Ырчы, блогер жана ишкер Анжелика Кайратованын кызы Элима 16 жашында эле өз жолун тандап, модель катары ийгилик жарата баштады. “Атактуу апанын кызы болуу – сыймык жана чоң жоопкерчилик” дейт ал. Элима дүйнөлүк подиумда өзүнүн кыялы, мүнөзү жана көз карашы менен таанылууга умтулат. Жаш моделдин жан дүйнөсүндө мода, атактан да маанилүү болгон кыялдар жана келечекке болгон чоң максаттар бар.
– Салам, Элима! Модель катары тааныла баштадың, бул сенин чыныгы каалооң беле же бактылуу кокустукпу?
– Саламатсызбы. Кичине кезимде эле апамдын шиш такаларын, көйнөктөрүн кийип күзгүнүн алдында турганды жакшы көрчүмүн. Негизи эле биздин балалыгыбыз камера алдында өттү десем болот, апам бизди сүрөткө тартып, соцтармактагы баракчасына чыгарып турчу. Андыктан камера алдында болуу жашоомдо бүгүн гана пайда болгон нерсе эмес деп ойлойм. Менин кичинекей кезимди бардыгы эле билет болуш керек (күлүп). Бир аз ашыкча салмак бар эле, эми ал кичине кезинде баарында эле болот эмеспи. Ошол үчүн мага да, апама да “модель болот” деген ой келген эмес. Бирок Жараткандын өзүнүн планы бар экен, буга аябай кубанам. 14 жашымда биринчи жолу Замира Молдошеванын мода көргөзмөсүндө модель катары чыктым.
– Туура басуу, өз стилиңди табуу, айтор, бул тармактын сырларын үйрөнүү үчүн бир жерден окудуңбу?
– Эч жерден окуган жокмун, бүт баарын үйдөн эле күзгүдөн карап алып өзүм үйрөндүм. Көз карашымды, басканды, стилимди, мимика, айтор, ар бирин ойлонуп отуруп курап чыккам. Моделдик мектептерге такыр барган жокмун, ар бир мода көргөзмөсү мага чоң тажрыйба болуп, топтолуп отурду. Башында боюм 1 метр 77 сантиметр болчу, акыркы эки жылда өзгөрдүм. Анткени өзүмдүн үстүмдөн аябай иштейм. Кээ бирөө чарчап, тажап таштап коюшу мүмкүн, бирок мен өжөрмүн десем болот.
– Мисалы, өзүңдүн үстүңдөн кантип иштейсиң?
– Биздин моделдик агенттик биздин тамак-ашыбыз, салмагыбыз менен көп деле иштешпейт. Бирок модель болгусу келген адам өзүнүн үстүнөн аябай иштеши зарыл. Күнүгө канча калория жедим, кандай өзгөрүүлөр болуп жатат дегендерди дыкат текшерип туруш керек. Муну мага эч ким кыл дебейт, бирок мен Кыргызстанда эле эмес, келечекте Европага чыга турган модель болууну максат кылам. Ошондуктан аракет жасайм.
– Демек, подиумда жүрүү сенин башкы максатың экен да?
– Мага аябай жагат. Эсимде, биринчи жолу подиумга чыгарда жүрөгүм дүкүлдөп абдан толкундангам. Жанымдагылар кантип басышым керек экенин түшүндүрүп берип жатышат, мен аны такыр укпайм десеңиз (күлүп). Көзүмдү жумуп алып ичимден Кудайга жалынып, “жакшы басып өтүп кетсем экен, кулап кетпесем экен” деп тиленип жаттым. Ошондон бери подиумга чыгарда өзүмдү Кудайга тапшырам. Ошондо толкундоом азайып, баары ийгиликтүү өтөт.
– Быйыл мектепте 9-классты аяктап, окуу жайга тапшырдың. Кайсы кесипти тандадың?
– Кесип тандоо абдан маанилүү, апам экөөбүз кеңешип, мыкты колледж тандадык. Маркетинг жагында окуй турган болдум. Негизи чыгармачылыкка жакынмын. Сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк сыяктуу ийримдерди жакшы көрөм. Маркетинг да мен кызыккан тармактардын бири.
– Жакында Миланга бардың, кандай таасир калтырды ал жак?
– Сонун болду, бул саякат көп жылдар бою эсимде калат болуш керек. Туулган күнүмө карата апам мага сюрприз жасады. Көптөн бери кыялданып жүргөм, туулган күнүм Парижде өттү. Париж, Венеция, Милан... Керемет эс алдык. Милан мода борбору эмеспи, ал жактан күтүүсүз окуялар көп болду. Бирин айта кетсем, апам экөөбүз бир кийим дүкөнүндө жүргөнбүз. Мен күзгүнү карап турсам бир киши басып келип таанышып калды. Англис тилинде кайрылып, менин келбетим жакканын айтып “фотосессия кылалы” деди. Кыргызстандык экенимди билгенде орусча сүйлөп кирди (күлүп). Көрсө, ал Алекс деген фотограф экен. Ума Турман, Жессика Альба сыяктуу жылдыздарды, моделдерди сүрөткө тарткан экен. Апам менен сүйлөшүп, макул болуп фотосессияга даярданып калдык. Мени байкап өзү келгенине ачыгын айтсам, кубандым, сыймыктандым. Силердин гезитке чыга турган сүрөттөр ошол автордун эмгеги.
– Көпчүлүк арасынан байкала турган бой-келбетиң бар экен. Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
– Сулуулук ар кимдин табитине ылайык нерсе деп ойлойм. Кастингдерде мага “жүзүң өзгөчө” деп көп айтышат. Мен да өзгөчө экенин сезем, бирок “баарынан сулуумун” деген текеберликтен алысмын. Сүрөттөрдө жүзүм олуттуу көрүнгөндүктөн мени сүрдүү деп ойлошот. Ал эми жакындан билгенде “сен аябай шайыр-шатман кыз турбайсыңбы” деп жактырып калышат. Мен өзүм адамдардын ички сулуулугуна көбүрөөк маани берем.
– Келечекте ырчы же актриса болушуңуз мүмкүнбү?
– Эжем Айыма экөөбүз тең кичинебизде вокалдан сабак алып машыкканбыз. Бийлеп да жүргөм. Топ да түзүлүп, ырдап жүрдүк. Актриса катары да өзүмдү сынап көргүм келет. Айыма, мен, сиңдим Айлин, баарыбызда вокалдык даярдык бар.
– Эже-сиңди катары Айыма экөөңдүн мамилеңер кандай?
– Кичине кезибизде бир аз чатакташып кетчүбүз. Косметика, кийимдерибизден улам... Мындай нерсе баарында эле болот болуш керек. Кийин Айыманы жакшыраак түшүнө баштадым. Апам жокто бардык жоопкерчилик анда болгон үчүн бизди катуу көзөмөлдөй турганын билип калдым. Азыр ага бардык жактан баш ийем, кээде коркуп да турам (күлүп). Ал апама аябай окшошуп бара жатат.
– Атактуу ырчынын кызы болгон кандай?
– Ооба, апам бизди кичинебизден кимдин кызы экенибизди билдирип тарбиялады. Мисалы, бардык жерде биз биринчи болуп учурашабыз, өзүбүздү тартиптүү алып жүрөбүз. Анткени өзүбүзгө эмес, апама сөз тийип калбасын деп этияттайбыз. Менимче, бул сыймык дагы, чоң жоопкерчилик дагы.
– Өзүңдүн мүнөзүңдү өзүң кантип сыпаттайт элең?
– Элге жакынмын, күлүп-жайнап баары менен сүйлөшүп жүрө берем. Айыма бир аз жалгыздыкты жакшы көрөт, уялчаак десем да болот. Апам экөөнүн маанайы тез-тез алмашып турат, кээде курсагы ачып кетсе деле чарт-чурт деп кетиши мүмкүн. Мен чыдамкаймын, көп жерден сабырдуумун.
– Келечекке кандай пландарың бар?
– Бардык моделдер кыялдангандай, мен да дүйнөнү багындыргым келет. Европанын көчөлөрүндө билборддо менин сүрөттөрүм турса деп кыялданам. Миланда жашагым келет, ал жактан модель катары такшалсам дейм... Өзүмдүн стилимди тапсам, Louis Vuitton, Gucci сыяктуу дүйнөлүк бренддер менен кызматташсам деген тилегим бар.
– Маек үчүн рахмат, тилегиңе жет! Буюрса, дүйнөлүк подиумдардан көрөлү.
Мээрим Дербишалыева