(Башы өткөн сандарда)
Мен Алинин алдына отуруп, көпкө чейин бир сөз айта албай турдум.
– Мен балабызды сактап кала алган жокмун… Эне катары эң чоң милдетимди аткара албай калдым. Аны кучагыма кыскан бойдон, «балам, коркпо» деп сооротуп жаттым. Бирок ичимден өзүм коркуп жаттым… Мен жалгыз калдым, Али. Сен жокто баары менин моюнумда болду. Уулубуз үчүн күрөштүм. Бирок тагдыр бизди аяган жок. Билесиңби, Али… эненин баласынан айрылышы кандай экенин? Анын кийимдерин көргөн сайын жүрөгүм тилинет. Үнүн уккандай болом. Мени күнөөлөбөчү… Мен ансыз деле өзүмдү күн сайын күнөөлөп жашап жатам. «Эгер ошол күнү башкача кылсамчы? Эгер дагы бир аз аракет кылсамчы?» деп өзүмдү жеп бүттүм…
Али үн каткан жок. Мени жөн гана бооруна кыса берди. Анын көз жашы менин колдорума тамды. Ысык жаштар эле. Жаштар менин күнөөмдү ого бетер оорлотуп, жүрөгүмдү күйгүзүп жатты. Жашап жаттык, жашоо оор эле. Али бирок өз эмгеги менен акырындап бутуна туруп келе жатты. Мен да колумдан келгендей жардам берип жаттым. Тырмалап жатып ушу жерден жел тилкесин сатып алдык. Болгону биздин жарабыз айыкпай жатты. Уулубуздан айрылгандан кийин Али экөөбүздүн жашообуз мурункудай болгон жок. Экөөбүз бири-бирибизди сүйчүбүз, бирок кайгы ортобузга дубал болуп туруп алды. Сүйлөшөлү десек, айланып келип балабызга токтолчу. Кийин баарлашуудан да коркуп калдык. Ичибизде күнөөлүү сезимдер көп эле. Кээде мен аны күнөөлөчүмүн. “Эгер сен жанымда болгондо, балабызды жоготмок эмеспиз” дейт элем жаным ачыганда. Ал унчукпай калчу. Кээде анын ачуусу келип “сен өзүң эмне кылдың? Балабызды сен карап жаткансың го” дечү. Ошол сөздөр жүрөгүмдү тилип кетчү. Экөөбүздүн ортобузда күнөө, өкүнүч, ыза көбөйдү. Бир үйдө жашап, бири-бирибизден алыстап кеттик. Кээде Али экөөбүз унчукпай отуруп калчубуз. Кайгы экөөбүздүн тең жүрөгүбүздө тирүү болчу. Биз бири-бирибизди күнөөлөгөнүбүз менен, чындыгында экөөбүз тең өзүбүздү күнөөлөп жашап келген экенбиз.Кээде ажырашып кетким келчү. Бирок ортобузда чоң сүйүү бар эле. Биз балдар үйүнөн бери бири-бирибизди эш кылган эки бечара жаралуу адамдар элек. Кете албайт элек. Бирок мурункудай бириге да албайт элек.
Арадан төрт жыл өттү. Бир күнү өзүмдү адаттан тыш сезип жүрдүм. Алсырап, жүрөгүм айланып, тамакка табитим өзгөрдү. Башында маани берген жокмун. Бирок ичимдеги күмөн күчөп, кош бойлуулукка тест жасадым. Натыйжасын көргөндө колум калчылдап кетти. Эки сызык…
– Жок… Бул чынбы?..- дедим өзүмө.
Колумду курсагыма коюп, көпкө чейин үнсүз отурдум. Төрт жылдан бери жүрөгүмдө өлбөй турган жара бар эле. Эми ошол жаранын ичинен кичинекей бир үмүт пайда болгонун түшүндүм.
Алиге айтуудан корктум. Ал кандай кабыл аларын билбедим.
Кечинде Али жумушка барганда үнүмдү араң чыгардым.
– Али…
– Эмне болду?
– Менин боюмда болуп калыптыр.
Ал бир саамга унчукпай калды. Мен анын жүзүнө карап, көз жашымды төктүм.
– Бул жолу… балабызды сактап калалычы, Али. Өткөндөгүдөй бири-бирибизди күнөөлөбөйлү. Мен дагы бир балабыздан айрылууга чыдай албайм.
Али мага жакындап, бооруна кысты. Экөөбүз тең ыйлап жаттык. Бул бала биз жоготкон уулубуздун ордун басмак эмес. Бирок ал төрт жыл бою жараланган жүрөгүбүзгө кайрадан үмүт алып келген кичинекей керемет эле. Менин кош бойлуулугум оор өттү. Денемдеги оордуктан да, жүрөгүмдөгү оордук көбүрөөк эле. Курсагым чоңойгон сайын төрт жыл мурун жоготкон уулум эсиме улам-улам түшчү. Аны унутууга аракет кылсам да, эне жүрөгү унута албайт экен. Кээде түн ичинде ойгонуп кетип, курсагымды кармап ыйлачумун. “Балам, сен да мени таштап кетпейсиңби?” деп ичимдеги наристеге сүйлөчүмүн. Ошол эле учурда өзүмдү күнөөлүү сезчүмүн. Анткени курсагымдагы баланы сүйүп жатып, жоготкон уулумду унутуп койгондой сезимде болчумун. «Мен биринчи баламды унутуп бара жатамбы?» деген ой жанымды кыйначу. Андыктан энеликтин да даамын тата албай жаттым. Ичимдеги баланы жоготуп алуудан коркчу элем. Баланын кыймылы бир аз басаңдаса эле коркуп, көзүмө жаш толчу.
– Али, баламдан айрылып калсамчы?..- деп күйөөмө кайра-кайра айтчумун.
– Бул жолу андай болбойт. Мен сени да, балабызды да жалгыз калтырбайм,- дечү ал.
Бирок менин коркунучумду сөз менен басуу мүмкүн эмес эле. Курсагымдагы наристе кыймылдаганда колумду акырын курсагыма коюп:
– Сен менин үмүтүмсүң… Бирок сен үчүн ага болгон сүйүүмдү эч качан өчүрбөйм. Менин биринчи балам да жүрөгүмдө түбөлүк жашайт,- деп шыбыраар элем.
Ошентип, менин тогуз айым кубаныч менен коркунучтун ортосунда өттү. Бир жагымда жаңы жашоонун үмүтү болсо, экинчи жагымда эч качан бүтпөгөн эненин кайгысы бар эле
Тогуз ай бою жүрөгүмдө коркунуч менен жашадым. Ар бир күн сайын «балам аман төрөлсө экен» деп тилендим. Төрөт жакындаган сайын төрт жыл мурунку кайгым кайра жанданып, жүрөгүмдү кысып турду. Акыры төрөт күнү келди. Толгоо күчөгөн сайын көз алдыма жоготкон уулум тартылды. «Бул жолу баламды кучагыма аман алайынчы» деп ичимден кайра-кайра кайталадым. Андан кийин…
Наристенин ыйлаган үнү угулду. Ошол үн менен кошо менин жүрөгүм да кайрадан согуп кеткендей болду. “Балам” дедим көз жашымды токтото албай.
Аны кучагыма бергенде төрт жылдан бери ичимде катып турган кайгы менен коркуу аралашып кетти. Али да баланы көргөндө көзүнө жаш алды. Экөөбүз көпкө чейин унчукпай, бири-бирибизди карап турдук. Биз бул баланы жоготкон уулубуздун ордуна келген бала катары эмес, жашоого кайрадан берген белек катары кабыл алдык. Али колумду кармап турду да, айтты.
– Айым, эми жашайбыз… Балабыз үчүн жашайбыз,- деди.
Мен башымды ийкеп, наристемди кучагыма бекем кыстым. Төрт жылдан бери биринчи жолу жүрөгүмдө өлүм эмес, жашоо жөнүндө ой пайда болду.
Таң кала турган нерсе, кичүү уулубуз Элдар биринчи уулубуздун көчүрмөсү эле. Мен анын жүзүн карап, ишене албай кетчү элем.
Көздөрү… кашы… кичинекей мурду… Алтургай уктап жаткандагы каштарынын кыймылдашы да жоготкон уулума окшош эле. Али да муну байкады.
– Али, карачы. Биздин биринчи балабызга аябай окшош.
– Ооба…- деди ал араң. – Кудум өзү…
Мен баламды көкүрөгүмө бекем кыстым.
– Мен сени төрт жыл күттүмбү?..- деп шыбырадым.
Ошол учурда жүрөгүмдө бир нече сезим бир убакта ойгонду. Кубаныч, коркунуч, сагыныч… Мен жоготкон баламды кайра тапкандай болдум. Бирок ошол эле учурда бул башка наристе экенин да билчүмүн. Анын жүзү биринчи уулума окшош болгону менен, мен аны эч качан анын ордуна коюуга болбостугун түшүндүм.
– Сен анын ордун басыш үчүн келген жоксуң, балам. Сен өзүңдүн тагдырың менен келдиң.
Ошол күндөн тартып бул бала биздин үйгө жөн гана наристе эмес, төрт жыл бою өчпөгөн кайгыбыздын арасынан жанган үмүт болуп кирди.
Жашообуз эл катары эле, Али оор жумуштарды кылып журуп ооруп калды. Элдар 14 жашка чыкканда ал биз менен кош айтышты. Алиден айрылуу мен үчүн экинчи жолу дүйнөмдүн урашы болду. Биз чогуу көп нерсени баштан өткөрдүк. Уулубуздан айрылдык. Бири-бирибизди күнөөлөдүк. Ачууландык, ыйладык, кайра жараштык. Төрт жылдан кийин кайрадан ата-эне болуп, жашоого үмүт арттык. Мен Али экөөбүз эми карыганга чейин бирге болобуз деп ойлочумун. Бирок тагдыр башкача чечти. Али көз алдымда акыркы демин чыгарганда, анын колун бекем кармап турдум.
– Али, мени таштаба.
– Айымым, балабызды сакта!
Ошол сөз анын акыркы сөзү болду. Ошол түнү мен жашоомдогу жалгыз сүйүүм менен да коштоштум. Мурун баламдан айрылганда да ушундай боштук сезилген. Эми Али да жок. Менин жашоомдо эки чоң жоготуу калды...
(Уландысы кийинки санда)