КОЙ
(21.03–20.04)
Кой жылдызынын алдында төрөлгөндөрдү бул аптада түрдүү жана кызыктуу окуялар күтүп турат дешет жылдыздар. Маанайыңыз өзгөрмөлүү болот, бир туруп кубанып, бир туруп жөнү жок санаага батасыз. Өзүңүзгө жакпаган кабар угушуңуз мүмкүн. Бейшемби, жума күндөрү жумушуңуз оор болуп, чарчайсыз. Бирок ишемби, жекшемби күндөрү көптөн бери эңсеген жана эсте каларлык эс алуу күндөрү күтүп турат. Романтикалык жагымдуу сюрприз күтө берсеңиз болот.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Оптимизмди жоготпоңуз, ошондо гана алдыңыздан чыккан кыйынчылыктарды оңой жеңе аласыз. Аптанын биринчи жарымында жумушка тиешелүү түйшүктөр менен алек болосуз. Экинчи жарымында терең дем алып, жеке жашоого да көңүл бөлүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жумуш деп жүрүп жакындардын жашоосундагы жаңылыктарынан четте калганыңызды байкайсыз. Бул кемчиликтер бат эле жоюлат, анткени дем алыш күндөрү көптөгөн жагымдуу баарлашуулар орун алат.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Үй-бүлөгө толуктоолор кирүүгө, сүйүүгө бай мезгил эгиздер үчүн. Жакындарыңыздын бири үйлөнүп же турмушка чыгуусу мүмкүн же бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт. Жумушта да ийгиликтүү апта күтөт, айлыгыңыз жогорулап же кайсы бир иш үчүн сый акы алышыңыз мүмкүн. Кожойкелерди бул аптада кыям, компот жасоо сыяктуу кышкы камылгалар күтүп турат. Бир чыгынып жасап алсаңыз, кышы бою үй-бүлөңүздү витаминдер менен камсыздаган болосуз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Эс алыңыз. Бул апта бөйөн жылдызындагылар үчүн олуттуу иштерде көзгө көрүнөрлүк ийгилик алып келбейт. Андан көрө өзүңүзгө эс алууга уруксат бериңиз, көңүл ачыңыз, маселелерди чечүүнү кийинкиге жылдырыңыз. Дем алуу жарыялаганыңызга ден соолугуңуз да ыраазычылык айтат. Үйүңүзгө келген коноктор келип да, кетип да сүйүнтүшөт. Түгөйүңүз сиздеги өзгөрүүлөрдү байкап, эмне болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылат. Кимдир бирөөдөн жаңы жумушка чакыруу аласыз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Өткөн чакта кабыл алынган чечимдин натыйжасын ушул аптада көрө аласыз. Шаршемби күнү көптөн бери көрүшө элек досуңуз менен жолугуп кубанасыз. Бейшемби күнү эмнени пландабаңыз, баары акыркы мүнөттөрдө өзгөрө берет. Кайгырбаңыз, жума күнү кайрадан баары өз ордуна келмекчи. Эс алуу убактысы аяктап, жумушка кайтууга туура келет. Апта соңу шеринеге барышыңыз мүмкүн. Андан сырткары үй-чарба жумуштары менен алек болосуз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Аптада сизге келечектүү бизнес тууралуу сунуштар түшүшү мүмкүн. Сүйлөшүү учурунда колуңуздан келбеген нерсени да ишке ашырам деп сөз берүүдөн алыс болуңуз, ишенимден чыгып каласыз. Бул күндөрү сизди түгөнбөс энергия жана өзүңүзгө болгон ишеним коштоп жүрмөкчү. Үйдө көрүнгөнгө киришип, жакындарга сын тагуудан, майдачыл болуудан качыңыз. Апта соңунда жакын адамыңыз менен маданий чөйрөгө (кинотеатр, концерт, музей же башка) баш багууңуз мүмкүн.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Тараза жылдызындагыларды бул аптада жалкоолук “кишендейт”. Ордуңуздан туруп бир нерсе жасоого моюн жар бербей, баарын артка жылдырышыңыз мүмкүн. Андыктан бул аптаны активдүү иш-чараларга эмес, жан дүйнөнү азыктандыруучу иштерге арнаңыз, китеп окуу, музыка угуу, медитация жасоо, йога сыяктуу. Жаныңыздагылардын баарына эле ишенип сыр төгүүдөн алыс болуңуз. Колдо акча болсо банкка салбай, кыймылсыз мүлккө инвестиция жасоого аракет кылыңыз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Насыя, карыздарды кантип төлөйм деген суроо менен баш оорутушуңуз мүмкүн. Карызды жабам деп кайра карыз албаңыз. Андан көрө кошумча пайда булагын табууга аракет кылуу керек, сизге ылайыктуу кошумча жумуш тапса болот. Кыялдарыңыздын бири ишке ашып кубанасыз. Жакындар менен чогуу саякаттап келүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Жумушта сизге тиешелүү тапшырмалар чогулуп калышы мүмкүн, андыктан анан-эртең деп топтобой, дароо бүтүргөнгө аракет кылыңыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жеке жашоодо бир аз кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Бул кырдаалда “бардыгы – жакшылыкка” деп кол шилтеп кетүү туура чечим. Ал эми жумушта баары сонун, пайдалуу келишимдер түзүлүп, анда негизги каарман сиз болосуз. Карьералык тепкичтен көтөрүлүү, каржылык жактан пайда табуу күтүп турат. Достордун биринин жакшылыгына катышасыз. Жеген тамагыңызга катуу көзөмөл кылыңыз, антпесе ашыкча килограммдар маанайыңызды түшүрөт.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Айрым текечерлер чыңалган абалда болот. Ичтеги букту эч кимге айта албай, ичтен күрөшүү абалында кыйнала бересиз. Унчукпай жүрө берсеңиз ден соолукка зыяны тийиши мүмкүн. Андыктан сырдаш адамыңызга айтыңыз, тоого чыгып кыйкырып алыңыз, суу менен сырдашыңыз, айтор, ичте сактабаңыз. Жумушта эч кемчиликсиз иштейсиз, моюнга ашыкча жүк арткандан качыңыз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине тиешелүү жагымдуу жаңылык угуп кубанасыз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Аптада дүйшөмбү күн көңүлүңүзгө толбой калышы мүмкүн, калган күндөр ойдогудай өтөт. Жаңы баштаган ишиңиз, жаңы идеялар колдоо табышы ыктымал. Кыймылсыз мүлк: жер, үй сатуу операциялары менен алек болушуңуз күтүлөт. Шаршембиде кесиптештерге ашыкча эч нерсе айтпаңыз, болбосо ушак кептердин тарашына себепчи болуп каласыз. Түгөйүңүздүн энергиясын туура нукка буруу менен алек болосуз. Бойдоктор бул аптада сүйүктүүмдү табам деп убара болбой эле коюшса болот.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Көңүлүңүзгө туура келбеген нерселерге “жок” деп айтуудан коркпоңуз, өз чек араңызды коргой билиңиз. Жумушта кесиптештердин жардамы менен оор тапшырманы ойдогудай аткарып кубанасыздар. Жетекчилик тарабынан мактоо сөздөрү да жалпы жамааттын маанайын көтөрөт. Түгөйүңүздүн айрым сизге жакпаган “каприздерин” көтөрүп коюңуз, ал да сиздикине чыдап келе жатканын унутпоо керек. Дем алыш күндөрү кышка камылга көрүп, кыям же салат жасашыңыз мүмкүн.