Биз социалдык тармакта

Карина Джолборсова: “1, 2, 3, 4... ДЕГЕН ЫРДЫ ХАЙП ҮЧҮН ЫРДАДЫМ”

Жаркылдаган жүзү, энергиясы, бийи жана социалдык тармактагы активдүүлүгү менен элге таанылып келе жаткан жаш ырчы Карина Джолборсова акыркы учурда “1,2, 3, 4, 5” аттуу тамашалуу ыры менен кызуу талкууга түштү. Ырчы хейттен коркпой турганын, жаман комментарийлерди өчүрүүнү жасалмалуулук деп эсептээрин айтат. Бүгүнкү күндө Каринаны көбүнчө тойлордон жана социалдык тармактардан көрөсүз. Ал эми чоң сахна, экранга чыгуу жана жеке концерт берүү  ырчынын максаттарынын бири.

 

– Карина, алгач социалдык тармакта кызуу талкууга түшкөн “1, 2, 3, 4, 5”деген ырыңыз тууралуу сүйлөшөлү. Бул ырды чыгаруу идеясы кимдики? Ыр менен эмнени айткыңыз келди?

– Бул ырдын жанры жөн гана тамашалуу ыр. Негизи анын тексти да бар. Бирок азыр замандын талабы - хайп болуп жатпайбы. Ошондуктан бул ырды хайп жаратуу максатында чыгарылган тамашалуу чыгарма десем туура болот. Бул идеяны сунуштаган ушул ырдын обонун, аранжировкасын жазып берген Камчыбек Өскөнбаев.

– “Ушундай да ыр болобу?”, “Уялган жоксузбу?” деген сыяктуу катуу сындар айтылууда. Мындай пикирлерге даяр белеңиз?

– Ооба. Баарына даяр болчумун. Буга чейин деле көп сындарды угуп, убагында көп кыйналчумун. Кийин жакшы адамдардын кеңеши жана жардамы менен баарын жеңдим. Тамашалуу ыр дагы чыгармачылыктын бир жанры. Ошондуктан эч качан уялбайм.

– Сизди хейттен коркпогон ырчы дешет. Бирок баары бир жүрөгүңүзгө оор тийген, эсиңизде калган комментарий болгонбу?

– Эң оор тийгени апама жана бир туугандарыма асылып айтылган сөздөр. Ошолор абдан оор тийди.

Instagram баракчаңыздагы жаман комментарийлерди өчүрбөйт экенсиз. Эмнеге?

– Жаман сөздөрдү өчүрүп, жакшы сөздөрдү гана калтырып коюу, менимче, жасалмалуулук. Мен үчүн кандай болсо, ошондой калганы жакшы. Актив да көтөрүлөт.

Чын айтсам, сын менен бышам. Сын-пикирлерди дайыма туура кабыл алам. Кээ бир учурларда жөнү жок сындагандар да болот. Бирок керектүү сындардын үстүнөн дайыма иштейм.

– Демек, сындын пайдасы көппү же зыяны көппү?

– Туура айтылган сындын пайдасы бар. Анткени адам өзүнүн кемчилигин көрүп, үстүнөн иштегенде өсөт. Мен өзүм да сын-пикирлерди туура кабыл алганга аракет кылам.

– Аталган ырды чыгаруудагы негизги максатыңыз хайп жаратуу болгон экен. Максатыңызга жеттиңизби?

– Ооба. Бул ырды хайп жаратуу максатында ырдагам. Демек, ыр максатына жетти.

– Эми өзүңүз тууралуу уксак. Карина Джолборсова ким? Канча жаштасыз, кайдан болосуз, билимиңиз кандай?

– Түбүм Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынан. Бирок Бишкек шаарында төрөлүп, чоңойгом. Кара-Жыгачтагы №91 гимназиядан билим алгам. 28 жаштамын. Үч бир тууганбыз, эки агам бар, үйдүн жалгыз кызымын. Жеңем орус улутунан.Байкем менен жеңем  Москва шаарында жашашат. Алардын үч уулу бар. Бир туугандарым сыймыгым менин, жүрөгүм. Мени жарык дүйнөгө алып келген, бапестеп эч кимге кор кылбай, жаштыгын балдарына арнап талыкпай эмгек кылып  чонойткон алтын апакеме ыраазычылыгым чексиз. Апамдын “Кызым түз,  таза жүр” деген сөздөрү   дем, күч, кубат берет.

 Билимим боюнча орто билимдүүмүн. Учурда Москва шаарындагы МФЮА юридикалык академиясынын 3-курсунда окуйм.

– Сахнага чыгууда каражат жагынан кыйынчылык болгон жокпу?

– Сахнага чыгуу мен үчүн чоң бийиктик. Азыр интернеттен таанылып, тойлордо ырдап жүргөнүмдү “сахнага чыктым” деп айтууга али эрте. Ошентсе да чыгармачылык болгондон кийин каражат талап кылынат. Алгач ырдап чыкканда даяр ырларды аткаргандыктан көп деле каражат керектелген эмес. Кийинки ырларымды өзүм иштеп, бир туугандарымдын жардамы менен чыгардым. Каражат жагынан көп кыйынчылык болгон жок.

– Учурда канча ырыңыз бар?

– Жалпы эсеп менен 20дай ырым бар. Алардын төртөө өзүмдүн чыгармаларым.

– Эмне үчүн өз ырларыңызга караганда котормо же башка авторлордун чыгармалары көбүрөөк?

– Көпчүлүк учурда өзбек же казак тилиндеги хит болуп жаткан ырларды кыргыз тилинде да хит кылсам деген максатка көбүрөөк басым жасачумун. Азыр, тескерисинче, которбой эле өзүмө жаздырган ырларга басым жасап жатам.

– Бир күндө эң көп канча тойго барып ырдайсыз?

– Бир күндө эң көп алты тойго барып ырдагам. Ал эми "ставканы" тойдун алыс-жакындыгына карап коёбуз.

– Шоу-бизнесте бут тосуу, көрө албастык бар деп ойлойсузбу?

– Тилекке каршы, аябай көп. “Чыгам” деген адам баарына даяр болушу керек экен. Аябай көп болду. Ушул күнгө чейин деле болуп келет.

–  Ош менен Бишкектин ортосунда көп жүрөт экенсиз. Негизи кайда жашайсыз?

– Туруктуу Бишкекте жашайм. Ош шаарына тойлорго, жакшылыктарга байма-бай барып турам. Ошто туугандарымдын же тааныш эжелеримдин үйүндө жашайм.

– Чыгармачылык түйшүк, тынымсыз сапарлардан чарчаган учурлар болобу? Өзүңүзгө мотивацияны кантип бересиз?

– Эмнегедир чарчабайм. Балким, азыр ошондой учурум окшойт. Эки саат уктап деле кадимкидей иштеп жүрө берем. Убакыт болуп калганда баарын чогултуп бир уктап алам (күлүп).

– Сизди көбүнчө тойлордон көрөбүз. Гастроль, чоң сахна, жеке концерт боюнча сунуштар болуп жатабы?

– Туура. Мен да келечекте олуттуу, орундуу ырларга басым жасап, чоң сахнага аракет кылам. Концерт коюу боюнча сунуштар түштү, бирок азырынча эрте деп ойлойм. Концерт коюу үчүн бийик деңгээлге жеткен ырчы болуу керек.

– Же азырынча той багыты негизги максатыңызбы?

– Азырынча той, интернет, хайп жана хит (күлүп).

– Чыгармачылыктагы чоң максатыңыз эмне? Бүгүнкү күнгө чейин жетишкендериңиз ошол максатка жакындаттыбы?

– Максатым жогоруда айткандай, сахнага кадам таштоо. Азырынча максатыма аз да болсо жакындап келе жатам го деп ойлойм.

– Акырында күйөрмандарыңызга кайрылсак. Карина Джолборсовадан жакын арада кандай жаңылык күтсө болот?

– Хиттерди жаратуу жана талыкпай эмгектене берүү. Хайп үчүн гана эмес, калк үчүн да мыкты ырларды ырдоого аракет кылам.

– Эл сизди кандай ырчы катары көрүшүн каалайсыз?

– Эл мени жөн гана хайп жаратып, тойлордо ырдаган ырчы катары эмес, эмгектенген, өзүнүн орду бар, жакшы ырларды аткарган ырчы катары көрүшүн каалайм.

– Чыгармачыл чөйрөдөн чындап жакын дос таптыңызбы?

–  Шоу-бизнесте досторду көрүп жүрөм. Бирок менде азырынча “ушул досум” деп айта турган киши жок.

– Улуу муундагы белгилүү ырчылардан сизди колдоп, кеңешин берип жүргөндөр барбы?

– Кенже Дүйшеева эжекем Москва шаарында ырдап жүргөн кезимден бери колдоп келет. Ушул күнгө чейин “аракет кыл, эмгектен, билим ал, жалкоо болбо” деп колдоп турат. Ош шаарынан Асел Касымова эжем да ар дайым колдоо көрсөтүп келет. “Кеңеш” тобунан Гүлмира эжем жана Бахадыр Карабаев агайдын кызы Айжан Карабаева эжем ар дайым колдоп келишет. Социалдык тармак аркылуу Байыш Момунов, Самат Долотбаков байкелерим да колдоп, пикирлерин калтырышты. Төбөм көккө жетип, аябай сүйүндүм.

– Көпчүлүк күйөрмандарга кызык болгон суроо, жүрөгүңүздүн ээси барбы?

– Жүрөгүмдүн  ээси жок.  Кудайдын маңдайга жазганы болот. Талаптарыма төп келген мырзаны жолуктура элекмин.

 

 

Мээрим Дербишалыева      

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1234, 14-20-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан