Шоро-Башат айылы Өзгөндө, район борборунан 10 чакырым түштүк-батышта, Жазы дарыясынын оң өйүзүндө жайгашкан. Айыл элинин турмушун, кызыктуу тарыхын баяндайбыз.
Жайгашкан жери – Ош облусу, Өзгөн району
Кожолуктун саны – 700
Элдин саны – 3500
Тургунбай Тагаев, педагог, айыл тургуну: “Айылыбыздан шаар калдыктары табылган”
– Биздин айылдын аймагынан Шоро-Башат маданияты, башкача айтканда, Шоро-Башат шаар калдыгы табылган. Ал биздин заманга чейинки 4-1-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Жалпы аянты 70 гектар. Убагында чыгыштан батышка карай узундугу 3 чакырым, туурасы 38 метр, бийиктиги 6 метр чеп менен тосулган экен. Калк жыш жайгашкан турак жайлардан жана шаардын борбордук сепилинен турат. Археологиялык казууларда 8 чакырым жерден 70тен ашык турак-жай калдыктары, кооздолуп жасалган карапа идиштер, кумгандар, алтын кашыктар, колодон жана темирден жасалган буюмдар табылган. Буюмдардын баарын казууга катышкан орусиялык археолог Юрий Заднепровский Санкт-Петербургдагы музейге алып кеткен. Баары ошол жакта сакталуу.
Маалыматтарга караганда, 6-8-кылымдарда Өзгөн мунарасы үчүн кыштарды Шоро-Башаттан даярдашкан.
“Жибек жолу өткөн”
– Айылыбыз Өзгөн жана Манас шаарларынын ортосунда жайгашкандыктан айыл аркылуу Жибек жолу өтүптүр. Санжырчылар Жибек жолу аркылуу кытай соодагерлери Европага катташканын айтышкан. Биздин аймакта Төрт-Көл көлү болгондуктан кербенчилер анын боюнда эс алууну баалашкан. Кытайлык кербенчинин кызына бул аймак жана жергиликтүү кыргыз чабан жагып калып, ал атасынан ага турмушка чыгууну суранат. Атасы макул болуп, кыз ал жигит менен жашап калат. Алардын тукумунан кытай уруусу ошентип жаралган экен.
Айылдын аталышына келсек, илгери туздуу (шор) булактар көп болуптур. Ошол шор суулуу булактардын башаты маанисин берип Шоро-Башат аталып калган дешет.
“Өзүмдүн ыр китебим чыккан”
– Айылдан бир топ атактуулар чыккан. Бири Мамаш Асыранов, ал 1930-жылдары Баткендин комсомол комитетинин 1-катчысы болуп иштеген. Жакшы иштегени үчүн Москвага ВЛКСМдин съездине чакырылып, монтекристо сыйлыгын (ред.: тапанча) жана кызматтык мотоцикл алган.
Менин өзүмдүн “Жылдыз бар такыр өчпөгөн” аттуу ыр жыйнак китебим чыккан. Мектеп, окуу жайларда коюлуп жүргөн 4 драманын авторумун. Бешинчисин жазып жатам.
Өзгөнбай уулу Нурбек, айыл башчысы: “Элибиз күрүч менен жан багат”
– Айылдын башкы трассасы асфальтталган. Калгандары таштак жол. Эл таза суу менен камсыз болгон. Айылда волейбол, футбол, машыгуучу зал, китепкана, бала бакча, мектеп, 3 балдар аянтчасы, чакан оорукана бар. Мектеги тарых музейинде айыл ордунан казуу иштери учурунда чыккан экспонаттар коюлган.
Кытай, басыз, могол, карабагыш жана башка уруулар жашайт. 5 түрк үй-бүлөсү бар. Баары кыргызча сүйлөшөт, балдары мектепте кыргызча окушат.
Эл негизинен күрүч эгүү менен жан багат. Эркектер арасында үй шыбакты өздөштүрүп, муну кесип катары аркалагандар көп.
“Мектепте музей бар” Сыргайым Календерова, мектеп директору:
– Мектепте Амангелди Көчкөнбаев атындагы “Тарых жана край таануу” музейи, “Манас таануу”, “Кызыл из кубарлар” ийрими бар. Балдарга манас айтууга басым жасалат. “Кызыл из кубарлар” ийриминин мүчөлөрү музей ичиндеги экспонаттарга кам көрүү, жаңы экспонаттарды топтоо, жайгаштыруу жана келген меймандарга тааныштыруу милдетин аткарышат. Музейде жалпы 1800 экспонат сакталуу.
Каада-салттардан айылда жаңы келген келиндин аксакалдардан, кайната, кайнагаларынан качуу, кайын сиңди, кайнилерди тергөө азыркыга чейин катуу сакталып келет.
Айылдагы дагы бир өзгөчөлүк – жайында жарма жасоо. Суу кайнайын деп калганда талканды аздан салып тынымсыз аралаштырып, жай отто кайнатып бышырып алабыз. Муздай түшкөндө айран же сүзмө кошобуз. Сары май кошуп алса да болот.
Эмилбек Нарынбаев, айыл тургуну: “Кара кылтырык күрүчү өтүмдүү”
– Айылдагылардын көбү ата-бабабыздын жолун жолдоп күрүч эгип келебиз. Мен 1 гектар 20 сотых жерге эгем. Айдаганы, дарысы жана башкасына болуп 150 миң сомдон ашык чыгым кетет. 3-4 тоннадай күрүч алам. Тааныш, туугандардан калганын ар жакка сатып өткөрөбүз. Кийинки жылдары кара кылтырык, өзгөн сортуна басым жасап жатабыз. Кара кылтырык 120 күндө бышат. Өңү күрөңүрөөк болот, ашы ширин. Ошого өтө өтүмдүү. Өзгөн күрүчүнүн даны чоң болгону менен палоосунун даамы анча ширин болбойт.
Канымжан Усупбекова