. Дыйканчылык кылып, мал чарбачылык менен да алектенем. Кудайга шүгүр, тапканыбыз жетет.

 

“Менин ырдаганымды көрүп “Токон Эшпаев өлбөптүр” деп калышат”

- Ырчылыгым өз жолунда баратат. Кудайга шүгүр, Токон Эшпаевдин чыгармалары менен мен дагы жан багып жүрөм десем болот. Ал ырлардын сөзүн жазгандарга рахмат. Негизи менин табиятыма, үнүмө жалаң эски ырлар туура келет экен. Жолдошбек Мамажанов, Рыспай Абдыкадыров, Жолболду Алибаев сыяктуу кыргыздын мыктыларынын чыгармаларын да аткарып келем.

Токон агайдын ырларын ырдап калганым мындай болгон: Университетте окуп жүргөнүмдө бир жолу радиодон анын бир ырынын “ак сүйүүгө кумарлуу...” деген сабын гана угуп калдым. Абдан жакты. Агайыма барсам, ырдын текстин таап берди. Көрсө, ал “Керме-Тоонун кыздары” деген ыр экен. Ошентип аны, дагы башка ырларын репертуарыма кошо бердим. Анткени ырдасам агайлар, курсташтар “үнүң Токон агайдыкына окшошот экен” дешти. Башында ырларын бузуп ырдаган учурларым болду. Агайлар оңдоп жүрүп, анан жакшы аткарып калдым. Азыр ырдасам айрымдар “Токон Эшпаев өлбөптүр” деп алкап калышат.

Токон агайдын көзү тирүүсүндө өзүнө жолуга да, ырларын ырдап да бере албай калдым. Анткени ал кезде өзүнүн деңгээлиндей аткара алчу эмесмин, ошого тартынгам. Бирок агай көз жумарга жакын жубайына “менин ырларымды ырдаган бир бала жакшы чыгып келе жатат дешти. Ошонусун таштабай жүрсө экен” деген экен. Көзү өткөндөн кийин ырларын аткарып жүрүүгө уруксат сураганы агайдын баласына бардым. Ал “жакында баламды үйлөнтүп жатам, тууган-урук келет. Ошондо атамдын ырларын ырдап бер” деп калды. Тоюна бардым, ырдадым. Агайдын жубайы “Жаштык-жаштыкты” агайың жаш кезинде дал сендей ырдачу” деп көзүнө жаш алып, ыраазы болуп калпак, чапан кийгизди. Туугандары да агайды эстеп бир сыйра ыйлап алышты, рахматын айтышты. Агайдын ырларын ырдоого уруксат беришти.

 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1234, 14-20-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан