Биз социалдык тармакта

ТҮРК ПОП-МУЗЫКАСЫНЫН ХАНЗААДАСЫ ТАРКАН

Түркчө ырдап Европада, Азияда популярдуу болгон артист. “Музыканын тили жок” деп бекеринен айтылбайт. Кайсы тилде ырдап жатканын билбегени менен, анын музыкасына, харизмасына, үнүнө байланган фанаттары көп. Азыркыга чейин тойлордо “Дуду-дуду”, “Ой, мама, шикидым-шикидым” ырлары сөзсүз жаңырып, бул ырларга сиз да бийлеп калсаңыз керек. Ушул ырлардын автору, музыкант, композитор Таркан мырза 50нүн кырынан эбак өткөн. Бирок дале жаш жигиттерден өтүп так секирип бийлеп сахнада жүрөт.

 

Толук аты-жөнү: Хюсаметтин Таркан Теветоглу

Туулган жери: Германия, Альцай шаары

Туулган жылы: 1972-жыл, 17-октябрь

Жылдыз белгиси: тараза

Бою: 174 сантиметр

Белгилүү ырлары: “Dudu”, “Kuzu-kuzu”, “SIkIdIm”, “Simarik”, “Bu Gece”, “Kiss Kiss” жана башка

 

Кризистен качып Германияга кетишкен

Ырчынын Германияда туулганын уккандар анда башка улуттун каны барбы деген суроону көп беришет. Бирок ал таза түрк улутунан. Болгону ата-энеси Түркияда орун алган экономикалык кризистен качып Германияга жашоо үчүн кетишкен экен. Чоң атасы орус-түрк согушунун баатыры, ата жагында чыгармачылыкка жакыны жок. Ал эми Таркан мырзага өткөн талант тай жагында бар, таята-таенелери элдик ырчылардан болгон. Таркан – ырчынын экинчи аты, биринчиси Хюсаметтин – “курч кылыч” деген маанини берет. Толук аты-жөнү – Хюсаметтин Таркан Теветоглу.

Той ырчысы

13 жашында ырчынын үй-бүлөсү кайрадан мекенине көчүп келишкен. Кичинесинен эле ырчы болом дечү, андыктан мектепти бүткөндөн кийинки багыты музыка болду. Жогорку билим алуу максатында Стамбулдагы музыкалык академияга тапшырган. Тааныш-билиши жок шаарда жашап кетүү оор эле. Акча табуу максатында кафе-ресторандарда ырдап, анан кадимки эле той ырчысына айланган.

Германияга да көп каттайт эле. Ал жакка барган бир күнү «Istanbul Plak» музыкалык лейблинин жетекчиси менен жолугуп калат. Ортодо келишим түзүлүп, 1992-жылы Таркандын дебюттук «Yine Sensiz» жарык көргөн. Мына ушинтип профессионалдык карьерасы башталган. Альбом түрк жаштары тарабынан жакшы кабыл алынган, анда салттуу түрк музыкасына кошулган европалык нота, өзгөчөлүк бар эле.

Европадагы популярдуулук

1997-жыл. Ал кезде “SIkIdIm”, “Simarik” ырлары Түркияда эле эмес, Европада да популярдуу болуп, ырчы мырза 3-альбомун чыгарганга жетишкен. Ырларынын батыш музыкалык чарттарын багынтып жатканын байкаган ырчы атайын АКШга барып англис тилин үйрөнүп келген. Түрк ырчыларынын арасынан эл аралык «World Music Awards» сыйлыгын алган жалгыз Таркан болуп саналат.

Жарандыгынан ажырап кала жаздаган

1995-жылы Таркан армияга кызматка чакырылган. Карьерасынын гүлдөп турган маалында кетип калгандан корккон ал кызмат өтөөнү 3 жылга жылдырат. Убакыт өтүп 2-чакыруу алган маалында Германияда европалык күйөрмандарына “Tarkan” ырлар жыйнагын даярдап жүргөн эле. Чакырууну жөн гана “игнор” кылып, ал эмес Түркияга келбей жүрүп алган. Анын бул кылыгы ЖМКларда резонанс жаратып, түрк парламентинде атайын маселе көтөрүлгөн Тарканды түрк жарандыгынан ажыратуу боюнча. Измит жер титирөөсүнөн кийин жаңы мыйзам кабыл алынган, аскерге баргысы келбеген адам 28 күндүк атайын даярдыктан өтүп, кошумча жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам катары 16 миң доллар төлөсө армияга барбай койсо болот деген. Бул мыйзам ырчыны канааттандырып, Стамбулга келип концерт коюп, андан түшкөн каражатты кайрымдуулукка жумшап, 16 миң долларды төлөп, 1 айлык даярдыктан өтүп жарандыгынан ажырабай калган.

Миллиондогон тираждар

Dudu”, “Kuzu-kuzu”, “Bu Gece”, “Kiss Kiss”... баары кулакка тааныш чыгармалар. Ар бир жараткан ыры хитке айланып, анын альбомдору Азияда эле эмес, Европада да миллиондогон тираждар менен сатылган. “Pepsi” сыяктуу бренддердин жүзүнө айланган. 2010-жылдарга чейин активдүү иштеген мырза, андан кийин эле сахнадан жок болуп кеткен, дээрлик 6 жылга.

2016-жылы кайрадан сахнага кайтты, жаңы “Ahde Vefa” альбому менен. Альбом эч кандай жарнамасыз, пиар-кампаниясыз эле көпчүлүккө тартууланды. Анда классикалык элдик стилдеги музыкалар менен эксперимент жасаган экен. Жарнамасыз эле чыккан альбом Америкада жана башка 19 өлкөнүн чартында, iTunes’та дароо лидерлик сапты ээлеп, Таркан дагы деле дүйнөлүк ырчы экенин далилдеген. 54 жашка чыккан ырчы азыр да миллиондогон күйөрмандарды чогултуп жандуу үн менен концерт берип келет.

Келбети

Жашыл көздүү, орто бойлуу мырза “секс символ” деген статусун али да жогото элек. Убагында анын чач жасалгасын, кийинүү стилин туураган мырзалар көп эле. Башкача айтканда, мода жаратуучу болчу, болчу деген туура эмес болуп калат го. Анткени ал азыр да “краш” бойдон. 

Үй-бүлөсү

Таркан мырза көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон. Бирок өзү үй-бүлө курууга шашылган жок. Ананчы, канчалаган сулуулар артынан ээрчип жүргөндө бир адамга байлануу эркиндигин жоготуу менен барабар эле. Баарынын өз убагы келет. 43 жашка чыкканда Таркан мырза эркиндиги менен коштошууну чечкен бейм, 2016-жылы ал өзүнөн 14 жаш кичүү Пынар Дилек аттуу күйөрман кызына баш кошкон. Экөө ага чейин 5 жыл кыз-жигит статусунда жүргөн экен. Карт бойдоктун үйлөнүшүн олуттуу кабыл алгандар учурунда аз эле, “бат эле ажырашат” деп. 2018-жылы түгөйлөр кыздуу, 2020-жылы уулдуу болушкан.

Үй-бүлөсу тууралуу маалымат чыгарбайт. Жубайына соцтармактардан баракча ачууга да тыюу салган. Бош убактысында шаар четиндеги хан сарайында кармаган мал-жандыгын карап, бак-шак тигип, кадимки тиричилиги менен алек.

Бизнесмен. Өзү түптөгөн музыкалык лейблди башкарат. Андан сырткары аялдарга жана мырзаларга арналган парфюмдарды чыгарат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1234, 14-20-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан