Психологиядагы дагы бир кызыктуу темалардын бири – стокгольм синдрому. Стокгольмдо болуп өткөн окуянын негизинде мындай көрүнүштөр стокгольм синдрому аталып калган. Агрессордук мамиле жасаган адамды коргогон, сыйлаган кээде жакшы көргөн, андан кете албаган жагдай – стокгольм синдрому деп аталат. Бул синдромдун келип чыгуусу, белгилери тууралуу кенен айтып беребиз. А сиз жашооңузда бул синдром кезиккен учур болуптурбу, байкап көрүңүз.
Тарыхы
1973-жыл, 23-август. Швециянын борбору Стокгольм шаарындагы ири банктардын бири барымтага алынган. Банктын ичинде барымтага алынган адамдар кылмышкердин кол алдында 6 күн болушкан. Бул күндөр аралыгында кылмышкер менен барымтачылар шахмат жана башка оюндарды ойноп, бири-биринин жашоосу тууралуу сүйлөшүп убакыт өткөрүшкөн. Кийин барымтадагылар кылмышкерден эмес, банкты штурм менен алуу операциясында “жаза атылган октон өлүп калабызбы” деп полиция кызматкерлеринен корккондорун айтышкан. Куткарылгандан кийин кылмышкерлерге күнөө коймок турсун, аларга каршы көрсөтмө берүүдөн баш тартып, адвокаттарга акча чогултуп беришкен. Бул окуя экстремалдык шарттарда адамдын психикасы күтүүсүз жашоо стратегияларын тандай турганын далилдеген. Жабырлануучулар менен иштешкен психиатр Нильс Бейерут “стокгольм синдрому” түшүнүгүн киргизген.
1991-жыл. Калифорния, АКШ. 11 жаштагы Жейси аттуу кызды мектепке бараткан аялдамадан Филипп Гарридо жана анын аялы Ненси уурдап кетип, үйүндө 18 жыл бою кармашкан. Жейси 14 жашында Филипптен кыздуу болуп, 3 жылдан соң дагы бир кыз төрөгөн. 18 жылдан кийин кылмышкерлерди кармаганда Жейси 29 жашта эле. Кызыгы, ал полиция кызматкерлеринин түгөйлөрдү кармоосуна каршы чыгып, өзүнүн аты-жөнүн жашырганга аракет кылган. Бирок адилеттүүлүк орноп, Филипп 431 жылга, анын жубайы Ненси 36 жылга түрмөгө кесилген. Бул окуя да стокгольм синдромуна мисал болот.
Стокгольм синдрому
Стокгольм синдрому – бул өзгөчө психологиялык феномен болуп эсептелет. Мында жабырлануучу өзүнө карата агрессорлук иш-аракеттерди кылган адамга боору ооруп, ага берилип, ал эмес жактырып да калган учур. Убакыттын өтүшү менен жабырлануучунун аң-сезиминде агрессорго карата позитивдүү эмоциялар басымдуулык кылып, анын кылмышкер экени, жек көрүү, коркуу сезимдери унутулат же болбосо анын туура эмес жүрүм-турумун актоо күч алат. Сырттан караганда мындай көрүнүш жат, акылга сыйбагандай көрүнөт. Кантип ушул өзүн кыйнаган адамга боору ооруйт деп, бирок психологдор бул көрүнүштү түшүндүрсө болот дешет.
Үй-бүлөлүк мисал
Аял канча жылдан бери күйөөсү менен жашайт. Жолдошу анын кыймыл-аракетин дайыма шылдыңдайт, жасаганын көрбөйт, көрсө да баалабайт. Жинине тийсе катуу урушат, тилдейт, керекпи кол көтөрөт. Баскан-турганын, ким менен телефондон эмне деп сүйлөшкөнүнө чейин көзөмөлдөйт. Акчанын ар бир тыйынына чейин эсептеп берет. Жолдошунун мындай мамилесине алгач таарынып, адилетсиздик издечү. Бара-бара аны актоого, эмнеге мындай кыларына жооп издей баштады. Курбуларына “өзү жакшы эле адам, болгону чарчаганда ушундайы кармап калат”, “мен ката кетирбесем жинденбейт эле...”, “кээде ал мага гүл берет, демек, сүйөт” дейт. Күйөөсүнөн уккан мактоо сөз же кайсы бир белекти кадимки мамиледеги сөзсүз боло турчу нерсе эмес, өзүнө карата сүйүүнүнүн далили, көңүл буруу, камкордук деп кабыл алат.
Стокгольм синдрому пайда болгон учурлар
- Кылмыштуулук. Барымтага алуу, уурдап кетүү, адам сатуу жана башка.
- Эмоционалдык жана физикалык зомбулук кездешкен үй-бүлөлөр.
- Агрессия, абьюз коштолгон кыз-жигит мамилелери.
- Жумушта. Жумушчулар жетекчинин катаал жана кыянаттык менен башкаруу стилин актаганда.
- Ар кандай диний секталардагы катаал мамилелер, бардыгына көзөмөл, зомбулук ыйык нерсенин бир бөлүгү катары түшүндүрүлгөндө.
- Эркиндиктен ажыратуу. Концлагер, түрмөлөрдө.
Стокгольм синдромундагы психикалык механизмдер
1. Жашоо инстинкти. Аял аң-сезиминде билет, эгер күйөөсүнө каршылык көрсөтсө, абал мындан да курчуп кетет. Анын ордуна баарын көтөрүп, “сеники туура” деп баш ийсе аман калат.
2. Когнитивдик диссонанс. “Мен коркунучтамын” деген нерсе “мен андан көз карандымын” деген түшүнүк менен алмашат. Өзүндөгү ички чыңалууну басуу максатында агрессордун кыймыл-аракетин “жумшартууга”, актоого аракет кылат.
3. Көз карандылык жана көзөмөл. Сырткы дүйнө менен байланышуу үчүн, өзүндөгү керектөөлөрдү жабуу үчүн агрессордон түзмө-түз көз карандымын, андыктан анын көзөмөлүндө жашаганым туура деп ойлойт. Агрессордун көзөмөлүн камкордук, сүйүүдөгү кызганыч деп кабыл алат.
4. Туура эмес фокус. Жакшы нерселердин минималдуу түрлөрү да (гүл берүү, кафеге киргизүү, жакшы тон менен сүйлөшүү жана башка) камкордук ылып жатат деп сезиле баштайт.
5. Психологиялык адаптация. Жабырлануучу агрессордун ар бир кыймылын, маанайындагы өзгөрүүлөрдү жатка билип калат. Анын мээси агрессордун маанайы өзгөргөндө алдын ала кантип жазадан кутулуу жолдорун издеп баштайт. Жолдорун тапкандан кийин бул абалды “түшүнүү, байлануу” деп кабыл алат. Күнүгө агрессордун жүрүм-турумун изилдөө, жазадан качуу аракети адатка айланат.
6. Жоготуу коркунучу. Агрессордон ажырап калуу коркунучу. Андан ажырап калса жашоосу кантип улунарын элестете албайт, белгисиздиктен коркот.
7. Эмоционалдык туруксуздук. Синдромго кабылган адамдын маанайы, эмоциялары туруксуз абалда болот.
Синдромдун кесепеттери
• Тынчсыздануу абалы. Бирөөнүн көзөмөлүнөн чыккандан кийин да адамда тынчсыздануу сезими жашайт.
• Унутулгус эскерүүлөр. Зордук-зомбулук тууралуу эскерүүлөр маал-маалы менен кайрадан жанданып, психикалык жаракат тууралуу кабар берет.
• Травмадан кийинки стресс абалы (ПТСР). Жаракат өтө терең учурда травмадан кийинки стресс абалы жаралат. Мындай абалдан көп убакыт комплекстүү дарылануу талап кылынат.
• Күнөө жана уят. Жабырлануучу болуп өткөн окуяга өзүн күнөөлүү сезет да, башкаларга айтуудан уялат.
• Көз каранды мамиле. Адам бир схемадагы мамилеге көз каранды болуп калат, агрессивдүү бир мамиледен чыкса да, кайра эле ошол схемадагы башка мамилеге тартыла берет.
• Туура мамиле куруунун оордугу. Туура мамиле, байланыш куруу кандай экенин билбейт, ал үчүн оор сезилет. Жакшы байланыш курса да ичинде тынчсыздануу, агрессия же туура эмес жүрүм-турум күтүү сезими жашап калат.
• Эмоционалдык туруксуздук. Маанайдын өзгөрмөлүү болушу адамдын башкалар менен коммуникациясына тоскоол болот.
Жардам берүү
Стокгольм синдрому психологиялык оору эмес, аномалия катары эсептелет. Бул синдромдон коргонуу же айыгуунун 100 пайыздык кепилдиги жок. Ошентсе да жардам берүү жолдору бар. Жардам берүү адистердин комплекстүү иш-аракети менен жүргүзүлөт. Негизги багыттары:
- Адамдын жеке чек арасы, инсандык өздүгү, баасы тууралуу психологиялык консультациялар.
- Психологиялык жаракаттар менен иштешүү практикалары.
- Туура мамиле кандай болот жана кандай куруу керек моделдерин үйрөтүү, түшүндүрүү иштери.
- Ишеним. Негизгиси өзүнө болгон ишенимди өстүрүү практикалары жана башкалар.
Асыл Орозбекова