Биз социалдык тармакта

АЙЛАНАДА СТРЕСС – ЖАН ДҮЙНӨДӨ ТЫНЧТЫК

Учурда “менде эч кандай стресс жок” деген адамды жолуктуруу чанда болуп калды окшойт. Стресс кайсы учурда жаралат – жан дүйнөдөгү баланс бузулганда, бейпилдик жоголгондо. Буга ички да, сырткы да көптөгөн факторлор себепчи. Айрымдар стресстен арылуу үчүн саякатка чыгышат, шопинг кылышат же башка ыкмаларды колдонушат. Бирок мунун баары убактылуу дешет психологдор. Стресстен арылуу үчүн ички бейпилдик, өзүң менен болгон гармония гана жардам берет. Ал гармонияга кантип жетүү керек?

 

Жан дүйнө тынчтыгы деген эмне?

Бул – адамдын ички абалындагы туруктуулук, бейпилдик. Бул туруктуулукка ээ адам жашоосунда кандай кырдаалга кезикпесин тунук акыл-эс менен ой жүгүртүп, эмоцияларын да көзөмөлдөй алат.

Эмнеге маанилүү?

Психологияда ички бейпилдик, жан дүйнө тынчтыгы эң маанилүү делген факторлордун бири. Анткени дал ушул фактордун аркасы менен адам көп жетишкендиктерге жетет же тескерисинче, “эмоционалдык сазга” батып кетет. Адамдын психикалык саламаттыгынын негизги өзөгү жана анын жашоо образынын көрсөткүчү болуп саналат. Туруктуу эмоционалдык абалда адам алдында турган милдеттерди натыйжалуу аткарат, импульсивдүү иш-аракеттерге жол бербейт, жашоосу гармонияда уланат. Ал эми ички дүйнөсүндө “будуң-чаң” болуп турган адамдарда:

- Өнөкөт стресс;

- Дайыма тынчсыздануу абалы;

- Психосоматикалык оорулар;

- Эмоционалдык “күйүп кетүү”, “өчүү”, баарына кайдыгерлик абалы жаралат.

 

Жан дүйнөнүн абалына таасир этчү факторлор

Физиологиялык – уйкунун сапаты, тамактануу, физикалык активдүүлүк жана ден соолуктун абалы. Булар нерв системинин функцияларына, энергиянын деңгээлине жана эмоционалдык туруктуулукка түздөн-түз таасир этишет. 

Психологиялык – стресс, негативдүү ойлор, чечилбей турган конфликттер, психологиялык жаракатка алып келген окуялар жана башка. Булар адамдын эмоционалдык фонун түзөт, өзүнө кандай баа бере турганын аныктайт.

Социалдык – адамдар менен түзгөн мамилелердин сапаты, иш чөйрөсү, достор чөйрөсү жана башкалар.  Бул факторлор адамдын ички коопсуздук сезиминин деңгээлин аныктайт, колдоого ээ же жалгыздыгын билдирет.

Маалыматтык – алган маалыматтардын көптүгү, социалдык тармактар, негативдүү контенттердин ашыкча болушу. Бул учурда тынчсыздануу, көңүл буруунун жоктугу, эмоционалдык баланстын бузулушу байкалат.

 

Жан дүйнө тынчтыгына жетүү ыкмалары

1. Бүгүнкү күн менен жаша

Адамдар өткөн чагын же өзгөчө келечегин ойлонуу, алдын ала кайгыруу, санааркоо менен күн көрүп жатканын өздөрү да байкабай калышат. Бир күнү караса эле карылык келип, күндөрү кантип өткөнүн эстей да албай калат. Ошондо өкүнүү жаралат “ошондо мээм болсо минтсем болмок экен” деген. Андыктан “кечээки күн өттү, эртеңки күндү көрөрүм белгисиз, демек, бүгүнкү күндү ойдогудай өткөрүшүм керек” деген принцип менен жашаңыз. Жашаганда кандай, кийин өкүнбөгөндөй болуңуз, баргыңыз келген жерге барып алыңыз, жүрөгүңүз каалап турган нерсени кийинкиге жылдырбай алыңыз, жакындар менен сүйлөшүңүз, конокко барыңыз, аларды чакырыңыз, колдон келсе жардам колун сунуңуз. Эртеңки күн келгенде кайрадан акыркы күндөй жыргап жашаңыз, кийинки күнү дагы... ошондо сизде өкүнүү болбойт.

2. Көп күл

Көчөдө кабагын түйүп жүргөн адамдарды көрсөң “бир олуттуу маселеси бар окшойт” деп, ал эми күлүп-жайнап жүргөндү көрсөң өзүңдүн жүзүңө да жылмаюу келип, “мынча бактылуу” деген ойго жетеленесиң. Күлгөнгө себеп тапкан адам чынында эле бактылуу болорун билет белеңиз? Күлүп жыргап жатканда “бактылуулук” гормондору бөлүнүп чыгат да, адам өзүн бактылуу сезет. Бактылуу сезген адамдын ички абалы да жакшырат, эмоциялары турукташат.

Ката кетирип алсаң чү дегенде эле өзүңдү же башкаларды күнөөлөп, кемсинтүүгө өтпө. Ката кетти, бул өткөн чак деп бил. Учур чакта аны чечүү жолдорун ойлон, позитив менен карасаң оңоюраак чечилгендей сезилет. Жашоо образыңда майда-чүйдөгө кубана бил, көп күл, азыр ушул макаланы окуп жатсаң да жылмайып кой, жылмайган сага жарашат.

3. Соцтармактан детокс

Социалдык тармактар – адамдын өзүнө көңүл буруусунан алаксытуучу негизги фактор. Анан да өз жашоосун башкалардыкына салыштырууга ыңгайлуу платформа. Эртең менен тургандан телефон колдо болгондо нерв системи көз менен көргөн маалыматтарды: башкалардын жашоосун, алардын кубанычын-кайгысын анализдеп баштайт. Маалыматтын көптүгүнөн көз чачырайт, мээге күч келет, ашыкча иштейт. Ал эми адамдын өзү арткы планда калат. Бул учурда жан дүйнө тынчтыгы унутулат, адам өзүн жоготуп коёт. Маалыматтык-технологиялык дүйнөдө гаджетсиз жашоону элестетүү кыйын. Ошентсе да адам өзүн көзөмөлдөш керек. Маал-маалы менен телефон детоксун кылып туруңуз, аптасына бир күн такыр телефон кармабаңыз. Эртең менен эрте жана уктаар алдында телефон кармабаган тартип киргизиңиз. Анын ордуна гимнастика, жай отуруп кофе же сүт ичүү, буту-колго массаж жасоо, ванна кылуу, бетке кам көрүү сыяктуу пайдалуу иш-аракеттер менен алек болуу керек. Өзүнө кам көргөн, таңын жай отуруп өз жашоосун иретке келтирүү менен баштаган адамдын көңүлү жай болот, өзүнө болгон баасы да жогорулайт.

4. Тынчтык биринчи орунда эмес

Айрымдар жан дүйнө тынчтыгына жетүү үчүн айланада тынчтык болушу керек деп ойлошот. Өзгөчө декретте отурган, балдарынын ызы-чуусунан тажаган ата-энелер ошентип ойлошу мүмкүн. Бирок бул туура эмес. Ички гармонияга жетүүдө тынчтык биринчи орунда эмес. Айланада канчалык ызы-чуулуу атмосфера болбосун, ар бир адам өз тынчтыгын таба алат. Дем алыңыз, терең-терең... анан демди чыгарыңыз, кайра кайталаңыз. Көздү жумуп сизди тынчтандыруучу нерсени элестетиңиз, суунун жээги, шарп-шарп эткен толкун үнү, апаңыздын үнү, тоодогу бийиктик, жакшы көргөн тамагыңыз же башка... Бул учурда кадимкидей тынчтанып каласыз. Такыр болбой баратса контрасттык душка түшүңүз. Кыйынчылыктын баары утурумдук экенин унутпаңыз, жардам сураңыз, кээде бийиктикке жетүү үчүн алгач кыйынчылыктан өтүүгө туура келет. 

5. Ыраазычылык

Ыраазычылык практикасы канчалык эффективдүү экенин баштабагандар билбейт. Көздү ачар менен Жаратканга ыраазычылык айтуу менен күнүңүздү баштаңыз. Ойгонгонуңузга, дем алып жатканыңызга, тамак жей ала турган абалыңызга, кийимиңиз бүтүн экенине, басуу мүмкүнчүлүгү бар экенине, болбой калган нерсеге да... Алгач эмнеге ыраазы болгонуңузду баракка жазсаңыз болот, карасаңыз, тизменин саны күндөн күнгө көбөйө берет. Маселеге караганда жашооңузда канчалык көп жакшы нерсе бар экенин байкайсыз.

6. Өзүңүзгө кам көрүңүз

Гигиенаны сактап, дайыма таза, тыкан жүрүүгө аракет кылыңыз, туура тамактануу, эрте жатып, эрте туруу, спорт менен машыгуу, йога, медитация жана башка. Башкалардын сага кам көрүүсүн күтпө, өзүңө өзүң кам көр. Физиологиялык жактан бекем адамдын организми негативдүү психологиялык факторлор менен күрөшүүгө туруктуу келет.

7. Эч кимден эч нерсе күтпө

Сага эч ким милдеттүү эмес, ата-энең, бир тууган, досторуң да. Сен да эч кимге милдеттүү эмессиң. Эч кимден эч нерсе күтпөй, жардам берип калабы деп үмүт этпей, жашоодогу кыйынчылыктарга эч кимди күнөөлөбөй жашоо керек. Ошондо өзүң да жеңилдеп каласың.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1235, 21-27-август, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан